Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Иранда калган айдоочулар жардам сурашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус катталган беш өлкөдө үч миңден ашуун Кыргызстандын жараны бар. Алардын эки жарым миңге жакыны Түштүк Кореяда, калагандары Кытайда, Италияда, Жапонияда жана Иранда экенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маселен, кыргызстандык 76 айдоочу 18-февралдан бери Иран менен Түркмөнстандын чек арасында карантинде турушат. Алар кыргыз өкмөтүнөн тез арада чыгарып кетүүнү суранышты.

Өзүн Тахир деп тааныштырган айдоочу Кыргызстандан Иранга пахта жүктөп барган. Ал арада Иранда коронавирус тез жайылып, Түркмөнстан бул өлкө менен чек арасын жапканга байланыштуу артка кайта албай калган.

Тахир "WhatsАpp" тиркемеси аркылуу «Азаттык» радиосу менен байланышып, иран-түркмөн чек арасынан 15 чакырым узактагы автоунаа токтоочу жайда турганын жана аларга эч кандай жардам көрсөтүлбөй жатканын билдирди:

«Кыргызстан Иран жана Түркмөнстан менен сүйлөшүп, биз үчүн коридор түзүп берсе жакшы болмок. Мамлекеттер ич ара сүйлөшүп чече турган маселе да. Бизде азырынча тамак-аш бар. Болгону визаларыбыздын мөөнөтү бүтүп жатат. Эртең ар бир чек ара бекетинде айып төлөп калышыбыз мүмкүн. Ага төлөгөнгө акчабыз да калган жок. Акчасы барлар учак менен кетишти. Биздин ден соолугубузду сурап, дене табыбызды өлчөгөн деле киши жок. Биз өзүбүз Ирандагы Кыргызстандын элчилигинин номерлерин издеп таап, байланыштык. Түркмөнстандагы элчилик үн ката элек. Бизди эртерээк чыгарып кетишсе жакшы болмок».

Ишкер: Иранда алма жүктөгөн унаалар карантинге кабылды

Жүк ташуучу автоунаалардын көпчүлүгүнө жер-жемиш жана тиричилик техникалары жүктөлгөн. Алар Түркмөнстан, Өзбекстан аркылуу Кыргызстанга келмек.

Учурда кыргызстандык 76 айдоочу Ирандагы эки чек ара бекетинде турат деген маалымат бар. Бирок Соода-өнөр жай палатасынын логистика жана транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу алардын саны мындан да көп болушу мүмкүн деген пикирде.

Талантбек Маткерим уулу
Талантбек Маткерим уулу

«Айдоочулар менен "WhatsАpp" аркылуу гана сүйлөшүп жатабыз. Аларга тамак-аш жана акча керек. Бирок учурда Ирандагы банктык котормолордун чектөөсүнө байланыштуу биз айдоочуларга акча да которо албай жатабыз. Айдоочулар жардамга муктаж. Азырынча ден соолугуна байланыштуу эч ким кайрыла элек. Айдоочулардын арасында вируска чалдыккандар жок. Биз күн сайын Тышкы иштер министрлиги менен тыгыз иштешип жатабыз. Азербайжан же Өзбекстан аркылуу коридор түзүп, аларды алып келүүгө аракет кылабыз».

Талантбек Маткерим уулунун билдиришинче, учурда Соода-өнөр жай палатасы ТИМ менен биргеликте Ирандагы айдоочуларды Кыргызстанга алып келүү үчүн Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Ал арада Тышкы иштер министрлиги коронавирус катталган беш өлкөдө 3000ден ашуун Кыргызстандын жараны бар экенин билдирди.

«Кытайда 280, Италияда 352, Түштүк Кореяда 2348, Иранда 67, Жапонияда 64 жараныбыз бар. Булар консулдук каттоого тургандар», - деди тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов.

Сөз болуп жаткан мамлекеттерде акыркы 30 күн ичинде болгон кыргызстандыктар өлкөгө келгенден кийин 14 күн карантинге алынат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда баш-аягы 1500 адамдан анализ алынып, бардыгы таза чыккан. Учурда 200гө жакын киши обсервацияда жатат.

Өлкөдөгү коронавирустун алдын алуу штабынын өкүлү Нурболот Үсөнбаев Кыргызстандагы акыркы кырдаал боюнча буларды айтты:

«Бүгүнкү күнүндө Кыргызстандын аймагында короновирус жуктуруп алгандар катталган жок. Учурда 200дөй киши карантинге алынып, врачтардын көзөмөлүндө. Алар коронавирус катталган өлкөлөрдөн келген кыргыз жарандары. Арасында иш сапары менен келген чет элдик жарандар да бар. Баарынан анализдер алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат».

Коронавирустун алдын алуу штабы жарандарга эл көп чогулуучу жерлерге барбай, массалык иш-чараларды чектөөнү сунуш кылды. Казакстан болсо коронавируска байланыштуу кыргыз жарандарына ID-карта менен кирүүгө тыюу салды. Мындай чектөө 8-марттан тарта күчүнө кирет.

Дүйнө жүзү боюнча өпкөнү сезгенткен вирусту жуктуруп алгандар 90 миңден ашты жана андан 3 миңден ашуун адам ажал тапты. Коронавируска чалдыккандар эң көп Кытай, Түштүк Корея, Иран, Италия жана Жапонияда катталган.

Кыргызстан ушул айда бул мамлекеттин жарандарынын өлкөгө келишине убактылуу чектөө киргизди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG