Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

Нью-Йорк: COVID-19дан кооптонгон кыргыздар


Нью-Йорк. 25-март
Нью-Йорк. 25-март

Нью-Йорк шаарында жашаган кыргызстандыктан коронавирус табылганын «Азаттык» радиосуна аталган шаардагы кыргыз диаспорасынын координатору Бекзат Молдобаев билдирди. Кыргызстандын АКШдагы элчилиги бул маалыматты тактап жатканын кабарлады.

Молдобаев Нью-Йорктогу азыркы кырдаал тууралуу да айтып берди.

- Учурда Нью-Йорк шаарында жашаган кыргызстандыктан коронавирус аныкталды. Ал азыр үй-бүлөсү менен үйүндө. Оорунун белгилери жеңил болгондуктан ага үйдөн чыкпай дарыланууга кеңеш беришиптир. Дагы бир мекендешибиз өзүн жаман сезип, ооруканага кайрылыптыр. Бирок аныкы азыр текшериле элек. Кудай сактасын деп турабыз. Калган журтташтарыбыздын саламаттыгы азырынча жакшы.

Жалпы эле ал жактагы кыргызстандыктардын абалы кандай? Коронавирустун жайылышынан улам көп ишканалар жабылып калбадыбы, мунун кедергиси журтташтарга тийген жокпу?

Негизинен тейлөө тармагында иштегендердин жумушу токтоду. Менин эмерек бизнесим бар, ал да убактылуу жабылды.


- Бардык мекендештер менен байланышта болгонго аракет кылып жатабыз. Социалдык тармактарда атайын топторубуз бар. Негизинен тейлөө тармагында иштегендердин жумушу токтоду. Менин эмерек бизнесим бар, ал да убактылуу жабылды. Бул жактагы кыргыздардын көбү жүк ташуучу машине айдашат эмеспи. Алар жумушка чыгып эле жатышат. Алар "акча топтоп жиберсекпи" деп Кыргызстанга колдоо көрсөткөнгө даяр турушат. Ушундай оор күндөрдө албетте оюбуздан мекенибиз чыкпайт. Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошолук деп алыс жакта жүрөбүз да. Медицина кызматкерлерине коронавирустан коргоочу формаларды алып берели деген ниетте акча чогултуп жатабыз.

АКШда коронавируска эң көп чалдыккандар жана андан көз жумгандар Нью-Йорк штатында катталып жатканы кабарланууда. Ал жакта жашаган адам катары кырдаалды сүрөттөп бересизби?

Бекзат Молдобаев.
Бекзат Молдобаев.

Нью-Йорк штатынын губернатору элди күчкө салып, камабай эле өз ыктыяры менен үйдө калууну суранып жатат.

Ал эми Нью-Йорк шаарынын мэри карантин киргизүүнү колдоп жатат. Айрым шаардыктар эрежелерге баш ийбей эртели-кеч чуркашып, иттерин көчөгө алып чыгып сейилдешип, кадимкидей эле жашоосун улантууда. Бирок негизинен көчөлөрдө эл, автомашина азайды. Кээ бир көчөлөр кинодогудай тымтырс. Ал эми көлдүн жээктеринде, сейилдөөчү жайларда бирин-серин адамдарды көрүүгө болот.

Негизи эле Кошмо Штаттарда коронавируска каршы күрөшүү чаралары жетиштүү түрдө кабыл алынып жатабы? Сиздин оюңуз кандай?

- Жаштар бийликтин айткандарын көп укпай жатышат окшойт. Бул дагы коронавирустун жайылышына түрткү болду деген ойдомун. Ошондой эле бул жакта бийлик айрым чараларды бир аз кеч кабыл алды. Көп эле мамлекеттер ушундай ката кетирди окшойт.

Бекзат Молдобаев үй-бүлөсү менен.
Бекзат Молдобаев үй-бүлөсү менен.


АКШ бийлиги бөлгөн жардамдан кыргызстандыктар да ала алышат бекен? Анткени биз билгенден журтташтардын көбү жарандык алыша элек да.

- Жардамды алыш үчүн буга чейинки салык төлөш керек экен. Бул жакта жылына бир жолу салык мекемелерине өзүнүн каржылык абалы тууралуу отчет тапшырып турушат. Менин угушума караганда, ошолордун баарына жардам көрсөтүлөт экен.

Бекзат, өзүңүз Кошмо Штаттарда канчадан бери жашайсыз?

- Америкага 2013-жылы келгенбиз. Үй-бүлөм менен Нью-Йорк шаарында турабыз. Үч баланын атасымын. Келинчегим миграциялык суроолор боюнча жердештерибизге жана башка мигранттарга жардам берип иштейт. Балдарыбыз мектепке барат.

Рахмат маегиңизге.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG