Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:08

Жолдо калган мекендештер жардам күтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөн мекенине кайта албай, ара жолдо калган кыргызстандыктарга жардам берүүнүн ар кандай жолдорун издеп жатат.

Мунун алдында орус-казак чек арасында жеңил машина менен жолго чыккан 200дөй кыргызстандык топтолуп калганы маалым болгон. Ошондой эле Казакстандын Алматы шаарынын аэропортунда Индиядан келаткан 19 кыргыз жараны турат.

Иран-түркмөн чек арасында калып калган кыргызстандык айдоочулар Азербайжан-Орусия-Казакстан каттамы менен мекенине кайтып келе жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов 18-мартта басма сөз жыйынында билдирди.

«22 машине ушул тушта Орусиянын аймагында. Алардын 14ү Орусиянын тиешелүү кызматтарынын коштоосунда орус-казак чек арасын көздөй келатат. Сегиз автоунаа Казакстандын чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекетинде турат. Дагы беш автоунаа Азербайжандын чек арасынан Орусияга өткөнү жатат».


Түркмөнстан чек арасын жаап койгонуна байланыштуу оор жүк ташуучу машине айдаган 62 кыргызстандык иран-түркмөн чек арасында калып калган. Алар жардам сурап кыргыз бийлигине кайрылган. Ашхабад кыргызстандык айдоочуларды өз аймагы аркылуу өткөрүүгө уруксат бербей койгон.

Азыр кыргыз бийлиги жеңил автоунаалары менен жолго чыккан, бирок орус-казак чек арасындагы ондогон кыргызстандыктарга жардам берүүнүн жолдорун караштырып жатат.

Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов мекенине келе албай жаткан кыргызстандыктарга элчиликке кайрылууну сунуштады.

«Азыр элчиликке бир-эки жарандарыбыз кайрылып жатат. Орусиядагы биздин дипломаттар алардын баарын чогултуп, автобус уюштуруу жагын карап жатат. Баарын топтогондон кийин аларды өз аймактары аркылуу өткөрүүгө уруксат берүүнү сурап орус жана казак тараптар менен сүйлөшүү жүргүзөбүз», - деди өкмөт өкүлү.

Буга чейин 90дой автоунаа менен 200дөн ашуун кыргызстандык жаран Оренбург облусундагы «Сагарчин» пунктунда Казакстанга кире албай турганы кабарланган.


Ушул тушта Казакстандын Алматы шаарынын аэропортунда учурда Индиянын борбору Делиден кайтып келген 19 кыргызстандык кармалып турат. Коронавирус коркунучуна байланыштуу түзүлгөн республикалык штаб Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги казак тарап менен кыргыз жарандарын алып чыгып кетүү жөнүндө макулдашканын, алар үчүн трансфер уюштуруларын билдирди.

Тышкы иштер министрлигине караштуу Консулдук кызмат департаментинин жетекчисинин орун басары Муса Көчөрбаев ошол эле учурда айрым бир өлкөлөрдөн мекенине кайтпай турууну чечкен кыргызстандыктар да бар экенин айтты.

«Биздин консулдук кызмат, Тышкы иштер министрлиги күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Күнү-түнү байланышта турабыз. Телефон, «Вотсап» өңдүү бардык каражаттарды пайдаланып иштеп жатабыз. Биздин жарандардын элчиликтерге кайрылбаганынын бир себеби, алардын ошол өлкөлөрдө мыйзамсыз жүргөнү менен байланыштуу. Андан сырткары Европага, АКШ биздин жарандар көп түйшүк менен кеткен, көп каражатын жумшаган. Ошондуктан алар ошол мамлекеттерде калууну каалап жатышат. Маселен Италия, Жапония жана Түштүк Кореяда жүргөн айрым жарандарыбыз, бул мамлекеттерде саламаттык сактоо тармагынын деңгээли жакшы деп ошол мамлекеттерде эле калууну каалап жатышат».

Ал арада «Айдоочулар» коомдук бирикмеси ушул жылдын башынан бери Кытайда турган жүк ташуучу 30 автоунааны чыгарып келүүгө өкмөттөн жардам сурады. Автоунаалар «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү бекетинен 100 чакырым алыс Улуу-Чат аймагында калган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG