Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Коронавирус өкмөттүн ишин күчөттү


Кыргыз өкмөтү коронавирус коркунучуна байланыштуу маданий, спорттук жана эл көп келчү иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Кыргызстанда маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилди.

Ошондой эле коомдук жайларда аба тазалагычтарды орнотуу, кызматкерлерди дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо сунушталды. Бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялагандан кийинки учурга туш келди.

«Жеке жактарга жана соода, тейлөө жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө алектенген менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактарга убактылуу чектөө алып салынганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүдөн жана катышуудан кармана туруу, жайларда жана залдарда санитайзерлерди, аба тазалагычтарды орнотуу, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылуу сунушталды», деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

12-мартта Жогорку Кеңеште коронавирустан коргонуу чаралары талкууланып, айрым депутаттар той-аштарды убактылуу токтотуп, окуучуларды жана студенттерди каникулга таратууну сунуш кылышты. Депутат Эмил Токтошевдин пикиринде, мындай чара коронавирустун алдын алууга жардам берет.

«Кескин түрдө тез арада тийиштүү чара көрүш керек. Жалпы билим берүү системасын, мектептерди, жогорку окуу жайларын убактылуу жабууну сунуш кылат элем. Андан тышкары мамлекеттик кызматтардын баарын электрондук кылып, калкка үй шартында маалымат алууга шарт түзүлүшү керек», - деди ал.

Кыргыз өкмөтү коронавирус коркунучуна байланыштуу мектептерди жабуу планын азырынча караштырган жок. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова чечим кырдаалга жараша кабыл алынарын айтты:

«Азырынча 21-марттан баштап 1-апрелге чейин каникулга чыгышат деп жатабыз. Эгер зарыл болсо улантуу жагын карайбыз. Кырдаалга жараша болот. Анын үстүнө ар кайсы жакка барбай, мектепке барып, санитардык-гигиеналык талаптар жана эрежелер тууралуу маалымат алып жатканы жакшы».

«Кайдан келгенин жашыргандар жоопко тартылат»
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

10-мартта АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустан коргонуу үчүн Кыргызстанга атайын медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардам тапшырды. 10 миң хирургиялык беткап, 10 миң мээлей, 1,4 миң халат, 200 коргонуучу көз айнек мекемелерге жана чек арадагы санитардык текшерүү бекеттерине таратылып берилет. Бирок соңку кырдаалдан пайдаланып дары-дармек, беткаптардын баасын кымбаттаткан учурлар катталып жатканы жана аларды көзөмөлдөө керектиги да парламентте кеп болду. Депутат Иса Өмүркулов буларды билдирди:

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

«Аймактарда, Бишкек шаарында деле сатылып жаткан дары-дармектин баалары ай сайын эмес, апта сайын өсүп жатат. Муну ким көзөмөлдөйт? Коронавирус сыяктуу коркунуч болгон учурда дары-дармек ташыган ишканалар акча табуунун айласын көрүүдө. Муну өкмөт катуу көзөмөлгө алышы керек. Себеби дарыканаларда ар кандай баа. Алар карапайым элдин айлыгына салыштырмалуу кымбат».

1-марттан бери кыргыз өкмөтү учурда жугуштуу илдет көп жайылган Кытайдын, Италиянын, Ирандын, Түштүк Кореянын жана Жапониянын жарандарынын Кыргызстанга киришине убактылуу тыюу салган. Ал эми бул өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктар 14 күндүк карантинге сөзсүз турушу керек.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан чыккан коронавирус дүйнөнүн 110дон ашуун өлкөсүнө тарап, дээрлик 118 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 4200дөн ашуун адам каза болду, 63 миңдейи айыгып чыкты. Кыргызстанда бул илдет катталган жок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG