Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 21-февраль, 2020 Бишкек убактысы 17:40

«Биримдик» шайлоо камылгасын баштады


Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын айрым депутаттары «Биримдик» партиясы менен шайлоого бармак болду.

Бул маалыматты саясий айдыңга жаңыдан кошулуп жаткан партиянын жетекчилери - парламент депутаттары ырасташты. Буга чейин эле азыркы бийликке ыктаган саясатчылар «Биримдик» партиясын түзүп жатканы кабарланып келген. Жаңы партиянын дымагы кандай, анын катарында кимдер бар?

Жаңы партиянын дымагы

Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү Айнуру Алтыбаеванын айтымында, «Биримдик» партиясын ал бир канча адам менен кошо 2000-жылдары негиздеген.

2010-жылы бул партиянын мүчөлөрү Феликс Кулов жетектеген «Ар-Намыс» партиясы менен парламенттик шайлоого барса, 2014-жылы «Биримдиктин» катарына Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Карганбек Самаков кошулган экен. Алтыбаева быйыл күзүндө өтчү парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясынын атынан катышуу ниети бар экенин айтты:

- Парламенттик шайлоого баралы деп жатабыз. Азыр биздин партияга кошулуу ниетин эч ким билдире элек.

Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

Эл арасында былтыртан бери эле «Биримдик» партиясына бийликке жакын адамдар топтолуп жатканы айтылып келген. Интернетте «бул партияны шайлоого президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков баштап барат» деген маалыматтар да болгон.

- Парламентте 120 депутат бар. Ар бир депутат кайсы партияга кошуларын өзү чечет. Анын ичинен Асылбек Жээнбековдун да өз эрки. Ар кандай болушу мүмкүн. Балким бизге кошулушу мүмкүн. Бирок мен так жооп бере албайм. Бул суроону мага эмес, өзүнө бериш керек, - деди «Биримдик» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири экенин айткан парламент депутаты Айнура Алтыбаева.

Юстиция министрлигинин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, «Биримдик» партиясынын төрагасы - Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын дагы бир депутаты Марат Аманкулов. Ал партиянын шайлоого баруу ниети болгону менен шайлоонун алдын-ала тизмеси түзүлө элек экенин белгиледи:

- «Партияны жетектеп бер» деп суранышты. Мен макул болдум. Шайлоого барабыз. Бирок азырынча тизме түзүлө элек. Керек болсо, тизмени түзүү боюнча талкуу да боло элек.

«Биримдиктин» катарына КСДПнын дагы бир депутаты, вице-спикер Аида Касымалиеванын кошулганы тууралуу маалымат болгон. Бирок аны Касымалиева өзү тактаган жок.

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

- Мен да Интернеттен окуп калдым. Блогерлер жазып чыгышыптыр. Алар кайдан угуп жазышканын билбейм. «Жеке булактардан алдык» дешти. Бирок бул такталбаган маалымат. Азыр Жогорку Кеңеште «Биримдик» партиясы жана анын тизмеси тууралуу сөз жок. Ал эми жеке өзүм тууралуу айтсам, чоң партиялар менен сүйлөшүүлөр болгон. «Биз менен барсаң болот» деген сунуштар болгон. Бирок мен аны конкреттүү сунуш деп айта албайм.

«Биримдиктин» колдоочулары ким?

Саясат талдоочу Чолпонбек Сыдыкбаев бул партиянын артында Алтыбаева менен Аманкуловдон башка күчтөр бар деп эсептейт.

- Булардын артында дагы башка күчтөр бар. Шайлоо жакындаганда көмүскө башкаруучулар, тизме чыгышы мүмкүн. Бизде ушул адат калбай койду да. «Бийлик кайсы партияга артыкчылык берсе, ошол партия өтөт» деп, ошого жараша аракеттенишет. Бийлик реформаларды жүргүздүбү, экономикада, социалдык тармакта өзгөрүүлөрдү жараттыбы - ага карашпайт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтсө, быйыл октябрда болушу керек.

Саясий ишмер Ишенбай Кадырбеков бийликтин кайсы бир партияны сүрөшү мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейт. «Мунун аркасы менен президент өлкөгө толук бийлик жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алат» дейт Кадырбеков.

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

- Бул табигый көрүнүш да. Буга таң калып кереги жок, - деди ал. - Бийликте турган адамдар, күчтөр өзүнүн бийлигин жөн бербейт. Парламенттик шайлоодо көпчүлүк добуш алган партия Кыргызстанды башкара турган күч болот. Ошондуктан алар жөн отуруп калбайт. Аларда каражат да бар. Административдик ресурс да бар. Бийликтин партиясы кандай аталат, кеп анда эмес. Президенттин ою башка болсо да, анын тегерегиндеги адамдар колундагы бийликти жоготпошу үчүн бир партия менен шайлоого барышы турган кеп. Балким «дубль» кылып эки партия менен барышы да ыктымал. Убагында Атамбаев КСДП менен «Кыргызстан» партиясын сүрөгөндөй болушу мүмкүн.

Буга чейин Бишкек, Ош шаардык кеңештериндеги шайлоодо жеңишке жетишкен «Мекеним Кыргызстан» партиясы да бийликке жакын күч катары сыпатталып, парламенттик шайлоого катышары айтылып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону калыс өткөрүүгө убада берип келатат. Ал 2019-жылдын аягында берген басма сөз жыйынында бул убадасын кайталап, бардык саясий күчтөргө бирдей шарт түзүп берүүгө колдон келишинче аракет кыларын билдирген жайы бар.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Ага учурда парламентте депутат болуп турган иниси «Асылбек Жээнбеков менен кудасы Алиярбек Абжалиевди кийинки шайлоого катышпоого чакырасызбы?» деген суроо да берилгенде:

- Ар бир адам өзү чечет. Мен бул маселе боюнча сүйлөшө элекмин. Алардын конституциялык укугун чектей албайм. Убактысы келгенде өздөрү чечет, - деген жооп кайтарган.

Ыдыраган КСДП

Мыйзам боюнча президент эч кайсы партияга мүчө боло албайт. Сооронбай Жээнбеков президент болгонго чейин азыр кризисте турган КСДПнын мүчөсү болгон. Бул партия буга чейин азыркы президент Сооронбай Жээнбековду жактагандар жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогондор болуп экиге бөлүнүп кеткен.

КСДПнын катарынан 2017-жылы чыгарылган Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Кийин Юстиция министрлиги Сагынбек Абдрахмановду КСДПнын лидери катары каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим катары баалап, юстиция министрин кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан. Эки тарап соттошууга чейин жеткен.

Партиянын ичиндеги жана тышындагы карама-каршылыктар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камалышы менен коштолду.

Быйылкы парламенттик шайлоо акыркы 10-15 жылда саясий майданда күч болуп келе жаткан партиялар кризисте турган убакта өткөнү турат.

Парламентте 38 депутаты бар КСДП буга чейин эки бөлүнсө, эми үч-төрткө ажыраганы белгилүү боло баштады. Бул Атамбаевге каршы турууда негизги күч болуп, кийин КСДПнын бир канатын жетектеп калган Сагынбек Абдрахмановду да капа кылгандай.

Сагынбек Абдрахманов.
Сагынбек Абдрахманов.

- КСДПнын арты менен келген партиялаштар башка жакка кетип жатышканы аябай өкүнүчтүү. Азыр «Биримдик», «Кыргызстан» партиясына кетерин айткандар толтура, - деди ал.

21-январда КСДПнын Сагынбек Абдрахманов жетектеген бөлүгү Бишкектин Ала-Тоо аянтында 2010-жылы 7-апрелде каза болгондорго куран окутту. Абдрахманов бүгүн партиянын жыйынын өткөрөрүн айтып, парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттары башка партияга өтүп кетип жатышканын сынга алды.

Ал эми 2010-жылдан бери парламентте депутаттары бар «Республика» партиясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабановдун саясаттан кеткенин жарыялашы менен шайлоого канчалык батыл киришери азырынча белгисиз.

Кыргызстанда саясий бирикмелердин ичинен идеологиялык жактан салыштырмалуу туруктуу деп эсептелип келген «Ата Мекен» партиясынын ичиндеги жарака да жаңы жыл алдында ачыкка чыкты. Тагыраагы «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов партия лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестигин жарыя кылып, мандатын тапшырды. Анын үстүнө Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыга элек болуп жатканы партиянын ишине таасирин тийгизген факторлордун бири болууда.

Кыргызстанда 250дөй саясий партия Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн. 2019-жылы эле Кыргызстанда 14 жаңы саясий партия пайда болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (92)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG