Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

«Коронавирусту оңой оору көрбөгүлө»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

6-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккандар 216га жетти, анын ичинен 10 адам айыкты. Алардын бири - Франциядан келген мекендешибиз. Ал «Азаттыкка» аты-жөнүн жашырууну суранып интервью берди.

- Айыгып ооруканадан чыгышың менен! Азыр өзүңдү кандай сезип жатасың? Кайсы жактасың?

- Жакшы, рахмат. Өзүмдү жакшы сезип жатам, кудайга шүгүр. Азыр Бишкекте үйдө жалгыз турам.

- Коронавирус жугузуп алганыңды качан, кантип билдиң?

- Мен Франциядан Стамбул аркылуу учуп келишим керек болчу. Бирок учак кетпей калып, бир күн аэропортто түнөп калдым. Мен мурдума суук тийди деп эле ойлогом, грипп болуп калдым окшойт дегем. Себеби аэропорттон температурамды текшерип жатканда меники 36 градус эле болуп жаткан.

Андан кийин Кыргызстанга учуп келерим менен анализ алышты. 17-мартта учуп келгем. Жыйынтыгы беш күндөн кийин чыкты. Ошентип 21-мартта ооруканага кеттим. Алар коронавирус деп айтышкан деле жок, «тесттин жыйынтыгы начар чыкты» деп эле коюшту. Анан жаңылыктарды карасам, «Франциядан келген баладан коронавирус чыкты» деп жазып салышыптыр. Мен жада калса ооруканага жете элек болчумун. Мен менен чогуу жаткан досум бар болчу. Аны да ооруканага алып кетишти. Кудайга шүгүр, ал эч нерсе болгон жок, ага вирус жуккан жок.

Мен менен чогуу жаткан дос балам бар болчу. Аны да ооруканага алып кетишти. Кудайга шүгүр ал эч нерсе болгон жок, ага вирус жуккан жок.

- Сен обсервацияда жатканда өзүңдү кандай сезип жаттың? Жөтөлүп, дене табың көтөрүлүп жатты беле?

- Жок, башында эч нерсе сезген жокмун. Беш күн өткөндөн кийин башым ооруй баштады. Анан дем алуум оорлошо баштады.

- Ооруканага барганда дарыгерлер сени кантип дарылашты? Негизи бул оору сенде кандай өттү?

- Дарынын атын унутуп калыпмын, күнүнө эки дары берип жатышты. Анан бир ийне сайып жатышты. «Бул эмне ийне?» деп сурасам: «Иммунитетти көтөрөт» деп айтышты. Дарыгерлерге рахмат, аябай жакшы карап жатышты, эркелетип, маанайымды көтөрүп, өзүнүн баласындай кылып карашты. Ошондуктан меники тез өтүп кетти окшойт. Бирок мен ал ооруну сездим. Дем алганда кыйналдым. Башым аябай катуу ооруду. Дем алганда өпкөдөн кармап калат экен. Башым айланып, тамагым кургап калды. Кезек-кезеги менен ооруйт экен. Башкача оору экен. Мен биринчи жолу ушундай оорудум. Ошон үчүн дем алганда картаңдардын өпкөсү чыдабай, башы айланып жатып калышат экен.

- Коронавирусту жуктуруп алганыңды билгенде сенде кандай сезимдер болду? Корктуңбу?

- «​Гансиде»​ жатканда жаңылыктарга чыгарып салганда жаман болдум. Албетте, коркот экенсиң. Биринчи кезекте моралдык жактан жаман болот экенсиң. «Мен ушинтип ооруп калдымбы? Жашоом ушинтип эле бүтүп калабы?» деп ойлонуп жаттым. Корккондон жүрөгүң катуу сого баштайт экен.

Дагы күчөп кетпесин деп, биринчи кезекте Интернетимди өчүрүп салдым. Жаңылыктарды да окубай койдум. Моралдык жактан жеңилип калбаш үчүн Интернетке такыр кирбей, эч кимге жооп бербей, «баары жакшы болот» деп өзүмдү тынчтандыра баштадым. 14 күн өзүмдү алаксытуу менен өттү. Көнүгүүлөрдү жасап, машыгып, өзүмдү алаксытып жаттым. Сыртта жүргөнүмдү ойлоп, «баары жакшы болот, баары жакшы болот» деп кайталап жаттым. Мына, азыр эшикте жүрөм, кудайга шүгүр. Болгону аябай арыктап кеттим. Эми жакшылап тамак жеп, кайра толушум керек.

- Сен ооруну кайсы жактан жугузуп алдым деп ойлойсуң?

- Франциядагы аэропорттон жугузуп алдым деп ойлойм. Ошол жакта бир күн жүрүп калганда бул жакшы эмес деп ойлоп койгом.

- Негизи Францияда эмне кылып жүрдүң эле?

- Иштеген жерим сыр бойдон калсын. Мен ал жакка келишим менен баргам. Коронавирус башталганда алар баарыбызга билет алып кетириши керек болуп калды. Себеби ал жакта да «көпчүлүк болбош керек» деп баарын кетирип жатышты. Ошентип коронавирус бардык пландарымды өлтүрдү. Дегеле дүйнө жүзүндөгү бүт нерсени өлтүрдү. Кыргызстанда жумуш жок болгондуктан чет өлкөгө иштегени кеткем да.

Адамдар атайын жугузуп келгенсип: «Эмнеге келдиңер?» деп жазып жатышат. Биздикилер такыр бирин-бири колдобойт экен. Абдан таң калдым. «Айыгып кетсе экен» деп колдоп койгондун ордуна «ушунун айынан болду» деп айтышат. Ушул нерсе мага такыр жаккан жок.

- Сени ооруканадан кандай шарт менен чыгарышты? Дарыгерлер эмне кыл дешти?

- «14 күн эч жакка чыкпай, үйдө бол» дешти. Менден көп жолу анализ алышты, баарында тең «коронавирус жок» деп чыкты. Эки жумадан кийин келип кайра анализ алышат. Негизи өзүм деле коркуп калдым. Адамдарга жологум келбейт. Бул оору менен кайра башынан ооругум келбейт. Азыр адамдар көчөдө жөн эле жүрүшөт, «бул оору эмес» деп кенебей жатышат. Эгер вирус жугуп, ал ооруну сезсе, ошондо унчукпай үйлөрүндө отурушмак. Болгондо да Кыргызстан андай нерсеге даяр эмес. Эгер баары бирин-бири угуп, макул болуп үйлөрүндө отурушса, бул нерсе батыраак өтүп кетмек.

- Жаштар «бул оору бизде жеңил эле өтөт экен, иммунитетиң күчтүү болсо грипптей эле өтөт экен» деп жатышпайбы? Сен аларга эмне деп айтат элең?

Билинбей эле өтүп кетет деген такыр туура эмес. Болгону алар бул ооруну сезишпей эле.

- «Билинбей эле өтүп кетет» деген такыр туура эмес. Болгону алар бул ооруну сезбей турушат. Эч ким оорубай эле койсун, Кыргызстаныбыз эртерээк бул нерседен чыгышын каалайм. Эч кимге жолобой, колун жууп, таза жүрүп, адистердин эле айтканын аткарыш керек деп ойлойм. Жада калса тамак жеген идиш-аягын да өзүнчө жуушса жакшы болот. Телефондорду, буюмдарды тазалап туруш керек. Анан эң негизгиси - дүрбөлөңгө тушпөш керек. Антсең өзүңдү алсыз сезип, иммунитетиң түшүп кетет. Башкысы - адамдар бирин-бири укса, сыйласа, чогуу-чаран бул ооруну да жеңебиз.

- Сага чоң рахмат. Оорудан алыс бол!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG