Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Өкмөттүн чектөөсү, журтташтардын санаасы


"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

Кыргыз өкмөтү коронавируска байланыштуу ID-карта менен өлкө аймагына киргендер кошумча текшерүүдөн өтөрүн эскертти.

Мындан тышкары, келген өлкөсү же учурдагы саламаттыгы күмөн жараткандар 14 күндүк тийиштүү карантинге алынышы мүмкүн.

"Чет жактан келген жарандар милдеттүү түрдө жалпы жарандык паспортту көрсөтүүгө тийиш. Жалпы жарандык паспорту жок жарандар ID-карта менен өтөт. Жарандык паспорттун бар же жогу Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук системасы аркылуу текшерилет. Мындай шартта жарандар кошумча текшерүүдөн өтүшү зарыл. Бул убактылуу чара 2020-жылдын 1-мартынан тарта жаран кайсы өлкөдөн келгенин аныктоо үчүн кирди", - деди кыргыз өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул.

Буга чейин, 28-февралда кыргыз өкмөтү чет өлкөдөн келген жарандарга Кыргызстандын аймагына ID-карта менен кирүүгө убактылуу тыюу салынарын кабарлаган. Тийиштүү маалымат өкмөттүн сайтында расмий жарыяланган.

Ушул эле күнү вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова "Азаттык" радиосуна курган маегинде коронавирус эң көп катталган жана вирус тез тарап жаткан беш өлкөдөн - Кытай, Иран, Италия, Жапония жана Түштүк Кореядан келгендер карантиндик текшерүүдөн качууга аракет кылып жатканын белгилеген.

"Биздин кээ бир жарандарыбыз, айрыкча Москва же Орусиянын башка шаарлары аркылуу транзит менен келгендер карантинден өтпөш үчүн ушундай кадамга барып жатат. Кайдан келгенин жашырып, эл аралык паспортун чөнтөккө салып коюп, ID-карта​ны көрсөтүп, "Москвадан эле келдим" деп кирип жаткан учурлар байкалды".

Мындай чечим коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын сунушу менен кабыл алынган.

Өмүрбекова: Коронавирустан жоопкерчилик коргойт
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:40 0:00

Өкмөттүн убактылуу бул чарасы Орусияда иштеген айрым кыргызстандыктарды нааразы кылды.

Расмий маалыматтарга таянсак, Орусияда 728 миңдей кыргыз жараны эмгек миграциясында жүрөт. Бул өлкөгө ID-карта менен кирип, иштөөгө мүмкүн болгондуктан, басымдуусу көк паспортсуз жүрүшөт.

Мигранттардын бир тобу документин алмаштырууга же миграциялык картасын жаңыртуу үчүн Кыргызстанга барышы керектигин айтса, айрымдары учакка билет алып койгонун, кээ бири ID-карта менен кыска мөөнөткө конокко келген туугандары бар экенин айтышууда.

Чектөө тууралуу толук маалымат, түшүндүрмөнүн жоктугу мигранттарды убайымга салган.

"Кыргызстандын улуттук паспорту менен Кыргызстанга кире албай калуу - акмакчылык. Биздин өкмөт "өзүбүз берген документке өзүбүз ишенбейбиз, текшере албайбыз" деп жатабы?", - деди атын атагысы келбеген мекендеш.

Ошол эле маалда журтташтар арасында Кыргызстандагы жарандардын коопсуздугу үчүн кабыл алынган өкмөттүк чектөөнү колдогондор да арбын.

"ID-карт - бул ички паспорт. Аны Кыргызстандын ичинде гана колдонсо болот. Ал эми чет өлкөгө чыккан жарандар сөзсүз эл аралык паспортту алышы керек. Бул мекендештердин өзүнө деле жакшы. Бир документти жоготуп алса, экинчиси колдо болот", - деп түшүндүрдү диаспора өкүлү Алтай Иманалиев.

Кыргызстандык «Авиатрафик» компаниясынын Москвадагы өкүлү Эгемберди Мырзабеков 1-мартта Кыргызстанга жети рейс каттаганын, чек арадан өтпөй калгандардан арыз түшпөгөнүн билдирди:

"1-мартта жалпысынан Москванын аэропортторунан жети учак Кыргызстанга кетти. Орточо эсеп менен бир миңдей адам кетти. 70-80 пайызы ID менен учушту. Чек арадан өтпөй калдык деп бизге бир да маалымат түшкөн жок".

Элчилик аракети

Ал эми Москвадагы элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова Кыргызстанга чукул арада барууга муктаж жарандарга элчилик атайын маалымдама даярдап бергенин билдирди.​

Гүлбарчын Байымбетова
Гүлбарчын Байымбетова

Мындай документ чек арадагы күчөтүлгөн көзөмөлдөн өтүүгө жардам бериши керек дейт ал.

"Жалпы жарандык паспорту барлар билетти ID-карта менен алышкан болсо деле, көк паспортун кошумча көрсөтүп коюп өтө беришет. Мурда көк паспорт албагандар же алып алып жоготуп жибергендер, же үйүндө калтырып койгондор чек арадан жашырбай так, тоолук маалымат бериши керек. Азыр элчиликтин демилгеси менен мурда көк паспорт албагандарга атайын маалымдама берүүнү чечтик. Москвада жүргөндөр чек арадагы текшерүүдөн чочулап турса, алдын ала элчиликке келип, маалымдама алып кетсе болот".

Москва шаары менен облусунда иштеген мигранттар элчиликке кайрылып, эл аралык паспортко документ тапшырса болот. Бирок, аны алууга убакыт керек.

"Акысы 60 доллар. Үч жумада берилет. Жаран ID-картасы, миграциялык картасы менен миграциялык каттоонун көчүрмөлөрү менен алып келиши керек. Сүрөткө консулдуктан өздөрү тартышат".

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына ылайык 2-мартка карата өлкөдө коронавируска чалдыккандар жок. Чек арадагы өткөрмө-көзөмөл жайлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Өкмөт эл көп жыйналган жерлерден мүмкүн болушунча оолак болууну, көп сандагы адамдар катышкан кандайдыр бир иш-чараларды чектөөнү сунуштады.

Буга чейин Орусияга келген эки кытай жаранынан коронавирус аныкталган. 1-мартта Италиядан кайткан бир орус жаранында жугуштуу вирус табылып, Москвадагы ооруканага жаткырылганын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашкан. Роспотребнадзор мындай маалыматты четке какты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG