Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

Коронавируска койдун майы эм!


Жөн гана сүрөт.
Жөн гана сүрөт.

«Күлкү кербени» түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы калайыкты дүрбөлөңгө салган коронавирус тууралуу жаңы азилдерден турат.

* * * * *

- Эй, туугандар! Коронавирустан чочулап, кээде онлайн гана учурашып калабыз го...

- Айтканыңда калет жок. «Төлөнчө деген коронавируска кириптер болуптур. Барып, эки бетинен өөп учурашып, көз көрсөтүп койбосок, таарынат» дей берсек, мүлдө туугандар менен досторубуз кырылып калып жүрбөйлүк!

* * * * *

- Тээтиги Жолборс Алай деген чунактын чунагы экен!

- Эмне болуптур?

- «Коронавирусту мен ойлоп тапкам, Кытайга мен жөнөткөм» деп атат ко?

- Аны уга берсең, «"Алясканы америкалыктарга сат" деп орус падышасын мен көндүргөм» деп да сүйлөй берет.

* * * * *

- Баланча деген депутат куудул экен, ой!

- Эмне деп айтып ийиптир?

- «Коронавируска каршы иммунитетти чыңдаш үчүн эмге кылыш керек?» деп саламаттык сактоо министрине эмес, айыл чарба министрине кайрылды го?

- Анан?

- Тиги болсо «иммунитет» сөзүнүн маанисин боолголоп билди да, «чоң энем сүттүү чайга бал салып иччү эле, ошол балдан өтөрү жок» деп жооп узата салды!

- «Чоң энем сактаган койдун куйрук майынан шыбап койсо эле айыгат» же «Менделеевдин кырк даражага жетчү суусунан өтөрү жок» дегендей кеп болуптур да!

* * * * *

- Коронавирус силердин өлкөгө эмне үчүн жеткен жок?

- Биздеги поликлиникалардагы узун кезектерден коркту окшойт.

* * * * *

Батышта да коронавирус илдети түркүн азилдерди пайда кылды. АКШдагы Си-Эн-Эн компаниясынын таанымал алып баруучусу Вольф Исаак Блитцердин (Wolf Blitzer) сүрөтүнүн астына азил кылып «Алкоголдук ичимдик коронавирусту жайран кылат»​ деген текст жайгаштырып, өз сүрөтүн жанаша жарыялоо өнөктүгү улам күч алууда. «Твиттердеги» ошондой тамашалаган жарыялардын бири.

(ТТ)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG