Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Иранда өкмөткө каршы демонстрациялар күчөдү


Занжан шаары, Иран
Занжан шаары, Иран

Иранда өкмөткө каршы көчө демонстрациялары Доруд шаарындагы акциялар учурунда эки демонстрантка ок атылгандан кийин күчөдү. Нааразылык акциялары азык-түлүк азыктарына баанын кымбатташына каршы уюштурулуп, кийин саясий талаптар коюла баштаган.

Чаржайыт акциялар өлкөнүн Тегеран, Шахр-э-Корд, Керманшах жана Занжан сыяктуу шаарларында өткөнү кабарланды.

Социалдык тармактарда 30-декабрда акциялар учурнда эки жигитке ок атылганы тууралуу тасма тарады. «Азаттык» радиосу бул тасманын чын-бышыгын тактай алган жок. Бирок «Америка үнү» полициянын огунан каза болгон адамдарды Хамза Лашни жана Хоссейн Решно деп атап, алардын жакындары менен аймактык кабарчы баарлашканын маалымдады.

29-декабрда башталган акциялар Иранда 2009-жылдагы нааразылык демонстрациялардан кийинки ири нааразылык иш-чарасы болуп калууда. Анда президенттик шайлоодо Махмуд Ахмадинежаттын жеңгенине нааразылар көчөгө чыккан эле.

XS
SM
MD
LG