Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Тоңдурулган анализдердин чоо-жайы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин тест-системалардын жетишсиздигинен улам тоңдурулуп турган анализдерди текшере баштады.

Кыргызстанда коронавирусту аныктоочу тест-системалардын жетишсиздигинен миңдеген адамдардын анализи текшерилбей турганын жаңыдан ишке киришкен саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 3-апрелде айтып чыккан. Ал билдиргендей, ошол күнгө карата өлкөдө 8000ден ашык адамдын анализи тоңдурулуп, атайын лабораторияда сакталып турган.

Сабиржан Абдикаримов.
Сабиржан Абдикаримов.

«3-апрелге карата лабораторияга изилдеш үчүн 17911 адамдан анализге материалдар келген, - деген эле министр. - Алардын ичинен 9730у текшерилип, 130 адамдан коронавирус аныкталды. Ал эми 9600дан адамдан коронавирус чыккан эмес. 8108и болсо тест-системалардын жетишсиздигинен улам консервацияланып, учурда лабораторияда сакталып турат».

Министр Абдикаримов бул маалыматты айткандан бери үч күн өттү. Ал убакыттан бери өлкөдө коронавирус табылган адамдардын саны 216га жетти. Акыркы суткада эле СOVID-19 вирусун жугузуп алган 69 адам аныкталды. Саламаттык сактоо министрлиги мындай көп сандагы оорулуу жогоруда айтылган тоңдурулуп турган анализдерди текшерүүнүн натыйжасында аныкталып жатканын билдирүүдө.

Башкача айтканда, консервацияда турган 8000 анализдин 800ү текшерилип, акыркы суткада өлкөдө коронавирус жугузган адамдар рекорддук санда аныкталды.

Эми министрлик тоңдурулган анализдерди ыкчам түрдө текшерүүгө өткөнүн жарыялады. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Өзгөчө кооптуу жана карантиндик оорулар борборунун директорунун орун басары Нурболот Үсөнбаев «Азаттыкка» лабораторияда топтолуп турган анализдерди текшерүүгө өткөнүн кабарлады:

«Ошонун баарын чечип атабыз. Жакын арада анын баарын алып чыгып текшеребиз».

Республикалык штабдагы ишенимдүү булактардын маалыматы боюнча, бул анализдер коронавирус коркунучу азыраак деген экинчи категориядагы өлкөлөрдөн келген адамдардан алынган. Алар Кыргызстанга келгенде аэропорттон анализдер алынып, үлгүлөрү атайын лабораторияда тоңдурулган. Өздөрүнөн болсо тилкат алынып, үй карантинге жөнөтүлгөн.

Эске сала кетсек, өлкөдө коронавирус аныкталган көп адамдар зыярат кылган Сауд Арабиясы да алгач дал ушундай экинчи категориядагы өлкөлөрдүн тизмесинде болчу.

Негизи тест-системалардын жетишсиздиги боюнча маселе 1-апрелде парламент жыйынында көтөрүлгөн. Анда депутаттардын суроолоруна жооп берген премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирусту аныктоочу реагенттер тартыш болуп жатканын моюнга алган.

Бул маселе Коопсуздук кеңешинде да көтөрүлүп, президент Сооронбай Жээнбеков өз убагында жетиштүү сандагы реагенттерди камдап койбогону үчүн вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди сындаган. Бир күн өтпөй 1-апрелде ал кишилер иштен алынган.

Ошентсе да, коомчулукта «тест-системалар жетиштүү» деген маалыматтар жалган болгонбу жана анализдерди тоңдура туруу боюнча чечимди ким кабыл алган деген суроолор жаралууда. Анткени анализдери аныкталбай, үй карантинде болгон адамдар вирусту алып жүрбөйт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Дал ушундай пикирлерге кошулган мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев анализдерди сактап коюунун коркунучу мындайча түшүндүрдү:

«Азыр болушунча тезирээк тоңдурулган анализдерди текшерип, коронавирус аныкталгандарды дарылоо жаатында иш алып барыш керек. Кептин баары ошолордо болуп жатат».

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева да бул маселени жакшылап териштирүү керек деген пикирин айтты:

Эльвира Сурабалдиева.
Эльвира Сурабалдиева.

«Бул жерде суроолор абдан көп болуп жатат. Реагенттер боюнча маселе январда эле көтөрүлүп жатпады беле? Мен үчүн таң калыштуу болуп жатат. Чек аранын жабылышынан улам келбей жаттыбы же башка себеп барбы? Буга чейин «жетиштүү деңгээлде запас бар» деп жатышпады беле? Мунун баары такталышы керек».

Ал ортодо адистер акыркы апталарда жарандарды карантиндик режимди катуу сактоого чакырууда. Саламаттык сактоо министри, Бишкектин коменданты да учурда вирустун инкубациялык мөөнөтү аяктап жатканын эске салып жатышат.

Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн ыкчам штабдын мүчөсү, дарыгер Алексей Кравцов бул мезгил коркунучтуу экенин мындайча түшүндүрдү:

«Инкубациялык мөөнөт деп вирус организмге кирип, алгачкы клиникалык белгилери ачыкка чыкканга чейинки мезгил айтылат. Бул мөөнөттө илдет байкалбайт, организм эч кандай биохимиялык реакция кылбайт. Анткени бул вирустар организмде көбөйүп жаткан болот. Ал эми COVID-19 вирусу инкубациялык мөөнөт бүтөрүнө үч күн калып, алгачкы клиникалык белгилери чыкканга чейин башкаларга жугузуу коркунучу көп. Ошондуктан карантинди катуу сактоонун зарылдыгы тууралуу айтылып жатат».

Ушул тушта коронавирус дүйнөнүн 182 өлкөсүндө катталып, оору жугузуп алгандардын саны 1 миллион 285 миңден ашты. Бул илдет 70 миңден ашык адамдын өмүрүн алды жана 271 миңге жакын адам айыгып чыкты.

Кыргызстанда 6-апрелге карата 216 адамдан вирус аныкталып, төрт адам көз жумду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG