Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:29

Токмоктогу коркутуу коштогон шайлоо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Түндүк электр» мамлекеттик компаниясынын Токмок шаардык электр сатуу бөлүмүнүн башчысы Улан Мукаев коопсуздугун камсыз кылып берүү өтүнүчү менен президентке кайрылды.

Токмок шаардык электр сатуу бөлүмүнүн башчысы Улан Мукаевди 5-мартта жумуштан күч менен алып чыгып, «Биримдик» партиясынын жергиликтүү штабына алып барып, ага карата коркутуп-үркүтүү жана күч колдонуу болгону тууралуу видео кайрылуу Интернетке тарады.

«Фейсбук» социалдык тармагындагы «Беспредел KG» баракчасына жүктөлгөн тасмада Токмок шаардык электр сатуу бөлүмүнүн башчысы Улан Мукаев аттуу жаран аны жумуш учурунда автоунаага күч менен салып кетип, «Биримдик» партиясынын жергиликтүү штабына алып барып, жергиликтүү кеңештин Тынай Жансейитов деген депутаты ага ыдык көрсөткөнүн айткан. Интернет сайттарда анын жаракат алган сүрөтү кошо жарыяланды.

Кеңседе электр жарыгын өчүрүп, аны токмоктогон тарап Улан Мукаевди кызматтан кетүүгө мажбурлап, арыз жазууга аргасыз кылганы тасмада белгиленген. Улан Мукаев тасмада анын жеке өзүнүн жана анын үй-бүлөсүнүн коопсуздугу коркунучта экенин айтып, кайрылуу тараткан:

«Токмок шаарынын мэринин бир тууган иниси Замирбек Амангелдиев белгисиз бирөө менен келип, мени «Биримдик» партиясынын штабына алып барышты. Токмок шаардык «Суу канал» чарбасынын башчысы Шабдан Жансейитов чөнтөктөрүмдү аңтарып, телефонумду тартып алды. Шаардык кеңештин төрагасы Тилек Солтобаев жана башка адамдар бар болчу. Анан кирип барган эле жергиликтүү кеңештин депутаты Тынай Жансейитов мени сөгүп, ар кандай жаман сөздөрдү айтып, «Токмоктон жоготом» деп коркутуп, сабай баштады. «Арызыңды жазып бер» деди. Коркутуп-үркүтүүгө байланыштуу мен аларга арыз жазып берүүгө аргасыз болдум. Тынай Жансейитов, анан Токмок шаардык РЭСтин башчысы Айбек Тентиевге чалып, аны чакырып, «арызды алып, кадрлар бөлүмүнө өткөрүп кой» деди».

Токмок шаарынын мэри жана шаардык кеңештин депутаты Тынай Жансейитов менен байланышып, бул окуя тууралуу алардан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. «Азаттык» алардын пикирин угуш үчүн да микрофон сунууга даяр.

Токмок шаардык электр сатуу бөлүмүнүн башчысы Улан Мукаевдин арызын жергиликтүү милиция Бирдиктүү реестрге каттап, «Бейбаштык» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иши ачылганы жарыяланды. Бирок ички иштер органдары бул чатактын жергиликтүү кеңештин шайлоосуна байланышы бар-жогун аныктай элек.

«Биримдик» саясий партиясы анын айланасында Токмок шаардык кеңешине шайлоонун алдында партияга карата каралоо жүргөнү жана жергиликтүү электр берүү мекемесинин башчысынын видео кайрылуусу чындыкка коошпой турганы боюнча билдирүү таратты. «Биримдик» партиясына КСДПнын өзөгүн түзгөн он чакты депутат кошулганы жакында жарыяланган.

«Биримдик» саясий партиясына мүчө болуп киргенин ырастаган КСДП фракциясынан депутат Азамат Арапбаев Токмоктогу чатактан кабары жоктугун, эми анын шайлоого байланыштуу чын-төгүнүн милиция аныктап чыгууга тийиш экенин айтты:

Азамат Арапбаев.
Азамат Арапбаев.

«Токмоктогу ал балдарды билбейт экемин. «Бул окуя болгон же болгон эмес» деп бир жактуу айтуу туура эмес болуп калат. Мен деле интернет-сайттардан окуган маалыматым боюнча муну ички иштер органдары териштирип жаткан экен. Ошол жактан иликтеп чыгып, бул окуяда кимдер айыптуу же айыптуу эмес экенин териштирип чыгарып, милиция ошого жараша баа берсе керек. Ошто мындай окуя болгон эмес. Токмоктогу окуя чын болуп чыкса, анда ал туура эмес. Бирок анын чынбы же жалганбы, анысы азырынча күмөн».

Ошол эле кезде аталган эки партиянын Токмоктогу жергиликтүү шайлоо штабдары менен байланышып, Интернетте тараган тасма боюнча алардын пикирин билүүгө мүмкүн болгон жок. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова Ош менен Токмоктогу жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата жергиликтүү муниципалдык кызматкерлерден аларга басым көрсөткөн аракеттер тууралуу кайрылгандар бар экенин белгиледи.

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Атыр Абдрахматова милиция алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо күч колдонууга жана басым көрсөтүүгө жол бербей, коомдук коопсуздукту камсыз кылышы зарыл экенин билдирди:

«Интернет аркылуу бизге арыздангандар көп болуп жатат. Айрыкча муниципалдык кызматкерлер же энергетиктер даттанышат. Анткени алар эл менен түз иштешкендиктен, аларга карата партиялардан ар кандай басым көрсөтүлүп жатканы боюнча маалыматтар түшүп жатат. «Мен өзү мындай партияны колдойт элем, бирок мага коркутуу болгондуктан аны азыр айтып бере албайм» деген сөздөр болуп жатат. Коркутуу болуп жатканы анык эле байкалууда. Ошого ички иштер органдары жол бербеши керек эле. Ички иштер министрлиги уюшкан топторго туруштук берип, аларды шайлоого аралаштырбашы жана аларга каршы турушу үчүн бизде мыйзамдык талаптар жетиштүү. Муниципалдык кызматкерлерге же энергетиктерге басым жасап, бирок алар айтканга көнбөй койгон шартта Улан Мукаев сыяктуу аларды жумуштан кетирүүгө мажбурлаган учурлар бар. Минтип отурса «жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюшкан топтор эле өткөрүп койчудай» деген пикир калыптанып калышы мүмкүн».

Быйыл 12-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөнү жаткан Ош, Токмок жана Каракол шаарларында сырттан келген жарандарды жапырт каттоого коюп жаткан жагдай тууралуу маселе көтөрүлүп, бул боюнча териштирүү иштери башталган болчу.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо саясий партиялар ортосунда атаандаштык күчөп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү ага кийлигишкен учурлар мындан мурун дагы катталган жайы бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG