Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:18

Орусия өзүндө тартыш каражаттарды АКШга сатты


Орусиялык учак Жонн Кеннеди атындагы аэропортко конду. 1-апрель, 2020-жыл. Нью-Йорк.
Орусиялык учак Жонн Кеннеди атындагы аэропортко конду. 1-апрель, 2020-жыл. Нью-Йорк.

Кошмо Штаттар Орусиядан бир учак медициналык каражат алганын ырастады. Ал арада америкалык сенаторлор Кытайды коронавируска кабылгандардын жана андан өлгөндөрдүн санын жашырып жатат деп айыпташты.

АКШ Орусиядан медициналык каражаттар салынган учак келгенин ырастады. Жасалма дем алдыруучу аппараттарды, беткап, медициналык атайын формаларды Вашингтон Москвадан эки өлкөнүн лидерлери телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин сатып алууну чечкенин Мамлекеттик департамент билдирди.

Алардын бардыгы тиешелүү текшерүүдөн өткөндөн кийин Американын Өзгөчө кырдаалдар агенттигине тапшырылды.

"Эки өлкө мурда деле кризис маалында бири-бирине гуманитардык жардам көрсөтүп турган жана келечекте да ушундай болорунан шек жок. Азыр баарыбыздын өмүрүбүзгө коркунуч туудуруп жаткан жалпы душманыбызды жеңүү үчүн биргелешип иштөө убактысы болуп турат" - деди Мамдепартаменттин маалымат катчысы Морган Ортагус.

Анын билдирүүсүндө Кошмо Штаттар Орусияга бул үчүн канча акча төлөгөнү жазылган эмес.

Ортагус ошондой эле өткөн аптада жыйынга чогулган «Чоң жыйырмага» кирген мамлекеттер коронавируска каршы күрөштө чогуу иштешүүнү макулдашканын кошумчалады.

Орусиянын мамлекеттик каражаттары АКШ бул каражаттарды сатып алганын айтпай, «Москва Вашингтонго «гуманитардык жардам» жөнөттү» деп кабарлашууда.

Ушул эле сөздү Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков да айтты. Ал “Америкадагы оор эпидемиологиялык кырдаал маалында Орусия тарабынан медициналык техника жана коргонуу каражаттарын жеткирүү сыяктуу жардам сунушталды. Трамп бул гуманитардык мүнөздөгү жардамды кабыл алды», - деди.

Ал арада Орусиянын өзүндө коронавируска каршы күрөшүү үчүн тиешелүү каражаттар жетишпей жатканы тууралуу маалыматтар байма-бай чыгууда. Мындай көрүнүш өзгөчө аймактарда байкалат.

Маселен, Липецк облусунун администрациясы калктан жардам сурады. Мекеменин расмий сайтында жарыяланган кайрылууда жергиликтүү бийлик медициналык каражаттарды жана жабдыктарды сатып алууга кайдыгер эмес бардык жарандарды акча которууга чакырган. Мындай өтүнүч жергиликтүүлөрдүн кыжырына тийди.

Новгород облусунда дагы акыбал ушундай. Ал жактагы айыл-кыштактардын дарыгерлери оорудан коргой турган беткап жана формалар жок экенин айтышууда.

Новгород облусундагы ооруканалардын бири.
Новгород облусундагы ооруканалардын бири.

Орусияда өпкөнү сезгенткен бул илдетке кабылгандардын саны 2-апрелге карата 3,5 миңден ашты, 30 киши көз жумду. Байкоочулар бул сандан күмөн санап, ооругандардын саны мындан да жогору болушу мүмкүн экенин боолгоп жатышат.

Америкалык сенаторлор Кытайды айыпташты

Америкалык сенатор Бен Сасс Кытайдын Коммунисттик партиясын «коронавирустун жайылышы тууралуу жалган маалыматтарды тараткан», - деп айыптады.

«Кошмо Штаттарда коронавирустан өлгөндөрдүн саны Кытайга караганда көп деген ырастоо калп», - деп жазат Бен Сасс 1-апрелде тараткан билдирүүсүндө.

Сенаттын Чалгын комитетинин мүчөсү Кытайдын мындай “жалган пропагандасын” ДСУ, көз карандысыз журналисттер жана «бул коркунучтуу вируска каршы күрөшүп жаткан америкалык эпидемиологдор» олуттуу кабыл албашы керек экенин кошумчалады.

Америкалык сенатор Бен Сасс. Вашингтон. 25-март, 2020-жыл.
Америкалык сенатор Бен Сасс. Вашингтон. 25-март, 2020-жыл.

Сасстын пикиринде, Кытайдын коммунисттик партиясы режимди коргоо үчүн коронавирус тууралуу жалган айтып келген жана аны улантууда.

Сенатордун бул билдирүүсүнө чейин "Блумберг" агенттиги Кошмо Штаттардын чалгын кызматынын өкүлдөрүнө таянып, Кытай Ухандан чыккан инфекция жана анын жайылышы тууралуу толук маалымат таратпаганын жазган.

Расмий маалыматтар боюнча 2-апрелге карата Кытайда COVID-19 илдетинен 3300дөн ашуун киши көз жуумп, ага чалдыккандардын саны 82 400дөн ашты. Кошмо Штаттарда ушул эле датага карата коронавирусту 217 миңдей адам жуктуруп алып, 5 миңден ашуу киши каза тапты.

Тышкы саясат боюнча комитеттин мүчөсү сенатор Майкл Маккоул коронавируска каршы күрөштө Кытай чынчыл өнөктөш эмес экенин айтканын «Франц пресс» агенттиги жазды.

«Алар дүйнөгө вирус адамдан адамга жугары тууралуу калп айтышты, чындыкты айтууга аракет кылган дарыгерлер менен журналисттердин оозун жабышты. Азыр болсо оорудан жабыркагандардын санын жашыруу менен алектенип жатышкандай».

Маккоул жана башка мыйзам чыгаруучулар Мамлекеттик департаментти бул боюнча иликтөө баштоого чакырышты. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чунинг сенаторлордун сөзүн четке какты:

"Биз Кошмо Штаттар туш болгон кыйынчылыкты жана басымды түшүнүп турабыз. Колдон келишинче аларга колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Ошентсе дагы америкалык саясатчылардын айткандары адамгерчиликсиз жана акылга сыйбайт".

Мурдараак, 1-апрелде Евробиримдиктин тышкы саясат бөлүмү Орусия жана Кытай коронавирустун жайылышы тууралуу маалыматтарды бурмалоо боюнча кампания жүргүзүүнү улантып жатканын, мунун кедергиси дүйнө коомунун саламаттыгына тийиши мүмкүн экенин билдирген.

Бээжин чындыкты жашырганбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:50 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​


XS
SM
MD
LG