Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Коронавирус тууралуу беш миф


Коронавирус тууралуу беш миф
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:29 0:00

Коронавирус улгайган адамдарга гана жугат деген чындыкка дал келбейт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, бул илдетке “бардык курактагы” адамдар чалдыгат. Жашы өтүп калгандар же өнөкөт бир дарты барлар “катуу ооруп” калышы ыктымал.

1. Коронавирус улгайган адамдарга гана жугат деген чындыкка дал келбейт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, бул илдетке бардык курактагы адамдар чалдыгат. Жашы өтүп калгандар же өнөкөт бир дарты барлар катуу ооруп калышы ыктымал. Жаштар да фируска кабылат, бирок кээде симптомдору билинбеши мүмкүн. 2. Коронавирус кайсы бир климаттык шартта гана тарайт деген чындыкка коошпойт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маалымдагандай, коронавирус ысык жана ным климатта да жайыла берет. Суук да вирусту жок кыла албайт. Коронавирус глобалдык пандемияга айланды. 3. Ысык мончо коронавирустун алдын алат деген жалган түшүнүк. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, суу канчалык ысык болбосун, адамдын дене табы 36,5-37 градустун тегерегинде кала берет. 4. Антибиотиктер коронавируска каршы күрөшөт деген туура эмес. Антибиотиктер бактерияны жок кылат. Алардын вируска таасири болбойт. 5. Сарымсак коронавирусту токтотпойт. Ал айрым микробдорду жок кыла алат. Бирок сарымсак коронавирустан сактайт дегенге далил жок.
XS
SM
MD
LG