Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

БШК убактылуу каттоого тургандардын көбөйүшүн талкуулайт


Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жергиликтүү шайлоону өткөрүү маселесин жана шайлоо алдында айрым шаарларда убактылуу каттоого турган жарандар кескин көбөйгөнүн талкуулайт.

Жумушчу жыйын 12-февралда саат 15:00дө болорун «Азаттыкка» БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Жыйынга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), прокуратуранын жана башка органдарын өкүлдөрү да катышат.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт.

Ушул күндөрү Ош, Каракол, Токмок шаарларына миңдеген жарандар убактылуу каттоого туруп жатат. Мамлекеттик каттоо кызматы мында эч кандай мыйзам бузуу жок экенин билдирген.

БШКнын мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатканын айтып, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын куруу боюнча демилге көтөргөн. (SE)

XS
SM
MD
LG