Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:25

Өкмөт коронавируска каршы чараны күчөттү


АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Дүйнөлүк банк коронавирустан коргонуу үчүн Кыргызстанга атайын медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардам тапшырды.
АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Дүйнөлүк банк коронавирустан коргонуу үчүн Кыргызстанга атайын медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардам тапшырды.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Жогорку Кеңеш жана президенттин иш кеңсеси жайгашкан имаратка сырттан келгендерди киргизүү убактылуу токтотулду. Кыргызстанда коронавирус каттала элек.

Гүлзари Турсунова - коронавирус көп тараган Кытайдан мекенине кайткан студенттердин бири.

Ал Чженчжоу шаарынан Кыргызстанга кайтып келген соң 14 күн карантинге жаткырылып, жакында эле үйүнө барды. Гүлзари оорунун алдын-алуу боюнча ооруканадагы шарттар жөнүндө буларды айтып берди:

«Бизди Беш-Күнгөйдөгү ооруканага жаткырышты. Ал жакта үч маал тамак берет экен. Үч саат сайын дарыгерлер келип, дене табыбызды текшерип турду. Жатканда эле анализдерди алышкан, ал таза чыккандан кийин эки-үч күндүн ичинде үйүңө жөнөтөт экен. Үйүңөн 14 күн эч жакка чыкпашың керек, аймактык дарыгер келип текшерип турду. Анан эч кандай белгилери аныкталбаса, эки жумадан кийин дагы бир анализ алышат экен. Ошондон кийин гана эки жакка чыкканга мүмкүн болду».

Коронавирустун алдын-алуу боюнча республикалык штабдын маалыматына ылайык, 11-мартка карата Гүлзари сыяктуу миңден ашык адам 14 күн ооруканада жатып, үйүнө чыгарылган. Ал эми 304 адам учурда ооруканаларда обсервацияда жатат. Акыркы бир жарым айдын ичинде 1420 адамдан анализ алынып, баары таза чыккан.

1-марттан бери кыргыз өкмөтү учурда жугуштуу илдет көп жайылган Кытайдын, Италиянын, Ирандын, Түштүк Кореянын жана Жапониянын жарандарын Кыргызстанга киришине убактылуу тыюу салган. Ал эми бул өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктар 14 күндүк карантинге сөзсүз турушу керек. Мындан сырткары Франция, Германия, Испания, Сингапур, АКШ Кыргызстан чектеген өлкөлөрдүн экинчи тобуна кирди. Бул өлкөдөн келген адамдар да сөзсүз түрдө 14 күн үйүнөн чыкпай, дарыгердин көзөмөлүндө болушу керек.

Андан сырткары Кувейт, Бахрейн, Таиланд, Тайвань, Швейцария, Улуу Британия, Австралия, Малайзия, Канада, Ирак жана Бириккен Араб Эмирликтери үчүнчү топко киргизилген. Жогоруда тизмеленген өлкөлөрдөн Кыргызстанга учуп келгендер да өз үйүндө көзөмөлгө алынат. Бирок буга чейин социалдык тармактарда жугуштуу илдет көп жайылган өлкөлөрдөн келген айрым адамдар карантинге алынбай эле чыгып жатат деген маалыматтар айтылып жүрөт.

Коронавирустун алдын-алуу боюнча республикалык штабдын мүчөсү, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мындай маалыматтарды четке какты. Анын айтымында, учурда көзөмөлдү күчөтүүгө бардык чаралар көрүлүүдө:

«Өткөрүү-көзөмөл жайларда көзөмөл күчөтүлгөн. Үч категорияга бөлүнгөн өлкөлөрдөн келген адамдар текшерилип жатат. Кыргызстандын жарандары убактылуу чектөө коюлган өлкөлөрдөн кирген учурда 14 күндүк карантинге жаткырылышы керек. Бирок туура эмес маалымат берип, келген өлкөсүн жашырган адамдар болгон. Алар сөзсүз түрдө аныкталып, карантинге жаткырылат. Ал эми билип туруп, атайлап муну жашырса, Кылмыш кодексинин 280-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат».

Өмүрбекова жугуштуу вирустан сактануу үчүн өлкө аймагында массалык иш-чараларды уюштуруу тыюу салынганын кошумчалады.

«Кайдан келгенин жашыргандар жоопко тартылат»
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Дүйнөлүк банк коронавирустан коргонуу үчүн Кыргызстанга атайын медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардам тапшырды.

10 миң хирургиялык беткап, 10 миң колкап, 1,4 миң халат, 200 коргонуучу көз айнек жана FFP2 тибиндеги 200 беткап медициналык мекемелерге жана чек арадагы санитардык текшерүү бекеттерине таратылып берилет.

Республикалык штаб күн сайын жыйын өткөрүп, коронавирус боюнча абалды талдап жатканын билдирүүдө. 11-марттагы жыйында вирустан сактануу боюнча беткаптар Кыргызстанда өндүрүлө баштаганы айтылды. Мындан тышкары мечиттерде, соода түйүндөрүндө жана коомдук транспортто дезинфекциялоо жүрүп жатканы кабарланды.

Ал ортодо президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары отурган өкмөт үйүнө сырттан келгендерди киргизүү убактылуу токтотулганы белгилүү болду.

Коронавирустан коргонуу жолдору
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00

Парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттардын чет өлкөлүк сапарларын токтото туруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди:

«Жогорку Кеңешке чектөө киргизип жатабыз. Мурда сырттан келген конокторду, айылдык кеңештердин депутаттарын, мектеп окуучуларын, студенттерди кабыл алчубуз, иш-чараларды өткөрчүбүз. Мунун баарын убактылуу токтоттук. Сыртка чыгуу боюнча, эгер ал сапар Жогорку Кеңеш аркылуу болсо, аны токтотууга депутаттар менен сүйлөшүп жатабыз. Ал эми өз демилгеси менен же башка мамлекеттик эмес уюмдар менен чыгып жаткандардын өз иш-чаралары бар экен, ошонун негизинде чыгып жатышат. Бирок аларга да эскертүү беребиз».

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган жугуштуу вируска каршы өкмөттүн чараларына карабай Кыргызстанда массалык иш-чаралар токтоп калган жок. Акыркы эле аптада Бишкекте эки жолу нааразылык акциясы өтсө, мечиттерде миңдеген адамдар чогулган намаздар окулууда.

Мурдагы саламаттык сактоо министри, дарыгер Талант Батыралиев бул илдеттен сактанууда жоопкерчилик жарандардын өзүндө болушу керек деп эсептейт:

«Ар бир жаран колунан келгендей, бир эле коронавирус эмес, бардык эле дарттардан сактана билиши керек. Колду таза жууп, өздүк гигиенаны сактаса эле бир топ оорунун алдын-алса болот. Мамлекет эле чара көрбөйбү деген туура эмес түшүнүк».

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан чыккан коронавирус дүйнөдө дээрлик 110 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 4 миңден ашуун адам каза болду, 60 миңге жакын киши айыгып чыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG