Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Иранда калган айдоочулар президентке кайрылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандан чыга албай калган 76 айдоочу аларды алып кетүүнү сурап, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Ал эми Кыргызстан айдоочуларды чыгарып кетүү үчүн буга чейин Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан.

Иран-Түркмөнстан чек арасында карантинде камалып калган кыргыз айдоочуларын Ирандан чыгарып кетүү тууралуу Кыргызстандын өтүнүчүн Түркмөнстан канааттандырган жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова коронавирустун алдын алууга байланыштуу көрүлүп жаткан акыркы чаралар боюнча «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

«Ирандан айдоочуларды чыгарып кетүү үчүн Түркмөнстан расмий нота берип, биздин айдоочуларды өзүнүн аймагынан өткөрө албай турганын билдирди. Алар да коронавирустун алдын алуу үчүн өзүнүн мамлекеттик чараларын көрүп жатат. Учурда Орусия жана Азербайжан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, дипломатиялык жол менен, өкмөт аралык сүйлөшүүлөр менен маселени чечүүгө аракет кылып жатабыз. Башка өлкөдөгү жарандар болсо үчүнчү мамлекеттер аркылуу Кыргызстанга кайтып жатышат».

76 кыргызстандык айдоочу Иранда 18-февралдан бери карантинде кармалып турат. Алар Иранда коронавирус тез жайылып, Түркмөнстан бул өлкө менен чек арасын жапканга байланыштуу артка кайта албай калышкан.

Иран-Түркмөнстан чек арасына жакын жайгашкан унаа токтотуучу жайда турган айдоочулардын бири Нурлан Сайпидинов мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, коронавирус күчөп жаткан өлкөдөн аларды чыгарып кетүүгө көмөктөшүүсүн өтүнүүдө. Алар учурда тамак-аштан кыйналып жатышканын «Азаттыкка» билдирди.

«Визанын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу биз ар бир өтүп кеткен күн үчүн 45 миң тумандан төлөйт экенбиз. Элчиликтин кызматкерлери келип, «мейманканага барып түнөгүлө» деп кеңеш берди, бирок ал да оңой эмес акча. Ошондуктан машинеде түнөп, тамак-аштан да кыйналып жатабыз».

Иранда калган кыргызстандык айдоочулар.
Иранда калган кыргызстандык айдоочулар.

Иран-Азербайжан чек арасында да 20 кыргыз айдоочусу карантинде турушат. Алардын айтымында, Казакстан, Орусия жана башка өлкөлөр ал жакка келген айдоочуларын чыгарып кетишкен.

«Ирандын Астара деген чек арасында турабыз. Коронавируска байланыштуу чек араны жаап салышкан. Казакстан, Орусия жана башка өлкөлөр айдоочуларын чыгарып кетишти. Ирандагы консулга чалсак «күтүш керек» деп эле айтууда. Бизди эч ким караган жок. Акчабыз да түгөндү, тамак-аштан кыйналдык. Депутаттарга кайрылып, бизди чыгарып кетүүсүн суранат элек», – деди Иранда калган айдоочулардын бири.

Айдоочулардын саламаттыгы тууралуу так маалымат жок. Алар өздөрү эч ким оорубаганын билдиришүүдө.

Ишкер: Иранда алма жүктөгөн унаалар карантинге кабылды

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги коронавирус көп катталган беш өлкөдө 3000ге жакын кыргыз жараны бар экенин кабарлаган. Алардын эки жарым миңге жакыны Түштүк Кореяда.

Ал эми Американын Калифорния штатында карантинге алынган «Grand Princess» кемесинде эки кыргыз жараны бар экенин Кыргызстандын АКШдагы элчилиги кабарлады. Мурдараак аталган саякат кемесиндеги 21 кишиден коронавирус аныкталган.

Ал эми Жапонияда коронавируска байланыштуу карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесиндеги кыргызстандык Бишкекке кайтып келди жана ал 14 күндүк обсервацияга жаткырылды. Анын абалы туруктуу экенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министрлик 9-мартка карата Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу иштеринин алкагында 286 адам обсервацияда жатканын, эпидемиологиялык абал туруктуу экенин кабарлады. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева буларды айтты:

«Ирандын бир, Кытайдын 78, Орусиянын сегиз, АКШнын эки, Казакстандын бир, Өзбекстандын төрт, Түркиянын бир жараны обсервацияда жатат. Жалпысынан медициналык байкоодон чыккандардын саны 1,5 миңге жетти, алардын 1,2 миңи кытайлыктар. Бүгүнкү күндө коронавируска чалдыккан эч ким жок».

Адистин айтымында, коронавирус илдети катталган аймактан келгендерден эки жолу - обсервацияга алынганда жана чыгаарда анализ алынууда. Баарынын анализи таза чыкты.

Коронавируска байланыштуу өлкөдө бир топ маданий, спорттук иш-чаралар токтотулду. Улуттук филармония, Опера жана балет театры да көрүүчүлөр үчүн эшигин убактылуу жапты. Андан сырткары Нооруз майрамына карата жыл сайын өткөрүлүп келген көк бөрү мелдеши да убактылуу токтотулду.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова буларды айтты:

«Көк бөрү мелдеши - көрүүчү көп келген мелдештин бири. Андыктан мелдеш убактылуу токтотулду. Бул чара көк бөрү күйөрмандарынын коопсуздугу үчүн көрүлүп жатат».

Учурда дүйнөдө коронавирустан өлгөндөрдүн саны 3790 адамга жетти. Жалпысынан бул илдетке 108 446 киши чалдыккан. Вирус дүйнөнүн 94 өлкөсүндө катталды.

Италияда акыркы суткада коронавирустан 133 адам өлдү. Өлкө бийлигинин маалыматына караганда, жалпы өлгөндөрдүн саны 366га жетти. COVID-19 деп аталган жугуштуу илдетке Италияда 7375 адам чалдыккан.

Кытайдын өзүндө бир суткада 28 адам, жалпы 3097 киши өлдү. Италияда 366, Түштүк Кореяда 50, Иранда 194, Францияда 19, Жапонияда 14 адам көз жумду. Оорудан 58,5 миң адам айыгып чыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG