Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июнь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 13:18

Беткап жасаган жабдуу 10 жыл ишсиз турду


Беткап чыгарган жабдык 10 жылдан кийин иштеди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:11 0:00

Гүлзар Абдраимова медициналык беткап өндүрүүчү жабдууну Кыргызстанга он жыл мурда алып келген. Убагында уруксат кагаздары берилбей, иштебей калган. Коронавирус коркунучу күчөгөндө ишкерге өкмөт өзү кайрылган.

«Насыяга алдык эле. Алты ай жүгүрүп, уруксат кагаздарын ала албай койгонбуз. Анан «болбойт экен, ала албайт экенбиз» деп муну бөлүп-бөлүп туруп таштап койгон элек», - деп сөзүн баштады Гүлзар Абдраимова.

«Азаттыктын» кабарчылары барган учурда чакан цехтин ичи шакылдап иштеп жатыптыр. Бир бурчунда турган жабдык эни карыштай келген кездемени түрмөгүнөн жандырып, иреттеп тартууда. Төрт кездеме кабатталган соң бириктирилип, үтүктөлүп, жабдуунун экинчи жагынан боосу жок беткаптар конвейерге түшүп жатат.

«Биз бул технологияны Шанхайдан окуп келгенбиз. Анан кырдаалга байланыштуу «кой, карап жатканыбыз туура болбойт» деп жабдууну кайра кураштырдык. Он жылдан бери турганга компьютер да иштебей калыптыр, гайкалары иштебей катып калыптыр».

Ишкердин айтымында, беткап өндүрүшүн ишке киргизүүгө мамлекеттик уруксат берүүчү мекемелердеги бюрократия тоскоол болгон.

«Ошондо эле уруксат кагаздарына барганда айткам, «мамлекетке резерв кылып берейин, турсун, ушул жерде, үч жылда мөөнөтү бүтөт, качан мөөнөтү бүтүп баратканда бергиле, мен сатып жиберип, кайра ордун толтуруп турабыз» дегем. Же ал убакта беткапка муктаждык жок болдубу же тоготпостук болдубу, ошону менен ары түртүп, бери түртүп отуруп, акыры өзүбүз да тажап кеттик. Анан уруксат кагаздарын албай калдык. Уруксат кагазын бербегенден кийин өндүрүш токтойт да. Ошондон кийин баары жатып калды да. Беш баланы командага алып үйрөтүп алдык эле, аларды кетирдик. Жабдууну жыйнап салдык, ошону менен иш токтоп калды».

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда мартта дүрбөлөң башталып, дарыканаларда гигиеналык каражат, анын ичинде беткап таңкыстыгы келип чыкты. Ошондо өкмөттөгүлөр Гүлзар айымга өздөрү келишкен. Жабдууну оңдоп, тийиштүү лабораториядан өткөргөн соң өндүрүш 15-мартта башталды. Күнүнө орточо 100 миң даана медициналык беткап чыгарылууда.

«Оорулуулар көп чыккан аймактарга көбүрөөк берип жатабыз. Мамлекеттик ишканалар, медициналык мекемелер да бар. Онкологияга 6 сом 70 тыйындан бердик. Көптөрүнө өзүбүз да жардам берип, баасын төмөн кылып тейлегенге аракет кылып жатабыз. 6 сом 70 тыйын болчу. Азыр доллар бат көтөрүлүп кетип 7 сом 50 тыйын болуп, бүгүн 8 сом 50 тыйын болуп калды. Биздин чийкизаттын баары долларга келет».

Гүлзар Абдраимова баа мындан да арзан болушу үчүн өкмөт убактылуу бардык жеңилдиктерди бериши керек деген ойдо. Учурда медициналык каражаттарды өндүргөндөрдөн 12% кошумча нарк салыгы алынды. Бирок «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы мурдагы жеңилдиктер азыр жок. Беткаптан тышкары балдардын жалаягын, сыр-боёк чыгарган компания жайгашкан жери үчүн жылына миллион сомго жакын ижара, ар бир саткан товары үчүн 2% салык төлөйт.

Негизи экономисттер кризисти жаңы дем менен секирик жасаш үчүн мүмкүнчүлүк деп да эсептешет. Маектешибиздин пикиринде, өкмөт пандемиядан сабак алып, экономиканы көп тармактуу кылышы, өзгөчө медициналык өндүрүштү жолго коюшу керек.

«Колубузду жууп туруп кошуналардан кол аарчы сурап аткандай болуп атпайбы. Кыргызстан кеме, учак чыгара албасак да жок дегенде эң жөнөкөй, элементардык өндүрүштү колго алышыбыз керек. Дүйнө жүзүндө практика көрсөтүп атат, азыр баары эле беткап сатпай койбодубу. Ал түгүл гигиеналык кездемелерди сатпай койду. Бул бизге сабак болушу керек. Керек болсо гигиеналык кездемени Кыргызстанда чыгарганга толук мүмкүнчүлүк бар», - деп сөзүн аяктады ал.

«Пейванд» компаниясында чек ара жабыла электе алып келип алган 1,5 млн. беткапка жете турган кездеме бар. Ал түгөнсө арга кандай болору азырынча белгисиз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (19)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG