Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:41

Иран Ноорузду жылдагыдай майрамдабайт


Тегеран, 19-март 2020-жыл
Тегеран, 19-март 2020-жыл

Иранда Нооруз жаңы жылдын башталышы катары белгиленет. Буга байланыштуу өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи элин майрамы менен куттуктады. Жарандар коронавируска каршы күрөштө жан аябай күрөшүп, “үлгүлүү” аракет көрсөтүп жатканын белгиледи.

19-марттагы маалыматка ылайык, COVID-19 Иранда 1284 кишинин өмүрүн алып кетти. Бийлик 20-мартта башталган Нооруз майрамы учурунда элди үйүнөн чыкпоого чакырууда.

Жума күнкү телекайрылуусунда Хаменеи ирандыктардын “үлгүлүү аракеттерине чет өлкөлүктөр да баа берүүгө аргасыз болушканын” айтты.

Али Хаменеи, 20-март, 2020-жыл.
Али Хаменеи, 20-март, 2020-жыл.

Хаменеи аяктап бараткан жылда Иран суу ташкын, жер титирөө өңдүү табият кырсыктарынан, санкциялардан жапа чеккенин, эми жыл коронавирус менен жыйынтыкталып жатканын айтты. Кыйынчылыктардын баарын артта калтырып, элди келаткан жылы ынтымакка чакырды.

Хаменеи Мешхед шаарында майрамдык иш-чараларга катышып, ошол жактан сөз сүйлөмөк. Бирок коронавирустун жайылышынан улам быйылкы Нооруз Ислам жумуриятында адаттагыдай белгиленбей калды.

Бийлик 20-мартта башталып жаткан майрам учурунда элди үйдөн чыкпоого чакырды. Салт боюнча миңдеген ирандык Ноорузду туугандары, жакындары менен чогуу майрамдашат.

19-марттагы маалыматка ылайык, акыркы 24 саатта Иранда коронавирустан өлгөн 149 бейтаптын өлүмү катталды.

Ошону менен бул илдет өлкөдө 1 миң 284 кишинин өмүрүн алып кетти. Саламаттык сактоо министринин орун басары Алиреза Раиси шаршембиден бери вируска чалдыккан дагы 1046 киши аныкталганын, ооругандардын жалпы саны 18 миң 407ге жеткенин билдирди.

Ислам жумурияты инфекция жуккандардын саны боюнча Кытай жана Италиядан кийинки үчүнчү орунда турат.

Тегерандагы базар, 18-март 2020-жыл
Тегерандагы базар, 18-март 2020-жыл

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы маалымат борбору статистиканы чечмелеп, COVID-19дан ар 10 мүнөттө бир ирандык көз жуумп, ар бир саатта 50 кишиге инфекция жугуп жатканын көргөзөт деп билдирди.

Буга чейин Тегеран мектептерди жаап, маданий, спорттук иш-чараларга тыюу салган, диний жөрөлгөлөрдү чектеген.

Мындай оор кырдаалга карабай, шийилердин ыйык жайларын убактылуу жабуу чечимине каршы чыккандар да болду.

Өткөн жылы Иранда өкмөткө каршы ири акциялар башталган. 15-ноябрда бийлик бензиндин баасын көтөрүү чечимин жарыялаган. Буга эл каршы болуп, бара-бара саясий талаптар да айтыла баштаган.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму толкундоолор күч менен басылганда кеминде 304 киши каза тапканын, миңдеген киши кармалып, кыйноолорго туш болгонун, айрымдары ошол бойдон дайынсыз кеткенин билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG