Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Кытай: темирдей тартип - жалгыз аргабы?


Каниет Курманбек уулу.
Каниет Курманбек уулу.

Коронавирус алгач тараган Кытай мамлекетинде бул илдет жуккандар күндөн-күнгө азайып баратат. Жашоо кадимкидей өз калыбына келүүдө. Ал жактагы абал тууралуу Нанкин технологиялык институтунда мугалим болуп иштеген Каниет Курманбек уулу ой бөлүштү.

- Каниет мырза, учурда Кытайдын көп аймактарында, анын ичинде коронавирустун очогу болуп саналган Ухань шаарында чектөөлөр алынып, жашоо калыбына келип жатканы кабарланууда. Сиз жашаган Нанкинде кандай?

- Биз турган Нанкин калаасында учурда дээрлик бардык ишканалар кадимки калыбына келип, иштей баштады. Акырындап жашоо өз нугуна түшүп жатат. Ал тургай коомдук тамактануучу жайлар элди кабыл ала баштады. Карантин толук алына элек. Мектептер, бала бакчалар, университеттер, коллеждер азырынча жабык. Маалыматтарга караганда, жогорку окуу жайлары апрелдин соңунда гана ачылат.

Өз көзүм менен көрүп турган кырдаалды айта турган болсом, карантин убагында жалпы шаар боюнча соода-сатык түйүндөрү жабылган болчу. Азыр иштеп жатышат. Бирок ар бир кардардын дене табын текшергенден кийин киргизип жатышат.

Расмий маалыматтар тууралуу айта турган болсом, биздин шаарда коронавируска жалпысынан 93 киши чалдыккан. Алардын баары айыгып чыгып, шаар ичинде ооругандар жокко эсе. Нанкиндин калкы он миллионго жакын. Темирдей тартип болбогондо балким ооругандар андан да көп болот беле...

- Тартип демекчи, андан тышкары илдеттин ооздукталышына дагы кандай кадамдар өбөлгө түздү?

- Биринчиден, кытайлардын башынан мындай эпидемия биринчи жолу өтүп жаткан жок. 2003-жылы SARS (Severe acute respiratory syndrome-related coronavirus, дагы тагыраак SARS-CoV) илдети да тездик менен жайылган. Бирок мындай масштабдуу болгон эмес. Ошондо да, угушубузга караганда, жалпы Кытайда чектөөлөр киргизилген экен. Биз ал кезде Кытайга келе элек болчубуз. Биз келгени эле чочко тумоосу болду, андан башка дагы чакан масштабдагы эпидемологиялык оорулар чыкты.

Экинчиден, бул жолу бекем тартиптин аркасында 1 млрд. 400 миллиондой эли бар мамлекетте ооруну ооздуктоо боюнча болуп көрбөгөндөй иштер жасалды. Аны жарандар түшүнүү менен кабыл алышты.

Коронавирус кытайлар Жаңы жыл майрамын тосууга даярданып жаткан кезде күч алды. Аны ар бир жаран салтка ылайык, өз үйүнө барып, ата-энеси, бир туугандары менен чогуу тосушу керек. Ошол кезде миллиондогон адамдар ары-бери жол жүрүшөт. Убагында чектөөлөр киргизилди.

Ошондой эле кытайлар башка жактардагыдай дүрбөлөңгө түшкөн жок. Дүкөндөрдөн азык-түлүк талашкан жок. Андан тышкары калктын калың катмары накталай акча колдонбой, мобилдүү төлөм системаларын көп колдонду. Жүгүртүүдө жүргөн банкноттордо вирус сакталып калуу коркунучу бар эмеспи.

Каниет Курманбек уулу.
Каниет Курманбек уулу.

- Жалпысынан канча күн үйдө отурдуңар?

- 24-январдан тартып азыркыга чейин дээрлик эки айдан ашык убакыт үйдө отурдук. Муктаждык болбосо көчөгө көп чыкпашыбызды бийлик өтүнгөн. Ар бирибизге иштеген жерибизден да ошондой көрсөтмө келген. Полициядан да чалышып, эгер кайсы бир жакка бара турган болсок, сөзсүз аларды кабардар кылышыбыз керек экенин айтып жатышты.

- Коронавирус алгач Ухандагы ар кандай жаныбарларды саткан базардан тараганы кабарланды. Жарганаттан жукканы тууралуу сөздөр болду. Негизи кытайлар жарганатты көп жешеби?

- Ушул суроону мага аябай көп узатышты. Жакындарым, туугандарым да сурап жатышты. Чынын айтайын, Кытайда жашаганыма 14 жыл болду, бир да жолу өз көзүм менен жарганат жеген кытайды көргөн эмесмин. Телеканалардын биринде атайын көрсөтүү бар, ошонун алып баруучусу өлкөнүн ар кайсы провинцияларын кыдырып, тамак-ашындагы өзгөчөлүктөрү менен тааныштырат. Ошол жигит бир жолу жегенин экрандан көргөм. Бирок жарганатты элдин баары эле жабалактап жейт дегенден алысмын. Ошондой тамакка куштар болгон кытайлар көп деп айта албайм.

- Коронавирустун очогу болуп саналган Ухань шаары силерден канчалык алыс?

- Ухань шаары 550 чакырымдай алыс. Нанкинден Уханга чейин тез ылдамдыктагы поезд менен эки-үч саатта жетсе болот.

- Кытайда жашаганыңызга канча жыл болду?

- Үй-бүлөм менен Кытайга келгенибизге 14 жылга аяк басты. 2014-жылдан бери Нанкин технология институтунда англис тилинен сабак берем. Ага чейин эки жыл ушул эле Нанкин шаарында башка университетте окутуучу болуп иштегем.

- Эки ай карантинде отуруп, коронавирус күч алган күндөрдү башынан өткөргөн адам катары кыргызстандыктарга кандай кеңеш бере аласыз?

- «Эки айдан бери кантип үйдө отурасыз?» деген суроо көп берилип жатат. Андан башка арга барбы? Коронавирус баарыбызды үйгө камады. Албетте, алыста болсоң да Кыргызстанды көбүрөөк ойлоп, тынчсызданат экенсиң.

Мекендештериме ушул учурда айтылган талаптарды туура кабыл алып, аткарып, тартипке баш ийсеңер деп айтат элем. Анткени оору жайылып кетсе чоң жоготуулар болушу мүмкүн. Өзүм билемдикке салбаш керек деген пикирдемин. Кыскасы бул жерде мыйзамды, тартипти сактап, өзүбүздү ойлоп, өзгөнү да унутпашыбыз керек. Эң биринчи эле жакындарыбыздын ден соолугун ойлойлу. Жалпы адамзатка келген сыноону сабырдуулук менен жеңишибиз керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG