Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Экс-депутат президенттин аппаратын сынга алды


Бактыбек Калмаматов.
Бактыбек Калмаматов.

Экс-депутат Бактыбек Калмаматов «президенттик администрация туура эмес иштеп, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду уят кылып жатат» деп сындады. Экс-депутат «бардык бийликти колуна алып, бирок иш жүргүзө албай жатат» деп президенттин аппаратын айыптады. Ал буга мисал катары коронавируска каршы күрөшүүдөгү чараларды мисал келтирди.

«Президенттин айланасындагылар, мага капа болбогула. Айылдагы аялдардын шеринеси да айына бир эле жолу өтөт. Коопсуздук кеңеши кайра-кайра өткөргүдөй силерге шеринеби? Беш жолу өткөргөн Коопсуздук кеңешин көрдүк. 144 адамга коронавирус жукту. Кирип-чыккан эки эле жерибиз бар, ошол жерди тосо албасаңар эмне кылып отурдуңар? Алыңар жеткени бир аял, аны дагы Бабановдун рейтинги өсүп кетпесин деп иштен алып, ордуна ага каршыны коюп койдуңар. Силер президентке «сизди тоготпой атат» деп айтып жатасыңар да. Тоготпогондон эмес, президенттин администрациясынын айынан ушундай болуп атат. Баары силердин оозуңарды карап турат, себеби силер бийликти тартып алгансыңар. Андан көрө президентке айтпайсыңарбы, «сиз өкмөт эмессиз, өкмөттүн ишин Абылгазиев кылат, парламенттин ишин депутаттар кылат» деп. Сиз кыла турган иш - адилеттүүлүктү орнотуу. Өзүңөр кылбайсыңар же өкмөткө бербейсиңар. Эл иштебейт десе, өкмөттү тепкилеп коёсуңар», - деди Калмаматов.

Калмаматов «бийликке сын айткан саясатчыларды фейк-аккаунттар менен каралатып жатат» деп президенттин аппаратын айыптады. Азырынча президенттин аппараты экс-депутаттын айтканына жооп бере элек.

Экс-депутат Бактыбек Калмаматов жогорудагы пикирлерин блогер Азирет Осмонов менен социалдык тармактардагы түз эфирде билдирген. Учурда белгилүү журналисттер, блогер, саясатчы, депутаттар «Инстаграм» баракчалары аркылуу өлкөдөгү кырдаалды талкуулап жатышат. (TSh)


XS
SM
MD
LG