Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:44

Профессор Абдылдаев: «Пандемия адамзаттын тагдырын өзгөртөт»


Профессор Рысбек Абдылдаев.
Профессор Рысбек Абдылдаев.

АКШда иштеп жүргөн онколог, медицина илимдеринин доктору Рысбек Абдылдаев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

«Азаттык»: Рысбек мырза, сиз жашаган АКШнын Калифорния штатында да карантин киргизилгени маалым. Учурда ал жакта абал кандай?

Рысбек Абдылдаев: Коронавирус Калифорнияны абдан өзгөрттү. Биз бир жуманын ичинде башка мамлекетте жашап калгандай болдук. Ишканалар жабылды, кафе-ресторандар иштебей калды. Бардык иш-чаралар токтотулду. Көчөдө эл абдан аз.

Штаттын жетекчилиги күнүгө чараларды күчөтүп жатат. Чоң ооруканалар коронавируска чалдыккан адамдарды гана кабыл алууда. Себеби апрель мартка караганда оор болот, ал эми май айы апрелден да кыйын болот деген божомолдор бар. Адистердин айтымында, Калифорниядагы эң күчтүү деп саналган медицина системасы да пандемияга туруштук бере албай калышы мүмкүн.


«Азаттык»: Кошмо Штаттарда коронавирустун жайылышына каршы күрөш кандай жүрүп жатат? Сындагандар да бар экен, сиздин баамыңызда, чаралар жетиштүү эле көрүлүп жатабы?

Рысбек Абдылдаев: АКШда коронавируска каршы иштер абдан чоң деңгээлде жүрүп жатат. Президент Дональд Трамп күнүгө жанына адистерди кошуп алып маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

Кошмо Штаттары пандемияга каршы күрөштү кеч баштады. Коронавирус Кытайда күчөгөндө эле чара көрүлүшү керек болчу. Ошондуктан адистер кесепеттери оор болушу мүмкүн экенин боолгоп жатышат. Көп нерсени алдыдагы он күн чечет деп айтышууда.

«Азаттык»: Филантроп, миллиардер Билл Гейтс "адамзаты жугуштуу вирустардын пандемиясына каршы күрөшкө даяр эмес" деп көп жолу айтыптыр. Медицина илимдеринин доктору катары коронавирус тууралуу эмнелерди айта аласыз?

Рысбек Абдылдаев: Коронавирустун эң жаман жери - тез жайылып жатат. Мындан ары да күчөшү толук мүмкүн. Анткени вирус темир буюмдардын үстүндө 24 саат сакталат. Коронавирус ысыкта жоголот деген да фактылар жок. Бул вирустун көп нерсеси белгисиз. Эми гана изилдөөлөр башталды.

"Коронавирусту Батыш ойлоп тапкан" деген сыяктуу ар кандай маалыматтар айтылууда. Анын эч кандай далили жок. Качандыр бир убакта ким ойлоп тапканы, эмне болгону билинет. Анткени илим күчтүү. Пандемия адамзаттын тагдырын жана келечегин өзгөртө турган фактор болот. Экономика кошо өзгөрөт.

СOVID-19: Жуктуруп алгандардын көбү башында байкабайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:58 0:00


«Азаттык»: Вакцинасы табылса канча убакыттан кийин пандемия токтошу мүмкүн деп ойлойсуз?

Рысбек Абдылдаев: Вирустун вакцинасын табуу боюнча иштер жүрүп жатат. АКШда эле эмес, Европада жана башка мамлекеттерде бул жаатта процесстер башталды. Бирок кээ бирлери сыноодон өтпөй калып жатат. Вакцина даяр болушу үчүн убакыт керек. Жакынкы жумаларда же айларда пайда болбойт. Менин оюмча дарысы табылбайт дагы. Себеби сасык тумоого каршы бүгүнкү күнгө чейин дары жок. Кээ бирөөлөр "тиги же бул дары жардам берет экен” деп айтып атышат. Бул туура эмес.

«Азаттык»: Дүйнөдөгү алдыңкы державалар бул илдетти ооздуктай албай жаткан маалда Кыргызстан канда чараларды көрүшү керек? Башкалардан кандай сабак алып, эмнеге өзгөчө көңүл бурушу керек?

Рысбек Абдылдаев: Кыргызстанды абдан чоң сыноолор күтүп турат. Анткени каражат, жабдыктар жетишпейт, адистер аз. Биздин экономикада көп көйгөйлөр бар. Саламаттык сактоо системасында жылдар бою чечилбей келаткан көйгөйлөр арбын. Оору күчөгөн кезде биздин саламаттык сактоо системабыз туруштук бере албай калышы мүмкүн.

Мен баарынан да медицина кызматкерлери үчүн тынчсызданып турам. Алар атайын формалар менен камсыздалбагандыктан биринчилерден болуп жугузуп алышы толук ыктымал. Ооруну жеңе тургандар жалгыз ошолор. Эгер биз аларды жоготуп алсак, баары бүтөт. Адегенде дарыгерлерди атайын формалар менен камсыздаш керек.

Баары албетте каражатка барып такалат. Бирок бул учурда башка мамлекеттерден ачык эле жардам сураш керек. Жаныбызда коронавирусту ооздуктай алган Кытай турат. Кошмо Штаттарга кайрылышыбыз керек. Президенттердин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүшү зарыл. Тышкы иштер министрлиги, элчиликтер ушул маалда жапа тырмак иштеши керек. Биз чакан, кембагал мамлекетпиз. Бизге жардам беришет. Женевадагы элчи Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна абалыбызды түшүндүрүшү керек.


Башка мамлекеттерде ооруканаларды коронавирусту жуктургандарды гана жаткыра тургандай кылып өзгөртүп жатышат. Бизде да инфекциялык оорукананы же башкасын бошотуу керек. Шашылыш операциядан башкасынын баарын кийинкиге жылдыруу зарыл. Ал ооруканалар башка шартта иштеши абзел.

Ошондой эле коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабды президент Сооронбай Жээнбеков өзү башкарып, кырдаалды көзөмөлдөшү керек. Бул вице-премьер-министрдин денгээлинде чечилбейт. Башкы санитардык дарыгердин статусун жогорулатыш керек. Шаар мэрлеринин деңгээли жетишпей жатат. Азыр жумушту билген, тартипти жөнгө салган адамдар келишикерек. Учурда кызмат талашкыдай абал эмес.

«Азаттык»: Ал эми элдин жоопкерчилиги тууралуу эмне айтасыз?

Рысбек Абдылдаев: Элибизге айтар элем, баш ийбегенди, шалаакылыкты токтотуш керек. Ошонун кесепети оор болуп калышы мүмкүн. Тартипти бекем сактайлы. Колуңарды самын менен жуугула. Бети-башыңарды кармабагыла. Той, чогулуш, бата дегенди токтото туралы. Адамдар ортосундагы аралык сакталышы керек. Өз саламаттыгыңарга көңүл бургула.

Коронавирус пандемиясынын жоопкерчилиги жалгыз бийликте эмес. Андай болсо бийлик буйрук чыгарып токтотуп коёт эле да. Биздин элибизде жоопкерчилик бийликтен да чоң. Болбой эле көр оокат деп чуркай берсек, гигиенаны сактабасак вирусту жайылтабыз. Үйдөн чыкпайлы, тартипти катуу кармаганга аракет кылалы. Бул чоң сыноодон аман-эсен чыгып кетсек, ынтымакта оокат кыла беребиз. Бул бир жумалык, бир айлык көйгөй эмес экенин баарыбыз түшүнүшүбүз керек. Элибиз аман болсун.

Коронавирус тууралуу беш миф
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:29 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG