Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:11

Президенттин командасы сынга кабылды


Президент Сооронбай Жээнбековдун аппаратынын бир бөлүгү. Жетекчиси Досалы Эсеналиев, анын орун басарлары Алмаз Кененбаев, Алмамбет Салиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева, маалымат бөлүм башчысы Наргиза Мансурова.
Президент Сооронбай Жээнбековдун аппаратынын бир бөлүгү. Жетекчиси Досалы Эсеналиев, анын орун басарлары Алмаз Кененбаев, Алмамбет Салиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева, маалымат бөлүм башчысы Наргиза Мансурова.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов коронавирус пандемиясына байланыштуу президенттик аппараттын саясатын сынга алды.

Ал мамлекет башчынын администрациясы «же өзү иштебей, же өкмөттү иштетпей жатканын», «Коопсуздук кеңеши оюнчук болуп калганын» белгиледи. Президенттик аппараттын аракеттерине жана маалыматтык саясатына сын-пикирлер буга чейин да болуп келген.

Мурдагы депутаттын сыны

Экс-депутат Бактыбек Калмаматов президент Сооронбай Жээнбековдун аппаратына карата кескин сын-пикирлерин блогер Азирет Осмонов менен болгон социалдык тармактардагы түз эфиринде жарыялады. Маектин бир бөлүгү «YouTube» аркылуу «Альтернатива» аттуу каналга чыкты.

Калмаматов коронавирус менен күрөшүү өтө начар жүрүп жатканын, карантин учурунда калкка жардам берүү, ишкерлерди колдоо жетиштүү эмес экенин айтты. Ал бул алешемдиктер үчүн өкмөттү да айыптап, бирок чыныгы бийлик президентте болгону үчүн анын аппараты жооптуу экенин ортого салды.

Бактыбек Калмаматов.
Бактыбек Калмаматов.

«Президенттин айланасындагылар, мага капа болбогула. Айылдагы аялдардын шеринеси да айына бир эле жолу өтөт. Коопсуздук кеңешинин жыйынын кайра-кайра өткөргүдөй силерге шеринеби? Беш жолу өткөргөн Коопсуздук кеңешин көрдүк. Канча кишиге коронавирус жукту! Кирип-чыккан эки эле жерибиз бар, ошол жерди тосо албасаңар эмне кылып отурдуңар? Алыңар жеткени бир аял, аны да Бабановдун рейтинги өсүп кетпесин деп иштен алып, ордуна ага каршыны коюп койдуңар. Силер президентке «сизди тоготпой атат» деп айтып жатасыңар. Тоготпогондон эмес, президенттин администрациясынын айынан ушундай болуп жатат. Баары силердин оозуңарды карап турат, себеби силер бийликти тартып алгансыңар. Андан көрө президентке «сиз өкмөт эмессиз, өкмөттүн ишин Абылгазиев кылат, парламенттин ишин депутаттар кылат» деп айтпайсыңарбы. Сиз кыла турган иш - адилеттүүлүктү орнотуу. Өзүңөр кылбайсыңар же өкмөткө бербейсиңар. Эл «иштебейт» десе, өкмөттү тепкилеп коёсуңар», - деди ал.

Мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов пандемиянын тушунда маалыматтык саясат да чабал болуп жатканын, натыйжада жүздөгөн адамдар кабарсыз турушканын белгиледи. Ал «тескерисинче бийликке сын айткан саясатчыларды фейк-аккаунттар менен каралатып жатат» деп президенттин аппаратына кине койду.

Мурдараак президент Сооронбай Жээнбеков «өкмөттүн иштегенин сыналгыдан көрүп ишенип келгенин, бирок алар иштебей эле жүрүшкөнүн» айткан эле. Экс-депутат мына ушуну да кыйгап өттү.

«Коопсуздук кеңешинин беш жолку жыйыны өтсө да эч ким анын чечимин аткарбай койду. Ошондо президент эч ким болуп калдыбы? Президенттин технологдору, пиарчылары, силер «мамлекет башчы жөн эле иштебей, телевизор көрүп отурат» дегенди көрсөтөйүн деп жатасыңарбы? Колуңардан келген ишти кылбайсыңарбы, болбосо кеткиле. Силер ушунчаңар туруп Бабановдун, Сариевдин бирден басма сөз катчысынча иштей албай жатасыңар. Силерди болгону бир фейк талкалап коюп жатат. КТРКдан бери жаткан ролигиңерге мышык ыйлайт. Мамлекеттик телеканалдар, эмне жумуш жасап жатасыңар? Азыр эмне кыласыңар? Маселен, басма сөз катчыларды, фейктериңерди чогултуп Калмаматовду жамандап киресиңер. Бул силердин адаттагы ишиңер болуп калды. Саясатыңар 100% туура эмес кетип жатат», - деди Бактыбек Калмаматов.

Президенттик аппарат экс-депутаттын айткандарына азырынча жооп бере элек. Бирок бул тема коомчулукта көп талкууланып, түрдүү пикирлер ташталууда. Айрымдар президенттин өзү да жоопкер экенин кошо айтыш керек деп жатышат. Саясий баяндамачы Үсөн Касыбеков парламенттик деп аталган менен бийлик президенттердин колунда деген оюн айтты:

Үсөн Касыбеков.
Үсөн Касыбеков.

«Президент - мамлекеттин символу. Акыркы жолу, Атамбаевдин тушунда референдум болгондо негизги мамлекеттик укуктар премьер-министрге берилген. Парламенттик башкаруу деп, ошого өткөнбүз. Ошондой бойдон калышы керек эле. Бирок ага карабай эле, акырын-акырындан, Атамбаев да, Жээнбеков да бийликти толугу менен өзүнө топтоп алышпадыбы. Анан бир колго топтолгондо президенттин администрациясы майда-чүйдө иштерди жасамыш болуп туруп, ошолор башкарып калат турбайбы. Азыр ар ким билген намазын окуп жатат».

Коопсуздук кеңешинин маалыматына караганда, 27-январдан 31-мартка чейин кеңеш коронавирус боюнча беш жолу отурум өткөргөн. Соңку жыйында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин иши сынга алынган. Экөөнө ишенип отуруп өлкө азыркыдай кырдаалга кептелгенин айткан президент Сооронбай Жээнбековдун сөзү тараган. Кийин экөө тең иштен алынды.

«Комментарий алуу кыйын»

Арийне, президенттик аппараттын иш-аракетине жана анын маалыматтык саясатына карата сын-пикирлер буга чейин да болуп келген. Өзгөчө журналисттер арасында президенттин басма сөз катчысынын жана аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн ишине карата нааразылык көп.

Журналист Семетей Талас уулу буга көбүнчө маалымат жана комментарий ала албаган жагдайлар себеп болорун айтууда.

Семетей Талас уулу.
Семетей Талас уулу.

«Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева жада калса премьер-министрдин же кайсы бир министрликтин пиары маалымат айдыңында күчтүүрөөк болуп кетсе, өкмөттүн басма сөз кызматына чалып: «Силер эмнеге алдыга озуп баратасыңар?» деп урушат экен. «Биз айтканды кылгыла, президенттен алдыда болбогула» деген сыяктуу сөздөрдү айтат экен деп угуп келебиз. Бардык органдар президенттик аппараттын, алардын басма сөз кызматынын оозун карап эле отуруп калышты. Он чакты пиарчы таанышын «Фейсбуктан» жаздырып коюп эле ошол аркылуу «кыйратып жатабыз» дей бергендин кереги жок. Иш жүзүндө президенттин басма сөз кызматы таптакыр жабык. Комментарий алуу дээрлик кыйын. ЖМКларга да тандалма мамиле кылып жатышат», - деди ал.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланганда басма сөз катчылык менен аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүн Толгонай Стамалиева жетектечү. Быйыл жыл башынан тартып бул кызмат экиге бөлүнүп, бөлүмдү Наргиза Мансурова башкарып калган. Стамалиева басма сөз катчы катары иштеп жатат.

Толгонай Стамалиева болсо өзү дайыма ачык экенин айтып келет.

Толгонай Стамалиева.
Толгонай Стамалиева.

«Президенттик аппараттын ишин жабык деп айта албайбыз. Өлкө башчынын басма сөз кызматы аппараттын ишин чагылдырууда көрүнбөгөн иштерди жасап келет. Президенттин алты жылдык ишиндеги узак убакытка мерчемделген ишинин алгачкы жыйынтыктары чыга баштады. Биз сөз эмес, иш менен айткыбыз келет. Ошондуктан коомчулукта айтылган сунуштарды, сын-пикирлерди эске алабыз», - деген президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева быйыл январдагы Бишкектеги басма сөз жыйынында.

Маалыматтык саясат жөнүндө сын айткандар азыркы илдетке байланыштуу кырдаал аны ого бетер ачык көргөзгөнүн белгилешет. Бул жаатта эксперт Эмил Жороевдин талдоосун угууну туура көрдүк.

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

«Биринчиден, негизи өкмөттүк мекемелерде маалыматтык саясат дайыма өксүк болуп келет. Президенттик аппарат болобу, башка майда-чүйдө мекемелер болобу, муну чынында жакшылап нукка сала албай коюшту. Экинчиден, коронавирус боюнча таң калыштуу деле эмес, буга чейин болуп көрбөгөн кырдаал болуп жатат. Муну элге жеткирүүнүн да ар кандай өзгөчөлүктөрү бар. Менимче ошонун маанисин түшүнө бербегендик, элге кандай маалымат керек экенин билбегендик болуп жатат. Эки сөздөн турган «үйдө отур» деген маалымат эмес, түшүндүрмөнүн жоктугу сын маанайды жаратууда», - деди ал.

Президент Сооронбай Жээнбековдун аппаратын учурда Досалы Эсеналиев жетектейт. Алмаз Кененбаев менен Алмамбет Салиев анын орун басарлары.​ Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчылык милдетин Дамир Сагынбаев аркалайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG