Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:28

Күлкү менен ый аралаш өткөн доор


Мурдагы советтик коомдон мурасталган азилдерден дагы бир шиңгил

* * * * *

- Эмне үчүн СССРде жумушсуздук жок?

- Анткени бардыгынын жумушу бар: бири куруп жатса, экинчиси курулганды бузуп иштеп жатат.

* * * * *

- СССРде эмне туруктуу?

- Албетте, убактылуу кыйынчылык!

* * * * *

СССРде "Инжилдин" жаңы, оңдолгон варианты жарык көрдү.
Анын алгачкы сабы мындайча сунушталды:

"Эң башында эчтеке жок болчу. Тек гана жолдош Кудай Маскөө шаарында ары-бери басып сейилдеп жүрдү.

* * * * *

- Урматтуу диниятчым, айтсаңыз, тиги дүйнөдө кайсы тозок жакшыраак - капиталисттикпи, же социалисттикпи?

- Албетте, социалисттик тозок мыкты. Анда же ширеңкеси табылбай, же отуну жетпей, же очогу улам-улам бузулуп ырпты кетирип турат. Анын үстүнө шайтандар да улам башка партчогулушка чакырылып иштен көбүрөөк алагды болуп турушат.

* * * * *

Соцөндүрүш учурун тартууга жиберилген сүрөткер кеңсеге кайтып келет:

- Бул - менин эң соңку реалисттик чыгармам. Ал "Шыбакчылар иш үстүндө" деп аталат.

- Токтосоңуз, токтосоңуз! Мындагыларыңыз шыбак аспабын четке таштап салып, чылым чегип, бекерпоздорчо бака-шака сүйлөшүп отурушат ко?

- Азыр эле эскертпедимби, менин сүрөтүм чыныгы турмушту чагылдырат деп...

* * * * *

Кеселдеп калган киши ооруканага келип, дарыгерге жаздырылмак болот.

- Мага кулак-көз доктуру керек эле.

- Бизде андай деген болбойт. Бизде кулак-тамак-мурунду чогуу караган дарыгер - өзүнчө, көз доктур өзүнчө.

- Жок, мага кулак-көз доктурун таап бергиле!

- Деги эмнеңиз ооруп жатат?

- Советтик үналгыдан укканым - башка, көз менен көргөнүм, негедир, таптакыр башка болуп атат. Мени текшергиле!

* * * * *
XS
SM
MD
LG