Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:34

Коронавирус коркунучу күч алды


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус Кыргызстанга жакындап калганын, өлкө жарандары бул илдетти жугузуп алуу коркунучу күч алганын айтып чыкты.

Дүйнөнүн басымдуу бөлүгүндө жайылган коронавирус Борбор Азия өлкөлөрүндө өткөн жумада аныкталды. Мындай шартта журналисттерге маалымат берген премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул илдет Кыргызстанга жакындап келатканын эскертти:

«Казакстан, Өзбекстан менен алыш-катыш абдан чоң. Мындан улам коронавирустун Кыргызстанга келүү коркунучу аябай күчөдү. Буга байланыштуу өкмөт мурда иштеп жаткан тартиптен да күчтүү чара көрүп, авиакаттам, темир жол же авто жол менен кирип жаткан ар бир чет элдик жана биздин жарандарды текшерүү күчөтүлөт. Бүгүнкү күндөн тарта өкмөт дем алышсыз режимде иштей баштайт. Күнү-түнү дебей элибиздин суроолоруна жооп берүүгө даяр болушубуз керек».

Мухаммедкалый Абылгазиев "Манас" аэропортунда коронавирусту алдын-алуу чаралары менен таанышууда
Мухаммедкалый Абылгазиев "Манас" аэропортунда коронавирусту алдын-алуу чаралары менен таанышууда

Абылгазиев учурда тиешелүү мамлекеттик органдардын баары пандемиянын алдын-алуу боюнча даярдык көрүп жатканын кошумчалады.

Премьер-министр мындай кырдаалда жарандарды өз ден соолугуна кам көрүүгө жана той-аштарды кыскартууга чакырды.

Ал ортодо коронавирустун алдын-алуу боюнча республикалык штаб кезектеги чаралар топтомун кабыл алды. Ага ылайык, өлкө аймагында өпкөнү сезгенткен вирусту жайылтпаш үчүн түнкү клубдар, кинотеатрлар, компьютер залдары, соода борборлорундагы балдар үчүн оюн-зоок аянтчалары, тамактануучу жайлар убактылуу жабылат. Ал эми коомдук тамактануучу жайларда эл көп келчү иш-чараларды уюштурбоо, санитардык чараларды күчөтүү сунушталды. Буга чейин мектептер менен университеттерди 5-апрелге чейин убактылуу карантинге жабуу чечими кабыл алынган болчу.

Борбор Азия дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус жайылбаган
аймак катары саналып жаткан. Акыркы күндөрү коронавирус Казакстанда тогуз адамда аныкталса, Өзбекстанда илдетти жугузуп алгандардын саны алтыга жетти. Адистер коңшу өлкөлөрдө жугуштуу вирустун аныкталышы менен бул оору Кыргызстанды кыйгап өтүшү кыйын экенин белгилешүүдө.


Учурда бул илдеттин алдын-алууга жана аныкталса өлкө аны жайылтпоого канчалык даяр деген суроо тынчсыздандырууда. Өкмөт бул жаатта даярдык талаптагыдай экенин айтып, элди ишендирүүгө аракет кылып жатат.

Республикалык жугуштуу оорулардын клиникасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, өлкөдө СOVID-19 вирусу аныкталса, аткарылчу иш-чаралардын алгортими иштелип чыккан:

«Эгер ооруп калган адам аныкталса, ал сөзсүз түрдө ооруканага жаткырылып, изоляцияга алынат. Ал үчүн ооруканада атайын бөлүм даярдалган. Аны менен катар вирус табылган адам менен байланышта болгон бардык кишилер карантинге алынат. Бул аракеттердин баары бизде иштелип чыгып, даяр турабыз».


Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин коронавирусту аныктоочу алты лаборатория даярдалганын кабарлаган. Бул лабораториялар күнүнө 150дөн анализди аныктоого ылайыкташкан. Мындан сырткары вирусту аныктоочу тесттер кошумча алынып жатканы айтылган болчу.

Ошентсе да адистер учурда илдеттин таасирин Кыргызстанда азайтуу үчүн көңүл бурчу көп жагдайлар бар экенин белгилешет. Маселен, адамдарды жасалма дем алдырчу аппараттардын саны аз.

Жогорку Кеңештин депутаты, медицина илимдеринин доктору Альфия Самигуллина бул илдет Кыргызстанда эртеби-кечпи катталарын айтып, ага даярдыкты күчөтүү менен гана жеңүү мүмкүн экенин кошумчалады:

«Бул оорудан биздин өлкө качып кутула албайт деп ойлойм. Анткени вирус катталган коңшу өлкөлөр менен чек араны толугу менен жаап салууга мүмкүн болбой жатат, адамдар ары-бери каттай беришет. Мындай кырдаалда алдын-алуу чараларын күчөтүп, көңүл гана буруш керек. Мисалы, өкмөттүн окуу жайларды убактылуу карантинге алганы туура болду. Бирок бул жерде жоопкерчилик мамлекетте эле эмес, ар бир жаранда экенин түшүнүшүбүз керек».

Чынында эле өкмөт жарандарды эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырганы менен өлкөдө той-аш, массалык иш-чаралар өтүп эле жатат.


Жазуучу Олжобай Шакир учурда абал ары же бери болушу ар бир адамдан көз каранды экенин белгилейт:

«Экономикасы кубаттуу деген өлкөлөрдүн алы жетпей жатканда, бечелдин абалындагы Кыргызстандын башына мындай күн түшпөсүн. Бирок буга улут өзү да күнөөлүү болуп калбасын. Той-топур кыскарбай, көпчүлүктүн башы кошулган жерлерде гигиенаны деле канчалык сактап жатканыбызды ким билет. Ушул жерде караңгылык кылбай, жоопкерчиликтүү мамиле жасаш керек».

Жыл башында Кытайда башталган коронавирус учурда дүйнөнүн 146 мамлекетинде аныкталды. Жалпысынан 162 миңден ашык адам жуктуруп алса, каза болгондор 6500дөн ашты.

Бул вирустан улам дүйнөнүн бир нече өлкөсүндө чукул кырдаал киргизилди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG