Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Дарттын сүрү, дарынын түрү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккандар 216 кишиге жетти. Бул илдеттен төрт адам каза болуп, 23ү айыгып чыкты. Пандемияга байланыштуу коомчулукта дагы эле толгон-токой суроолор бар.

6-апрелге карата өлкөдө COVID-19 вирусу дагы 69 адамдан табылды. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуккан 216 адам катталды. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 80, Ош облусунда – 94, Чүй облусунда – 5, Баткен облусунда – 4, Бишкек шаарында – 25, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 3 кишиден коронавирус табылды. Алардын 9у дарыгерлер.

Вирустан төрт адам каза болуп, 23ү айыгып чыкты. Стационарда 202 адам бар, алардын ичинен бешөө туруктуу оор абалда реанимацияда, анын ичинен экөө жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат.

Кыргызстанда вирус катталгандан бери эң көп оорулуулар 6-апрелде аныкталды. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов анын себебин мындайча түшүндүрдү:

Сабиржан Абдикаримов.
Сабиржан Абдикаримов.

«Коронавирус жаңы аныкталган 69 киши обсервацияда жаткан. Алардын ичинен бирөөндө гана клиникалык белгилер бар. Башкаларда клиникалык белгилер байкалган жок. Бирок вирус бар. Дарылаш үчүн алардын баарын тең ооруканага жаткырдык. Алар обсервацияга алынып сырттагы адамдарга коркунуч жаратпаганы сүйүндүрөт. Бул – тест системасынын иштегенинин белгиси. Ошондуктан коронавирус жуккандар кескин көбөйгөнү байкалды».

Министрлик коронавирус жугузгандардын саны бир суткада дароо 69га жогорулаган себебин түшүндүргөн кошумча маалымат таратты. Ага ылайык, буга 12-13-мартта Сауд Арабиясынан умрадан келгендерден алынып, тоңдурулуп коюлган үлгүлөр текшериле баштаганы себеп болду. Ал үлгүлөр вирус чыккан адамдардан 17-мартта обсервацияга жаткырылган кезде алынып, тоңдурулуп коюлган. ПЦР анализ жүргүзүүгө керектүү реагенттер жок болгондуктан аларды тесттен өткөрүү мүмкүн болбой жаткан.

Ооруканада жаткан бейтаптардын арасында аларда вирус жок экенин айтып, министрлик берип жаткан дары-дармек боюнча арыздангандар бар. Өткөн аптада өзүн Орозбек Макеналиев деп тааныштырган адамдын видеосу тараган. Анда ал вируска байланыштуу шек саналып Нарында ооруканада жатканын айтып, аны менен кошо ооруканага жаткырылган үй-бүлөсүнө берилген дары боюнча арызданган:

«"Эки даанадан ичесиңер" деп бизге дары берди. Аны ичкенден кийин менин демим кысылып, тырмагымдын учунан башыма чейин кара тер кетип, ары барып эле кайра келдим. Ушу дарыны бере баштагандан бери келиним менен аялымдын абалы начарлады. Эгер менде вирус болсо, аялымды 15 күндөн кийин алып келип жаткырышмак беле? Эгерде менде вирус болсо мени менен Бишкектен чогуу келген алты кишиден вирус чыкмак да?»

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 6-апрелдеги брифингде бул окуя боюнча жооп берди:

«Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары текшерилбеген, далилденбеген маалыматтарды берип жатат. Мисалы, Нарын облусунда бир жаран «мени дарылабайт. Менде вирус жок» деп айтканын чыгарып жатышат. Бизде ал кишини ооруканага жаткырганга эч кандай кызыкчылык жок. Ал кишиде оорунун козгоочу бар, бирок клиникасы жок. Ал дааваттан келген, адамдар менен контактта болгон. Ушуну текшербей туруп жарыялап жаткан жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү мыйзам бар. Аларды жоопко тартыш үчүн тиешелүү органдарга кайрылабыз».

4-апрелде да социалдык тармактарда «14 күн карантинде жатып чыктым» деген аял коронавирус менен оорубаганын жана дарыланбаганын айтып берген видео тараган. Аял «Аксы районунда бир адам коронавирустан айыгып чыкты» деген маалыматтарга ишенбөөгө чакырган. Саламаттык сактоо министрлиги ал аял оорубаганы менен, бирок анын денесинде вирус болгондон кийин чөйрөгө кооптуу болуп эсептелерин билдирген.

Ушундан улам коронавирус табылган адамдар кандай дарыланууда, кантип айыгып жатат деген мааниде суроо бергендер көбөйдү. Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Заридин Шарипов мындай деди:

«Коронавирус жуккан адамдардын 20% оорунун эч кандай белгиси болбойт. Алардын дене табы көтөрүлбөйт, жөтөлбөйт, дем алуу органдарында да эч кандай маселе жаралбайт. Мындай көрүнүш дүйнө жүзү боюнча эле болуп жатат. Калган вирус жуккан адамдардын 80% ичинен 90% оору жеңил өтүп кетет. Илдетке чалдыккандардын ичинен 5-6% ден соолугу өтө начарлап реанимацияга түшүп, дарыгерлер жакшы жардам бериши керек болот. Калгандарынан оору жеңил эле өтүп кетет. Ошондуктан ооруканадан чыккан айрым адамдар «менде оорунун белгилери аныкталган жок. Мен ооруган эмесмин» деп айтышууда. Алардыкы да туура. Анткени алар вирустун терс таасирин байкашкан жок да».

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, COVID‑19 вирусунун инкубациялык мезгилинин узактыгы бир күндөн 14 күнгө чейин созулат, ал эми орточо баалоо 5-6 күндү түзөт. Башкача айтканда вирус жуккан учурда анын белгилери дароо байкалбайт.

«Коронавирус адамдын ичиндеги тирүү клеткага кирип көбөйөт. Башка бактерия, микробдорго окшоп ал сыртта өз алдынча көбөйө албайт. Ал өлүп калат. Коронавирус кишинин клеткасына киргенден кийин адамдын ден соолугунда кыйынчылык жаралат. Вирус улгайган адамдардын клеткасына тез таркап кетет. Коронавирус балдарга да жугат. Бирок алардын иммунитети күчтүү болгондуктан оорубашы мүмкүн. Ошол эле кезде алар вирусту алып жүрүүчүлөр болуп эсептелет. Эгерде адамдын иммунитети күчтүү болсо жакшы. Анткени вирус организмге киргенден кийин вируска каршы антителолор иштелип чыгат. Мындай учурда оору байкалбай өтүп кетет же жеңил болушу мүмкүн», - деди Заридин Шарипов.

Көпчүлүк «Вируска чалдыккан адамдар кантип дарыланууда?» деген суроону берип жатышат. Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөлүк тажрыйбага таянып, Кыргызстанда вируска чалдыккан адамдарды ВИЧ илдетине каршы колдонулуучу лопинавир/ритонавир жана вируска каршы хлорохин деген дарыларды колдонуп жатат.

Андан тышкары бейтаптын абалына жараша амоксициллин/клавуланат, парацетамол, ибупрофен дарылары да колдонулууда.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук кеңештин мүчөсү, медицина жаатындагы эксперт Айбар Султангазиев өлкөдө лопинавир/ритонавир дарылары аз экенин айтууда:

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

«"СПИД" борбору Саламаттык сактоо министрлигине коронавируска каршы колдонулуп жаткан дарылардан (лопинавир/ритонавир) 120 банка берген. Министрлик дарыларды ооруканаларга тараткан. 120 банка дары 300-350 кишиге жетет. Бирок Кыргызстанда вирус жуккандар 200 кишиден ашты. Азыркыга чейин 150дөй киши дарыны колдонсо бизде дагы 150-170ге жакын кишиге жеткидей эле дары калды. Дарыны ден соолугу аябай начарлап кеткендер менен орто оорулууларга беришет. Кыргызстанда эми вирус жугузгандар күндөн-күнгө көбөйө берет. Бизде бир жумага эле жеткидей дары бар. Андан кийин эмне кылышат?»

Маалымат боюнча, лопинавир/ритонавир Индиядан жана Орусиядан алынып келет. Пандемияга байланыштуу алардын баасы 50% чейин кымбаттап кетти.

Анткен менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ФОМС) коронавируска каршы колдонулуп жаткан дары-дармек жетиштүү экенин билдирүүдө. Аталган фонд «COVID-19 инфекциясына чалдыккан бейтаптарда вируска каршы каражаттар жетиштүү экенин» маалымдап, дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды алууга 266,9 млн. сом бөлгөнүн кабарлады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG