Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Сөз устаты Эсенбай Нурушев алтымыштын кырында


Эсенбай Нурушев Сары-Челек көлүнүн боюнда. Жалал-Абат облусу. 2008-жылдын 22-июлу. TCh.
Эсенбай Нурушев Сары-Челек көлүнүн боюнда. Жалал-Абат облусу. 2008-жылдын 22-июлу. TCh.

Кыргыздын чыгаан журналисти, кесиптешибиз Эсенбай Нурушевдин 60 жылдык торколуу тоюна карата чукулунан сунушталган айрым темалык багыттар

Алгы сөз

Мезгил закымы ушунчалык жигер менен алып учкан экен, азыр деле жапжаш болуп, ар күнү аргымактар менен жөө жарышкан спортчу кебетеленип турган Эсенбай Нурушев агабыздын 60 жашка чыкканын туйбай кала жаздаптырбыз.

Интернетке түшкөн паспорттук маалымат “унута көрбө!” деп улам эскертип турбаса, өзүнө ашкере көңүл бурдурганды эзели жактырбаган Эсекебиз өзү бул маараке жөнүндө унчукпай койот беле, ким билсин?

Эми, деги эмне үчүн Эсекебизди мүлдө кыргыз журналисттер жамааты кадырлайт, ошого байланыштуу анча-мынча маалыматыбыз менен окурмандарыбызга бөлүшө кетели.

Береги сунушталып жаткан темачалардын тегерегиндеги учкай баяныбыздын “тузунун” кем-карчын, ашыкчасын, “ашепкесин”, алгылыктуусун замандаштарыбыз ушул макаланын этегиндеги шеринеде же башка басылмалардын беттеринде деле түздөп-толуктаар.

Оболу анын туулуп-өскөн кичи мекени тууралуу бир сөз

Бул темача, ырасын айтсам, Эсекебиздин СССРдин бир жумурияты болгон Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Ленин районундагы Ноокен деген айылда 1950-жылы 8-ноябрда туулганын эскертүү үчүн эле сунушталды.

Эми кичи мекен-чоң мекен тууралуу учкай айтылып калган соң, бул саясий-географиялык маалыматтын кийинки таржымакалын деле кошо кетели. Он тогуз жылдай илгери СССР дегенибиз кулады. Ленин району деген аталыш түп тамырынан жоюлду. Ош облусу үчкө ыдырап кетти.

Мында туруктуу калгандарынан – Кыргызстан болду, анан Эсекебиздин айылы Ноокен болду. Жөн эле Ноокен айылы болуп чектелбестен, айылдыктар тың экен, райондун аталышын да Ленинден Ноокенге өзгөртүп энчилеп алышты.

Өз айылы Апыртандын атын районго бердирүү үчүн бир далай далаалат кылган маркум Дооронбек Садырбаев агайыбыз (1939-2008) бул ички жарышта жеңилип калып, “жайлап кеттиңер, ноокендиктер!” деп азил-чыны аралаш кеп кылып калчу.

Аскердеги жылдары

Бул темача деле сүрдөөлгө салынып коюлуп кетти. Аны, тек гана, тээ 1969-1971-жылдарды иликтегенде Эсекебиздин изин Кыргызстандын ичинен таба албай кыйналчуларга көмөк ирээтинде жазып койдук окшойт.

Дал ошол жылдары ал советтик армияда кызмат өтөп, убакытынын көбүн өзөктүк (атомдук) изилдөөлөр тымызын жүргүзүлгөн Арзамас жабык шаарында кечирген.

Турмуштун ачуу-таттуусун да, суусундуктун кыйгылы менен ачкылын да оболу ошол жерде татыган экен.

Кээлери аскерде жүргөндө орус тили боюнча жекече сөз кампасын адабий тилдикине кыпындай да караандабаган “шайтан-шабыр айтчу сөздөр” менен гана толтуруп, Ала-Тоого компоюп кайтса, Эсекебиз ошондо эле бул тилди чемичкедей чагып, Пушкин менен Толстойдун түшүн жоруп, анык кош тилдүү журналист болуп калыптанган.

Аскерге чейин эле Ленин райондук “Ленинчил” гезитинде кабарчы жана бөлүм башчы болуп иштегени да ноокендик жигитти чоң турмушка таптап, чыйралтса керек.

Студенттик тентек мезгил

Эсенбай агай 1974-жылы Кыргыз улуттук университетинин (ал кездеги Кыргыз Мамлекеттик университетинин) жаңы ачылган журналистика бөлүмүнүн алгачкы студенттеринин бири болуп калды.

Ачылып-ачылбай жатып эле, бул бөлүмдү “кайра жабабыз” деген аткаминерлер чыгат. Бул аңыз кеп студенттерге да жетет. Ошондо Эсенбай байке уюштуруучу топтун жетекчилеринен болот да, тээ Маскөөгө чейин арыз жазышат.

(Эгемен доордо деле Маскөөгө чапкылагандар, балким, эски инерциянын эпкини менен эле кетип жатышса керек, ал эми тээ Леонид Брежнев доорунда КУУнун журналистика бөлүмүн сактап калуунун бирден-бир аргасы – Кремл болгон).

“Козголоңчу студенттердин” алгачкы каттары, негедир, жоопсуз кала берип жатты. Анан арыз ээлери бечара кыргыз почтоочулардан шекшип, соңку катты Бишкектен (ал кездеги Фрунзеден) Маскөөгө учуп жаткан бир орусиялык бейтааныш конок аркылуу жиберишет.

Бул амал үзүрүн берип, көп узабай комиссия артынан комиссия келип, КУУнун ректораты буту-бутуна тийбей чуркап, айтор, КПСС БКнын “лөктөрүнүн” биринин жөлөгү менен журналистика бөлүмү сакталып калды да, кийинчерээк факультет макамына жетти.

Ошондон кийин “бала ыйлабаса, эмчек жок” деген ылакап - турмуштан эле алынган турбайбы, деп башка момун журналист студенттер кеп кылып калышкан экен.

Мукамбай-сабак

Кыргыздын диалектологдорунун дулдулу Жээнбай Мукамбаев түзгөн сөздүктү эл оозунда “Мукамбай-сөздүк” деп коюшат.

Жээнбай агай өзүнүн шыктуу студенти катары Эсекебизди өтө жакшы көрүп калган экен. Аны ээрчитип алып же өз алдынча эле айрым гезит-журналдардын редакцияларынын эшигин кагып барып, “Нурушевди кызматка алгыла” деп мактай берчү экен.

Ата-жотосуна, уруу-уругуна эч тийешеси жок бул агайынын өмүрдүк сабагын Эсекебиз ар дайым жылуу сөзүн айтып эскерип келет.

Акыры студент кезинде эле Эсенбай агай кадыр-барктуу жаштар гезитинде иштеп калды.

Сөз ширесин тандоо жаатында Эсекебиз чынында да Жээнбай Мукамбаевдин таалимин башкаларга ырааттуу берип келет.

Бир ирет аркалык бир сынчы кайсы-бир термин боюнча кат жазып, Эсекебизди “түштүк диалектине таандык болгон, көп киши аңдай бербеген сөздү таңуулап жатат” деп сындап чыкты.

“Ой тообо, бул деген нарындыктардын сөзү деп сөздүктө катталып турбайбы,” – деп анын күлүп жооп бергени эсимде.

Бул окуя да нукура сөздү, жалкоолугубуздун азабынан аз колдонула баштаган төл сөздү жандандырып турууну талап кылган Мукамбай-сабактын, азыркыча айтканда, Эсенбай-сабактын бир көрүнүшү.

Кээде тигил же бул терминдин төркүнүн аңдоо үчүн Түгөлбай Сыдыкбек уулу, Кусейин Карасай уулу сыяктуу залкарларга түн бир оокум болсо да телефон чалаар элек, деп да айтып калат, Эсекебиз.

Гезитчилик жылдары

1979-жылы ал Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн болуп калды.

Кыргыздын туңгуч басылмасы болгон “Советтик Кыргызстан” (мурдагы “Эркин Тоо”, “Кызыл Кыргызстан”, азыркы “Кыргыз туусу”) гезитинде 1979-жылдан тартып бөлүм башчы болуп иштей баштады.

Узак жылдар бою (1984-1991) аталган гезиттин редакторунун орун басары болуп да иштеди. Анын ысык-суугун көрдү, момпосуюн да, таягын да жеди.

Индиядан бери каттап, кызматтык сапарынын кызыгын да көрдү, кычыраган кышкы суук учурда Теңир-Тоодогу малчынын бир эле күнүн жазам деп тоо-ташты кыдырып, ичикке карабай титиреп, кабарчылыктын “азабын” да көрдү.

Ишине байланыштуу батирин да алды, эл тойлоп жүрсө тирмийип гезит кагаздарын көзү менен тешип, көрүнгөндүн катасы үчүн тил укпоого тырышып, макалалардын унутта калган үтүр-чекиттерин “жайлайм” деп жүрүп алтын убакытын гана түгүл, көз майын да коротту.

1980-жылдары Эшеналы Арабаев тууралуу “кыргыздын агартуучусу” деп бул даанышманды акыйкат эскерген макаланы жарыялоого уруксат бере коюп, бир нече айлап Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин цензор аткаминерлери менен тартышып жүрдү.

Көрөңгөлүү карыя журналисттерди эскере калганда: “Жаш кезимде алар жыйналышта талашып-тартышып алып, жыйын бүткөн соң кечке маал култуюп кайра бириге калып, ыстыкан кагышып калгандарына күбө болуп, “кандай гана принциби жок кишилер!” деп таң калчумун. Көрсө, алар турмуштун мыкты сабагын берип келишкен турбайбы”, – деп калат Эсеке.

Албетте, алардын арасында идеологияга таяп “душманын” кызматтан кууган “карт бөрүлөр” да, ошол эле советтик цензура маалында эле эбин таап элин ойготкусу келген калемгерлер да арбын болгон.

1986-жылы декабрдагы Казакстандагы “Бештин айы” (“Желтоксан”) окуяларынан соң Кремл улутчулдукка каршы өнөктүк баштаганда, тээ 1987-жылы “Советтик Кыргызстан” гезити, “Кыргызстан маданияты” жумалыгы, “Ала Тоо” журналы жана башка басылмалар кыргыз-казак достугу тууралуу макалалар жана көркөм чыгармаларды байма-бай жарыялап, 1988-жылы кош тил саясаты үчүн күрөшүп, шовинисттерге улуттун интеллектуалдык угуту катары кыр көрсөтүп турушту.

Ошол өнөктүктүн бир учугун чойгондордун арасында Эсекебиз да болду.

Дал ошол жылдары Эсекебиз Чыңгыз Айтматовдун ондогон олуттуу публицистикалык макалаларын орус тилинен кыргызчалаган.


“Акаевди мен да оболу чын жүрөктөн мактагам”

Совет бийлиги ыдырап, Кыргызстан эгемен болгон алгачкы жылдары (1991-1994) Эсенбай агай Кыргызстан Жогорку Кеңешинин басма сөз, котормо жана коомдук байланыш бөлүмүнүн жетекчиси кызматын аркалады.

“Туңгуч кыргыз президентинин алгачкы реформалык кадамдарын биз деле колдогонбуз. Ал түгүл бир жолу ийип кетип 1991-жылы Аскар Акаевге “өмүр бою президент боло бериңиз” деп айтып алганым да эсимде”, - деп бир жолу Эсекебиз күлүп кеп салды.

Албетте, андан кийин ал мамлекет башчыларын ашыкча мактоодон сактанып, “сараңданып” калды. Андан кийин ийип кетсе да мындай сөздү бийлик ээлерине карата эч колдонгон жок.

1994-жылы күзүндө жасалма ыкмалар аркылуу Жогорку Кеңеш шал кылынды, анан президент аны таркатып тынды.

Ошондон саал мурдараак колу-жолу кайрадан журналисттик тармакка бошогон Эсенбай агабыз жаңы ачылган “Дасмия” эркин гезитинин баш редактору (1994-1995) болуп бир нече ай иштеди.

“Азаттыктын” Бишкек бюросунда

1994-жылдын жай мезгилинен тартып Эсекебизди “Азаттык” менен кызматташууга чакырдык (ал кезде мен Бишкек бюросун жетектечүмүн. Аким Өзгөн "Азаттыктын" деректири болчу).

1995-жылдын башында мен парламенттик шайлоого талапкер катары катышып, ордума Эсенбай агай “Азаттык үналгысынын” Бишкек бюросунун жетекчиси болуп калган. Анын кадыр-баркы менен бюронун орду ого бетер чыңдалган.

Кийин деле Эсекебиз Бишкек бюросун чыңдоого чоң салым кошуп жүрдү.

Эсенбай аганын өтүнүчү менен, маселен, азыркы эл акыны, публицист жана журналист Шайлообек Дүйшеев агайыбыз “Азаттык” үналгысынын кабарчысы кызматына алынган.

Азыр да Эсекебиз эл-журтка каттаган маалында жаш кабарчыларыбызга жолугуп, бюродо жыйын өтүп, өз тажрыйбасы тууралуу узун сабак кеп кылып, маек куруп жүрөт.

Прагадагы чыгармачыл жылдар

Эсекебиз 1995-жылдын июнь айынан тартып “Азаттыктын” Прагадагы баш кеңсесинде кызматкер болуп иштеп келет.

Жүздөгөн публицистикалык макалаларды жарыялап, сан жеткис маектерди, курч суроолор таамай берилген тегерек үстөлдөрдү уюштуруп келди.

Ар-намысты ойготкон, интеллектуалдык талаш-тартышка түрткү болгон, эки жүздүү же көйрөң замандаштарын чымчыган, “тың чыккан чоңун” да, саясий апендисин да, саясий аңкоосун да, дилетантын да, түркөйүн да эч аябаган макалаларын ара-чолодо мезгилдүү басылмаларда кыргыз жана орус тилдеринде жарыялап келди.

Менимче, Прагадагы жылдар, бир жагынан алганда, анын жайытын кеңиткендей болду. Аймактагы жана дүйнөдөгү орчун окуяларды ал жүрөк толтосунан өткөрүп сыпаттап жазып жатты.

Экинчи жагынан, кайсы бир деңгээлде ал “тар кепич кийгендей” кезең да болду. Анткени “Азаттыктын” кызматкери көбүнесе өз атынан сүйлөбөстөн, маекке чакырылган ар кыл пикир ээлеринин ойлорунун кагылышы аркылуу гана идеялык күрөштү калайыкка маалымдаган усулду карманышы керек болду.
Э.Нурушев (оңдо) кесиптештери Бекташ Шамшиев, Кыяс Молдокасымов жана Тынчтыкбек Чоротегин менен “Кыргыз туусу” гезитинин башкеңсесинде. Бишкек, 2008-жылдын 14-июлу. TCh.
Ошондо да Эсекебиз “уулуна айтуу үчүн уукка насаат айткан” далай усулдарды эби менен колдонуп, учур көйгөйү тууралуу өз оюн элге жеткирип, Азамат Алтай, Салижан Жигитовдордун бетке чаба айткан салтын улантып келет.

Ал эми Эсекебиз менен Прагада кызуу талашып-кеңешип термин талкуулаган учурларыбыз тууралуу сөз өз сааты келгенде толугураак айтылаар...


Алдыда күткөн бараандуу дабандар жана серелер

Бул темачаны болсо, Теңир буюрса, дагы кырк жылдан кийин текстин жакшылап толтуруп жазуу үчүн үмүт кылып гана үстүрт түзүп койдум.


Ага чейин Эсенбай агабыздын ылайым чыгармачыл арымы ого бетер арта берсин, өрүшү кеңейе берсин.

Эсеке! Ден соолугуңуз ар дайым азыркыдай чың болуп, маңдайыңызда жадыраган жеңебиз менен бирге балдарыңыздын, небере-чөбөрөнүн күнүн көрүңүздөр, - деп кесиптештериңиздин атынан бул куттук сөздү айтуу менен чакан макаламды бүтүрө турайын.
XS
SM
MD
LG