Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Кыргызстанда коронавирус жугузгандар катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы адамдар катталды. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу штабынын 18-марттагы чукул жыйынында кабарланды.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18-мартка караган түнү ооруга катталган үч киши аныкталды. Оору жугузган 70, 62, 43 жаштагы үч киши Сауд Арабиясында умра сапарына барып келген.

«Сауд Арабиясына барып келген үч жаран катталды. Бул өлкө биздеги категорияга илинген эмес. Алар 12-мартта Шаржадан Кыргызстанга келишкен. Анализдери алынып, үйлөрүндө медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө турушкан. 16-мартта алардын бири, Сузак районунун тургунунун дене табы көтөрүлгөн. Тастыктоочу анализдери андан жана дагы эки кишиден коронавирусту аныктады», - деди министр.

Министрдин айтымында, ооруга чалдыккандар обсервацияда кармалып турушат.

Ал арада «Манас» эл аралык аэропорту COVID-19 вирусуна байланыштуу бир катар рейстерди, ал эми «Кыргыз темир жолу» жүргүнчүлөрдү ташууну убактылуу токтотту. Кабыл алынган чектөөлөрдүн жүк ташууга тиешеси жок.

Штабдын сунушу

Кыргызстанда Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб 17-мартка карата негизги эки чечимди кабыл алды. Штаб эпидемиологиялык абалга жараша коронавирус катталган өлкөлөрдүн категорияларын кайра карап чыгып, мурдагыдай үчкө эмес, экиге бөлдү.

Ага ылайык, биринчи категорияга Кытай, Италия, Иран, Испания, Түштүк Корея, Германия, Франция, АКШ, Швейцария, Англия, Голландия, Норвегия, Швеция, Белгия жана Австрия кирет. Башкача айтканда, кайсы өлкөдө коронавирус жугузган 1000ден көп адам катталса алар биринчи категорияга киргизилет. Экинчи топко вирус катталган өлкөлөрдүн баары кошулат. Биринчи категорияга кирген өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктар атайын даярдалган ооруканаларда 14 күнгө чейин обсервацияда жатат. Экинчи категориядан келгендери эки жумага үй карантинге алынат.

Штаб андан тышкары Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандардын киришине убактылуу чектөө киргизүүнү сунуш кылганын штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 17-марттагы басма сөз жыйынында билдирди:

Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

«Көп мамлекеттер ушундай чара көрүп жатышат. Коронавирус дүйнө жүзүнө тез тарап, биздин коңшу мамлекеттерден да чыккандыктан ушундай жол менен вирусту алдын алууну туура көрдүк. Бул чектөө жүк ташуучу автоунааларга тиешеси жок».

Өмүрбекова бул сунушту Тышкы иштер министрлиги карап, чечим кабыл алышы керек экенин кошумчалады. ТИМ азырынча кандайдыр бир чечим чыгара элек.

Соңку маалыматтарга караганда, коңшу Казакстанда коронавирус 30дан ашык адамга жугуп, 16-марттан тартып өлкөдө бир айлык өзгөчө кырдаал жарыяланды. Мунун алкагында Казакстанга чет өлкөлүктөрдүн киришине тыюу салынды. Кыргызстандын дагы бир коңшусу Өзбекстанда вирусту жугузгандардын саны он адамдан ашты. Бул мамлекет да чет өлкөлүк жарандардын киришин чектеди.

Той-аштарга тыюу салынып, коомдук жайлар жабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:57 0:00

Дүйнөдөгү жана коңшулардагы кырдаалдан улам «Манас» эл аралык аэропорту COVID-19 вирусуна байланыштуу бир катар рейстерди токтотту. Алардын катарында «Түштүк Корея авиалиниялары», «Флай Дубай», «Эйр Астана», «Өзбекстан аба жолдору», «Авиа Траффик Компани», «Вареш Эйрлайнс» сыяктуу компаниялар бар.

Коопсуздук үчүн «Кыргыз темир жолу» ишканасы да жүргүнчү ташыган эл аралык поезд каттамдарын убактылуу жапты. Ишкананын басма сөз катчысы Эркин Каимов бул чектөө жүк ташыгандарга тиешелүү эмес экенин эскертти.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Жүктүн бардык түрү Кыргызстанга киргизилет жана сыртка чыгарылат. Ага эч кандай чектөө жок. Ишкананын жооптуу адамдары келген жүктү катуу текшерип, анан кабыл алып жатышат», - деди Каимов.

Чет өлкөлүктөрдү киргизүүгө тыюу салуу боюнча Казакстан менен Өзбекстанда кабыл алынган чечимдерден кийин Кыргызстанда оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары камтама болуп жатышат. Себеби 16-мартта кыргыз-казак чек арасында автоунаалардын кезеги пайда болгон. Абалды көрүш үчүн кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрмө бекетине бардык.

«Чек арага 16-мартта келип, бир сутка турдум. Үч гана машинеден өткөрүп жатышты. 17-марттан баштап кайра жакшы иштей баштады. Азыр маселе жок. Казакстандын президенти коронавирустан улам чек арада текшерүү күчөтүлгөнүн айтпадыбы. Оор жүк ташыган автоунааларда негизинен экиден айдоочу жүрөт. Алар машинени алмашып айдашат. Бирок азыр чек арадан бирден гана айдоочуну өткөрүүдө», - деди айдоочу Виктор Бузунин.

Кыргыз-казак чек арасында абал кандай?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00

17-мартка карата «Ак-Тилек» чек ара бекетинде оор жүк ташыган автоунаалардын узун кезеги байкалбайт. Көзөмөл өткөрүү жайынан бир учурда 5-6 машине текшерелип өтүүдө. Кыргызстандан Казакстанга кирген автоунаалардын саны көп. Кыргызстанга киргендер азыраак экен.

Чек арадан өтүп бараткан автоунааны дезинфекциялоо иши.
Чек арадан өтүп бараткан автоунааны дезинфекциялоо иши.

Чек ара жөө адамдарга жабылды

Ушул эле «Ак-Тилек» постунан Кыргызстандын жарандары Казакстанга өтө албай калышты. Буга казак тараптын чет өлкөлүк жарандарга өлкөгө киришине тыюу салганы себеп болду. Биз чек ара бекетине барган учурда бир нече адам чек ара өткөрүү пунктунан артка кайтарылды. Алардын бири Бактыгүл Матиева:

«Мен «Ак-Жол» өткөрмө бекетине барып Казакстанга өтө албай койдум. Эми «Ак-Тилекке» келсем да «Кыргызстандын жарандарын өткөрбөйбүз» дешти. Ал эми Кыргызстан Казакстандын жарандарын өткөрбөйт экен».

Кыргызстандын жараны, бирок Казакстанда 15 жылдан бери туруктуу жашаганын айткан Элмира Мамедова да коңшу өлкөгө кире алган жок.

«Ак-Тилек» чек ара бекети. 17-март, 2020-жыл.
«Ак-Тилек» чек ара бекети. 17-март, 2020-жыл.

«Мени чек арадан өткөрбөй коюшту, - дейт ал. - Кыргызстанга кирип жатканда чек арачылар «жалпы жарандык паспортуң болсо маселе жаралбайт» дешкен. Мен Казакстанда 15 жылдан бери жашайм. Балдарым Казакстандын жараны. Эми үйгө кайтайын десем чек арадан өткөрбөй жатышат. Мен Кыргызстандын жараны болгонум менен жалпы жарандык паспортум бар да».

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жалпысынан 11 автоунаа өткөрүү пункту бар. Алардын бешөө көп тараптуу, алтоо эки тараптуу бекеттер.

Кыргызстанда коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдын маалыматы боюнча өлкөдө вирус катталган жок. 321 киши обсервацияда, 1228 адам үй карантининде жатат. Коронавируска баш-аягы 1724 кишиден анализ алынып, таза чыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG