Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:34

Бакиев доорундагы азилдерден


Кыргызстан - саясий анекдоттор арбын айтылган өлкө. Мурдагы президенттер да эл оозунда азил бутасына айланып келет. Курманбек Бакиев тууралуу азилдерден.

* * * * *

Кыргызстандын КГБсы бир малчыны жакалайт.

- Сиз президентке шек келтирдиңиз!

- Кантип, Мен аны өмүрүмдө көргөн эмесмин!

- Сиз кечээ аялыңызга элдин көзүнчө "тезек тербей куруп кет!" деп айттыңыз.


* * * * *

Кыргызстан менен Украина мунайзат үчүн карызын учурунда төлөбөсө, анда алардагы демократия өчүрүлөт.

(Кремлдин кире беришиндеги жазуу).

* * * * *

Кыргызстандын президенти Бакиев айтат дейт:

- Мен Акайычка окшоп аялымды укпайм. Бийликке келгенде ошентип убада да бергем. Ошончо көп аялымды уксам Кыргызстан түтөбү?

Бирок жок дегенде бир туугандарым менен уулдарымды угайын да!

* * * * *

Жаныш Бакиевге айтышыптыр дейт:

- Генерал экениңиз жалган го? "Келип колго түшөм" деп кесиптештерге убада кылып, анан качып кеткениңиз кандай?
- Эми мындан ары "самопал генерал" эмне экенин биле жүрөсүңөр.

* * * * *

Кыргызстандын президенти Бакиев айтат дейт:

- Мен эч бир акчаны уурдап же катып алган жокмун. Келген каражаттын баарын 6-класстан бери ишкердик кылган таланттуу уулум Максимге, Максимге, Максимге бергиле дей бердим.

* * * * *

Бакиевдин тушунда жаңы шахмат оюнун ойлоп табышты.

- Мунун башкалардан айырмасы эмне?

- Реалдуулукка жакын! - дептир бир көшөкөрү.

- Ой тоу-бо-о! Эмнеси менен жакын?

- Мурда бир тарапта бир падыша, бир каныша гана болсо, эми оюнду татаалдатып, бир падыша, эки каныша, анан көмүскөдө (берки канышалар жок болуп калса деп) эки сулууну киргизип атабыз.


* * * * *

Ар кыл булактардан.
XS
SM
MD
LG