Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 29-март, 2020 Бишкек убактысы 02:38

Коронавирус: Калпыс жоромолдордун зыяны күч


Таажы вирусунун SARS-CoV-2 деген жаңы түрүнүн компүтерлик сүрөттөлүшү. 2020.

Дүйнө жүзүндө коронавирустан да тез таркаган жабыркаткан нерсе –– калайыкты дүрбөлөңгө салган калпыс жоромолдор. Айрымдары –– саясий күрөштүн же диний ж.б. үгүттүн натыйжасы болсо, кээлери –– сабатсыздыктын мөмөсү. Негизсиз жоромолдор адамзатты пандемияга каршы орток күрөштөн алагды кылышы ыктымал.

Вирус жана үгүт согушу

Албетте, бүт дүйнө жүзүн санааркаткан жугуштуу вирустун таркалышы идеологиялык согуш маанайын да жандантпай койгон жок.

Маселен, Кытайда айрым аткаминерлер “бул коронавирусту америкалыктардын тыңчылары Уханга келип тымызын таркаткан болушу мүмкүн” деп айтып чыкты. Албетте, ал аткаминерлердин эч кандай далили жарыяланган жок.

Башка бирөөлөр болсо Кытайдын аскердик лабораториясында жашыруун даярдалып жаткан вирус калпыстыктан улам сырткары жайылып кетти деген жоромолдорун жазышты. Бул да далилсиз айың кеп болду.

Ал эми АКШнын президенти Д.Трамптын коронавирустун жаңы түрүн “кытай вирусу” деп балп этип айтып салгандыгы КЭРде гана эмес, АКШда да олуттуу сынга кабылды.

Айрым пост-коммунисттик өлкөлөрдө интернеттин коомдук тармактары аркылуу Орусияда чыгарылган сталинчил жоромол таркатылды.

Бул жоромолго караганда, тээ 1947-жылы эле Иосиф Сталин америкалык империалисттик бийлик өтө жугуштуу вирусту таркатат деп олуялык кылган имиш.

Саясий кермек даамы бар бул жоромолдордун төркүнү бирдей: коронавирус кайсы бир кылмыштуу чөйрө тарабынан атайын ойлоп табылган жана тымызын лабораторияда өндүрүлгөн имиш.

(Албетте, биз бул жерде кыргызстандык молдо Абдышүкүр Нарматовдун “коронавирус –– Алланын жоокери” деген балп этмесине жана Арстан Алай сыяктуу апенди чалыштардын “коронавирусту мен ойлоп тапкам” деген агынан жарылып айткандарына токтолуп отурбайбыз. Булардын сөздөрүн кыргызстандыктар өздөрү жетишерлик түрдө келекелеп четке кагышты).

Тымызын лабораториялар тарыхта болгонбу?

Албетте, XX кылымда көптөгөн өз ара согушкан өлкөлөрдө биологиялык куралдарды ойлоп табуу жана өндүрүү аракеттери жүргөн.

1925-жылдагы Женева протоколу мындай кыргын куралына тыюу салганына карабастан, бактериологиялык куралдын ар кыл түрлөрүн иштеп чыгуу жана колдонуу аракеттери андан кийин деле нацисттик Германия, согушчан Жапония тарабынан гана эмес, аларга каршы согушкан Улуу Британия, АКШ, СССР тарабынан да жүзөгө ашырылган учурлар болгон.

Айрым мамлекеттер мындай бактериологиялык лабораториялар жана долбоорлор болгонун караманча танып келсе, башкалары кеч да болсо моюндарына алышкан.

Таажы вирусунун келип чыгышы

Бактериолог окумуштуулар таажы вирусунун келип чыгышын киши менен жапайы жаныбарлардын чектелген мейкиндикте коңшулаш жашагандыгы менен байланыштырышат.

Адистердин маалыматына караганда, таажы вирусунун түрү кайсы-бир жагдайда кишиге жапайы жаныбарлардан жуккан болушу ыктымал (бир вариантка караганда, ал учуучу жарганаттан кишиге жуккан).

Андан ары бул таажы вирусу кишинин денесинде улам өзгөрүп, ыңгайлаша берет. Акыры таажы вирус башка сапаттык белгилерге да ээ болуп, мурдагы түпкү алып жүрүүчүсү болгон жапайы жаныбарларга караганда кишилер үчүн алда канча коркунучтуу болгон жугуштуу вирус түрүнө айлана бериши ыктымал. Анын таажыга окшош сырткы челдик көрүнүшүнөн улам шартуу түрдө “таажы вирусу” (“коронавирус”) аташкан.

Таажы вирусунун түрлөрү кишинин өпкөсүнө жайылчу болсо, анын айынан өпкөнүн көбүкчө бөлүгүнүн (алвеол) кыртышы олуттуу жабыркайт, ал түгүл өлүмгө да кириптер кылышы ыктымал.

Таажы вирусунун шарттуу компүтерлик сүрөтү.
Таажы вирусунун шарттуу компүтерлик сүрөтү.

Коронавирус атайын лабораторияда иштелип чыккан эмес

2020-жылдын башында "The Lancet" журналында Германия, Нидерланд, АКШ жана башка өлкөлөрдүн илимпоздорунун биргелешкен билдирүүсү жарыяланды. Коомдук саламаттык сактоо тармагында изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар “COVID-19” деп аталган жаңы жугуштуу ооруну пайда кылчу таажы вирусунун жаңы түрү атайын лабораторияда синтезделип чыккан болушу ыктымал деген жоромолду расмий түрдө четке кагышты:

“Биз COVID-19 оорусун пайда кылчу вирус табигый түрдө келип чыкмак эмес деген жоромолго жетеленген кутум теориясын чечкиндүү түрдө айыптайбыз. Ар башка мамлекеттердин илимпоздору SARS-CoV-2 вирусун козгой турган геномдорду сересеп салып, эмгектерин жарыялашты. Алардын басымдуу көпчүлүгү коронавирустун бул түрү, –– башка да көптөгөн улам жаралып жаткан патогендер сыяктуу эле, –– жапайы жаратылышта эле пайда болгон деп жыйынтык чыгарышты”, –– делет бул орток илимий билдирүүдө.

Окумуштуулар, ошондой эле, коронавирустун бул жаңы түрү пайда кылган ооруга каршы күрөшүүдө КЭРдин дарыгерлери жүргүзүп жаткан натыйжалуу иш-аракетке жогорку баа беришкен.

Демек, коронавирус эч бир өлкөнүн жашыруун лабораториясында биологиялык курал түрү катары иштелип чыккан эмес.

Мурдараак аныкталган SARS-CoV вирус түрү

Соңку жаңы тарыхка кайрылсак. Кыргызча “таажы вирус”, “таажылуу вирус” деп да аталып жаткан бул вирустун башка түрү менен байланыштуу төгөрөктүн төрт бурчундагы калайыкты дүрбөлөңгө салган окуялар 2002-жылдын күзү –– 2003-жылдын жазында да орун алган.

Ал кезде, кыргызстандыктардын эсинде бардыр, "өнөгөсүз өпкө оорусу" (орусча “атипичная пневмония”; англисче “Atypical pneumonia”) деген медициналык термин улам кулакка жаңырып турган (бул терминдин кыргызча котормосун ал кезде “Азаттык” үналгысынын Прагадагы башкеңсесинде иштеп жаткан журналист жана публицист Эсенбай Нурушев агайыбыз сунуштагандыгы эсимде).

Аты татаал болгон бул "өнөгөсүз өпкө оорусун" таажы вирустун (коронавирустун) ошол кезде аныкталган бир түрү пайда кылган.

Айрым бир вирус шарттуу түрдө өзүнчө бир даракты элестетилсе, анын сөңгөгүнөн улам башка бутактары, түрлөрү ажырап чыгышы мүмкүн. Вирустун ар кандай өзгөчө түрүн илимий адабиятта немисче “штамм” (Stamm — “бутак”, “тек”) сөзү менен белгилешет. Демек, айрым бир вирус көптөгөн бутактарга ажырашы мүмкүн.

2002-жылы өпкө кагыны түрүндө жугуштуу илдетти пайда кылган таажы вирусунун түрүн дарыгер жана бактериолог илимпоздор англисче SARS (Severe acute respiratory syndrome-related coronavirus, дагы тагыраак SARS-CoV) деп аташкан.

Таажы вирустар дарагына кирген ушул SARS-CoV вирус түрү пайда кылган жугуштуу оору 2002-2003-жылдары эл аралык кызматташтыктын негизинде гана ооздукталган болчу.

Илимде “SARS-CoV” деп аталган бул таажы вирусунун түрү (штаммы) алгач 2002-жылы ноябрда Кытайдын Гуандун аймагында катталгандыгы калайыкка дурус маалым.

Коронавирус жугузганы шектелген кишини ооруканага алып кетүү учуру. Минск. 19-март, 2020.
Коронавирус жугузганы шектелген кишини ооруканага алып кетүү учуру. Минск. 19-март, 2020.

Бир тектеги жаңы вирус штаммы

“SARS-CoV-2” –– бул таажы вирусунун 2019-жылы аныкталган экинчи бир түрү (штаммы).

Демек, азыркы тапта COVID-19 деп шарттуу аталган өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оору таажы вирусунун SARS-CoV-2 деп шарттуу белгиленген түрү (штаммы) тарабынан козголгон.

COVID-19” аталышындагы “19” саны бул жугуштуу оору 2019-жылы аныкталгандыгын көрсөтөт.

Бул SARS-CoV-2 деп аталган вирусту алгач “2019-nCoV” деп да кыскача шарттуу белгилешкен (бул “2019-жылы тастыкталган жаңы коронавирус” деген сөз айкашынан кыскартып алынган).

Албетте, вирусту алгач аныкталган жерине карата “Ухандык коронавирус” (“Wuhan coronavirus”) деп атаган учурлар да болгон. Бул –– алгач “Кытайдын Ухан шаарындагы базардан таркалган өпкө кагыны” деген ат менен да дайын болгон жугуштуу оорунун вирусунун топонимге байланган аталышы.

Айтор, азыркы тапта төгөрөктүн төрт бурчунун шайын кетире баштаган “COVID-19” алааматтуу оорусу таажы вирустун дал ушул “SARS-CoV-2” түрү тарабынан пайда кылынгандыгы жалпы илимий чөйрөдө тастыкталган.

Бул оору эми “пандемия” деп жарыяланды (“пандемия” сөзү грекче “жалпы эл” дегенди туюнтат; ал сөз алдында уланчу "пан-" курандысынан жана бизге мурдатан таанымал "демос"; "демократия" сөздөрү да жасалган "демия" термининен турат), демек, бул жаңы жугуштуу оору дүйнөлүк деңгээлде кыргынга алып келүү коркунучуна ээ экендиги таанылды.

Мындай оору кишилерди динине, расасына, жынысына, партиясына, идеологиясына карап тандап отурбайт. Алдынан жолукканын, сактанбаганын, тазалыкты жана карантин эрежелерин тоотпогондорун тим эле чалгыдай чаап кете берет.

Коронавирус: өзгөчө кырдаалдын тартиби
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00

Пандемияны эч бир мамлекет жалгыз-жарымдап далаалат кылып жеңе албайт. Бул жугуштуу ооруну тизгиндөө жана биротоло жеңүү – жалпы адамзаттын орток милдети.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (26)

XS
SM
MD
LG