Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:31

Коммунизм эмес, кеминизм


Мурдагы президент Аскар Акаев тууралуу азилдердин бири тээ 1992-жылдары чыккан.

Акаев мырза бир катар кызматтарга өзү туулуп-өскөн Кемин районунан чыккандарды дайындаган (айрымдары А.Акаевге чейин эле “төбөсү көрүнгөн” аткаминерлерден болгонун да калыстык үчүн айтуу керек).

Ал кезең коммунисттик түзүлүш кыйроого учурап жаткан доор эле.
Аскар Акаев калайыкка кайрылат:
- Урматтуу мекендештер! Мен Сиздерге атейин кайрылып айтып жатам. Мен, э-э... президент катары Сиздерге коммунизмди эч убакта убада кыла албайм, бирок, э-э... кеминизм, албетте, болот.

* * * * *
XS
SM
MD
LG