Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 25-февраль, 2020 Бишкек убактысы 21:47

Лу: Кыргыз бийлиги тынчсыздануубузду олуттуу кабыл алды


АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу. 5-февраль, 2020-жыл.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Вашингтон киргизген визалык жана миграциялык чектөөлөрдүн маңызын кеңири чечмелеп берип, аны чечүү жолдору тууралуу "Азаттык" радиосуна маек курду.

"Азаттык": Дональд мырза, биздин студияга кош келиптирсиз.

Дональд Лу: Касым, мени чакырганыңар үчүн алкыш. Силердин көргөн, уккан адамдарды Жаңы жыл менен майрамы менен куттуктай кетейин. Биз маекти баштардын алдында эки ооз сөз айтып койгум келет.

2020-жыл чыңалуу менен башталды. Иран менен тирешүү орун алды. Азыр коронавирустун жайылышын токтотууга эбегейсиз аракеттер көрүлүп жатат. Ага кошулуп визалык чектөө да кирди. Биз бул тууралуу кенен сөз кылабыз.

Ошону менен бирге 2020-жылы бир катар жакшы окуялар да орун алганын айта кетишим керек. Ушул жумада Вашингтон Борбор Азия өлкөлөрүнө багытталган жаңы стратегиясын жарыялады.

Дүйшөмбү күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Ташкентте жолукту. Биз ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековдун санариптештирүү жылы деп жарыялаган демилгесине да колдоо көрсөтүп келебиз.

Визалык чектөөлөр, Вашингтондун талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:34 0:00

"Азаттык": Албетте, биз бул суроолорго кайтып келебиз. Биздин маегибиз Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы мамиле начарлаган учурга туш келип отурат. Биз угарман, окурмандарыбыздан көптөгөн каттарды, суроолорду алып жатабыз. Андыктан кепти жүрөк өйүткөн маселеден баштасак.

Өткөн жумада Вашингтон жарыялаган визалык же миграциялык чектөөлөрдүн расмий себеби катары Кыргызстандын биометрикалык паспортторду берүү жараянын кечеңдеткени, АКШнын жарандарынын бейпилдигин камсыз кылууга керектүү терроризм жана коомдук коопсуздукка байланышкан маалыматты АКШ менен бөлүшпөй койгону айтылды. Эмне себептен 80 өлкөнүн арасынан Кыргызстан тандалып алынды?

Мурда биздин мамлекеттер ортосунда мындай маалымат алмашуу жолго салынган болчу. Биз ошол маалымат алмашуунун негизинде чек арабызды, Кыргызстан өзүнүн бүтүндүгүн коргой алмак. Себеби, терроризм жөнүндө бизде көп маалымат бар. Тилекке каршы, ошол кызматташтык Атамбаевдин учурунда начарлап кетти.


Дональд Лу: Мен бул суроого так жооп берейин, себеби бул маселеге байланыштуу тынчсызданган пикирлер көп айтылды. “АКШ коррупцияга байланыштуу визалардын айрым түрүн берүүдөн баш тартты, бул транзиттик борбордун жабылганына байланыштуу же алар сөз эркиндигинин абалы үчүн ушундай кылды” деген ар кандай божомолдорду айтып жатышат. Мунун баары чындыкка жатпайт. Буга – Кыргызстандын электрондук биометрикалык паспортторду чыгарбаганы гана себеп болду.

Сиз 80 өлкө жөнүндө сурадыңыз. Бирок сиз Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO – International Civil Aviation Organization) сайтына кирсеңиз же электрондук, же биометрикалык паспорту бар 160 өлкөнүн тизмесин көрөсүз. Электрондук паспорттун ичинде чип болот жана аны жасалма кылып чыгаруу мүмкүн эмес. 160 өлкөдө ошондой паспорт бар, ал эми 30 өлкөдө мындай паспорт бериле элек. Кыргызстан азыр ошол 30 өлкөнүн катарында.

Экинчи критерий - бул терроризмге же теракт уюштурууга шек саналган кишилер тууралуу маалымат менен бөлүшүүнүн аксаганы. Мен мурда да Кыргызстанда иштеп кеткем. Мурда биздин мамлекеттер ортосунда мындай маалымат алмашуу жолго салынган болчу. Биз ошол маалымат алмашуунун негизинде чек арабызды, Кыргызстан өзүнүн бүтүндүгүн коргой алмак.

Себеби, терроризм жөнүндө бизде көп маалымат бар. Тилекке каршы, ошол кызматташтык Атамбаевдин учурунда начарлап кетти. Биз кайрадан ушул жааттагы кызматташтыкты жандантабыз деген үмүттөмүн.

Андан тышкары дагы төрт критерий бар. Алардын бири кылмыш иштери тууралуу маалыматты бөлүшүү. Экинчиси – АКШга баргысы келген жарандардын саякат документтеринин анык экенин ырастоо үчүн маалымат менен бөлүшүү. Үчүнчүсү - негизи эле паспорттор жана ID карталардын үлгүлөрү тууралуу маалымат менен бөлүшүү. Кыргызстан аны аткарып турат. Төртүнчүсү - жоголгон паспорттор тууралуу маалыматты эл аралык полицияга – Интерполго берип туруу шарты.

"Азаттык": ​Сиз Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү менен жолугуп жүрөсүз. Негизи эле элчилик кыргыз бийлигине жогоруда сөз болгон маселелерге байланыштуу кандайдыр бир эскертүүлөрдү айтып же тынчсыздануусун билдирип келди беле? Эгер андай болсо кыргыз бийлиги кандай реакция кылган? Бул чектөөлөр расмий Бишкек үчүн күтүүсүз болдубу?

Бул жактагы аткаминерлер мен кеп кылган критерийлерди олуттуу кабыл алат, айрыкча биометрикалык паспортторду ушул жылы бере баштайт, үлгүрөт деп терең ишенем.


Дональд Лу: Июль айынан тарта мен эле эмес, Вашингтондон келген жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрү Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнө жолугуп, жогоруда айтып өткөн маселелер боюнча тынчсыздануусун билдирип, аларды чечүү жолдорун талкуулашкан. Менин билишимче, кыргыз бийлиги биздин тынчсыздануубузду олуттуу кабыл алып, чын дилинен кандайдыр бир чара көрүүгө аракет кылышты, жада калса бул жаатта ийгиликке да жетише алды. Мен сөз кылган алты критерийге да жооп берүүгө аракет кылды, тилекке каршы толук кандуу жооп болбоду. Биз ушул күнгө чейин жолугушууларды уюштуруп жүрөбүз. Өткөн жумада тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын өкүлдөрү жана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы менен жолугуп, кызматташуу жолдорун талкууладык. Бул жактагы аткаминерлер мен кеп кылган критерийлерди олуттуу кабыл алат, айрыкча биометрикалык паспортторду ушул жылы бере баштайт, үлгүрөт деп терең ишенем.

"Азаттык": Грин-карта утуп алган Кыргызстандын жарандары дүйшөмбү күнү Тышкы иштер министрлигинин алдына чогулуп, кыргыз бийлигинен тез арада чара көрүүсүн талап кылышты. Вашингтон тараткан билдирүүнүн өзүндө да “тизмеге кирген өлкөлөр кетирген кемчиликтерин оңдоп-түзөөгө 180 күн берилет” деп жазылган экен. Демек, Вашингтон 180 күндүк мөөнөттө кайрадан маалыматты анализдеп чечимин өзгөртүшү ыктымал. Кыргыз бийлиги кыска мөөнөттө бир натыйжага жетише алабы? Бул реалдуубу?

Дональд Лу: Келерки бир нече айда жогорудагы критерийлер боюнча алгылыктуу жылыш болот деп айтуу реалдуу эле нерсе. Мага тышкы иштер министри кудум ушундай суроо берди. Ал менден "Кыргызстан кыска мөөнөт ичинде болгон аракетин жумшаса, кырдаалды өзгөртүү канчалык реалдуу болобу?" деп сурады.

Айрым критерийлер боюнча келерки бир нече жуманын ичинде өзгөртүүлөрдү жүзөгө ашырса болот деп жооп бердим. Бирок алардын эң маанилүүсү - кайра эле биометрикалык паспорт маселесине келип такалат. Мен да муну бир нече жуманын ичинде чечип койсо болот деп үмүт артуудан алысмын. Бул комплекстүү процесс. Мен Мамкаттоонун төрагасы Мамбетовдун кеңсесине барганымда, ал мага жогорку даражадагы коопсуздук элементтери менен жабдылган жаңы биометрикалык паспорттордун үлгүлөрүн көрсөттү. Мен аябай таасирлендим.

Эми аларды басып чыгарууга Кыргызстандын мыйзамдары талап кылгандай тендер жарыялап, чындап эле коопсуз, корголгон паспорт чыгарууга өбөлгө түзүлүшү керек. Мунун баары убакытты талап кылат. АКШнын элчилиги же башка элчилик бул аракеттерге кандай колдоо көрсөтө алат деп кызыктым. Албетте бул чектөөлөр баарыбыз үчүн жагымсыз, бирок эгер бир нече ай өткөн соң кыргыз жарандары коопсуздугу жогору биометрикалык паспортторду ала баштаса, бул чоң жетишкендик болмок.

"Азаттык": Түшүнүктүү. Мен эми узак мөөнөттүү виза алуу үчүн документ тапшырган жарандар жөнүндө, визаны жылдап күтүп келген алардын туугандары жөнүндө сөз кылгым келип турат. Алардын тагдыры эми кандай болот?

Дональд Лу: Абдан маанилүү суроо. Алардын арасында менин да досторум бар. Бул чектөөлөр визанын эки эле түрүнө – миграция визасы жана грин-карта алуу үчүн арыз тапшыргандарга тиешелүү. Калган категориядагы визалар өзгөртүүсүз берилет. АКШга студент, турист же бизнесмен катары баргысы келгендер үчүн талаптар мурдагыдай бойдон калат.

Ал эми миграциялык виза алгысы келип, документ тапшыргандарды виза кызматкерлери бирден алып карап, кимге берилет жана кимге берилбей турганын аныктайт. Ошентип эгер сиздин Америкада туугандарыңыз бар болсо, анда виза алуу мүмкүнчүлүгүңүз көбүрөөк болот. Бирок аны биздин элчилик бирден алып карап, электен өткөрөт.

Грин-карта тууралуу айта турган болсок, 21-февралдан кийин бере албай калабыз. Анткени чектөөлөр күчүнө кирет. Алардын ичинен кандайдыр бир себептерден улам виза алууга мүмкүнчүлүк алгандар болушу мүмкүн. Ошондуктан чектөөлөр дал ушул экинчи группага көбүрөөк таасир этет.

"Азаттык": ​Туристтик, студенттик же визанын башка түрлөрүнө документ тапшырып жаткан Кыргызстандын жарандарынын 70 пайызына АКШ элчилиги виза берүүдөн баш тартып жатат деген статистика бар экен. Былтыр мисалы канча киши виза алды? Бул сан өзгөрүшү мүмкүнбү?

Дональд Лу: Мен чындап эле бул статистика кайдан чыкканын билбейм. Мисалы, былтыр биздин элчиликке 7 миң киши виза алуу үчүн кайрылган. Биз алардын баарын кабыл алдык. Буга кошумча беш жылдык виза алгандар да бар. Алар беш жыл бою бизге кайрылбай эле АКШга саякаттап жүрө берсе болот. Эми ошол 7 миң кишинин ичинен дээрлик жарымына виза берилди. Демек, биз кайрылгандардын 50 пайызына виза бердик десек болот. Бул сан мурдагы жылдары да өзгөргөн эмес.

Бизге кайрылган кишилердин виза ала албай калышына эмне себеп болушу мүмкүн? Баарыбыз билгендей учурда Кыргызстандан АКШга барып, бирок мыйзамсыз калып калган мигранттар көп. Мындай көрүнүштүн айынан мыйзам биздин кызматкерлерден виза алуу үчүн кайрылган ар бир кишинин документтерин кылдат текшерүүнү талап кылат.

Бирок ошол эле учурда биздин виза берген кызматкерлер аймактарды кыдырып, АКШнын визасын алуу үчүн эмне кылыш керек, кандай талаптарга жооп бериш зарыл деген маалыматты таратып жүрүшөт. Ошол себептен бара-бара виза алуу үчүн кайрылып, виза алган жарандардын саны көбөйөт деп айтсам болот.

"Азаттык": Мен эми азыноолак геосаясий маселеге токтоло кетейин. Вашингтон “С5 +1” форматындагы дипломатиялык платформада Борбор Азиянын беш мамлекети менен диалог курууну көздөп келет. Андан мурда эле 2011-жылы АКШнын ошол кездеги мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Бишкекке келип кеткен. Анда дүйнөнүн гана эмес, Кыргызстандын өзүнүн серепчилери бул кадамды АКШнын демократияга багыт алган Кыргызстанга көрсөтүп жаткан колдоосу катары кабыл алышкан.

Визалык чектөөлөр эмне себептен кыргызстандыктарды капа кылып жатканын түшүндүрө кетейин. Кыргызстан Борбор Азиядагы аймакта парламенттик башкаруу системасын орнотууга, демократиялык багытты карманууга аракет кылып келет. Кыргызстанда медиа жана журналисттер үчүн салыштырмалуу шарт бар. Ал эми Кыргызстандын жарандык сектору коңшу өлкөлөргө үлгү боло алары айтылып келет.

Өткөн жумада АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Борбор Азияга келип, сапарын адегенде Казакстандан баштады. Эгер биз Казакстан жөнүндө сөз кыла турган болсок, бул өлкөдө толук кандуу демократия орноду деп айтуу аябай кыйын.

Себеби, Казакстандын мурдагы президенти кызматын тапшырганы менен, ал бийликтин тизгинин кое бергиси келбей турат. Мына ушул жогоруда сөз кылып кеткен жагдайларды Вашингтон чечим кабыл алып жатканда эске алдыбы?

Майк Помпео Борбор Азияга келип, АКШ аймакка коопсуздук, тынчтык жана экономикалык бакубатчылык орнотууга кызыкдар экенин көрсөтүүнү максат кылууда. Ал Ташкентте аймактагы беш мамлекеттин тышкы иштер министрлери менен, анын ичинде Кыргызстандын министри Чыңгыз Айдарбеков менен да жолукту.


Дональд Лу: АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Борбор Азияга келип, АКШ аймакка коопсуздук, тынчтык жана экономикалык бакубатчылык орнотууга кызыкдар экенин көрсөтүүнү максат кылууда. Ал Ташкентте аймактагы беш мамлекеттин тышкы иштер министрлери менен, анын ичинде Кыргызстандын министри Чыңгыз Айдарбеков менен да жолукту. Бул жолугушууда чек ара коопсуздугун камсыз кылуудагы Борбор Азия өлкөлөрүнүн өзүнөн келип чыккан демилгелер талкууга алынды. Ошондой эле экономикалык өнүгүүгө АКШ кандай салымын кошо алары тууралуу сөз болду. Биз учурда бул аймактагы мамлекеттердин өзүнөн келип чыккан демилгелерди колдоого алуу жолдорун активдүү түрдө издеп жатабыз.

Мен Майк Помпеонун Айдарбеков мырза менен өзүнчө жолукканына да абдан кубандым. Себеби, алар дал ушул визалык чектөөлөр тууралуу да пикир алмашты. Кыргызстан аябай меймандос өлкө. Айдарбеков мырза Помпеону Кыргызстанга чакырды. АКШнын Кыргызстандагы элчиси катары мен да Помпео мырзанын Кыргызстанга келип кетишин колдойм. Мен мурдагы мамлекеттик катчы Кондализа Райз Кыргызстанга келип кеткенде бул жакта болгом. Мындай сапарлардын аябагандай жемиштүү болорун мен түшүнүп турам. Ошондуктан сиздин сурооңузга кыска жооп берейин – биз мунун үстүнөн иштеп жатабыз.

"Азаттык": Биздин маегибиздин башында сиз “С5 + 1” форматынын жаңы стратегиясы тууралуу кеп козгодуңуз. Ушул тууралуу кеңирирээк айтып берсеңиз.

Дональд Лу: Азыр дүйнөдө чоң мамлекеттер ортосунда болуп көрбөгөндөй атаандаштык жүрүп жатат. Бул атаандаштык Борбор Азия өлкөлөрү үчүн да жүрүп жатат. Мен Кытай, Америка, Түркия жана Европа Биримдигинин ортосунда жүрүп жаткан атаандаштыкты күндө көрүп, сезип турам. Мен Москва же Бээжиндин стратегиясын көрө албадым, бирок Брюсселдин стратегиясын көрдүм. Ушул жума биз Вашингтондон өзүбүздүн стратегиябызды жарыялайбыз.

Силердин да жарандар буга дыкат көңүл бура турганына ишенем, себеби биз АКШнын аймактагы кызыкчылыктары тууралуу ачык сөз кылгыбыз келет. Биз Борбор Азиянын беш мамлекетине бирдей мамиле кылып, бул өлкөлөрдүн эгемендигин, көз карандысыздыгын колдойбуз жана бул аймактан тышкары башка эч бир күчтөрдүн кысымына кабылышын каалабайбыз. Биз бул өлкөлөр өз алдынча чечим кабыл алса дейбиз. Ошондуктан биздин дипломатиялык, каржы жана аскердик кызматташтыктын баары бул өлкөлөрдүн эгемендигин жана бакубатчылыгын колдоону гана көздөйт.

"Азаттык": Сурабай койсом болбойт. Учурда АКШнын элчилигине карата маалыматтык чабуул болуп жатат. АКШнын элчилигине белгисиз жүк келди деген кептер тарап жатат. Бул маалымат чындыкка дал келеби?

Дональд Лу: Мен азыр баса белгилеп айткым келет – бул Москванын троллдору тарабынан таратылган жалган маалымат. Биз чындап эле аэропорттон тынымсыз ар кандай жүктөрдү алып турабыз. Аны танбайбыз. Бирок биз акча катылган баштыктарды албайбыз. Андай болсо мен кабардар болот элем да. Накталай акча керек болсо, биз банкка эле барып алабыз. Мен кыргыз жарандары чын жана жалган маалыматты айырмалай алат деп ишенем.

"Азаттык": Сөз эркиндиги тууралуу кеп кылсак. Кыргызстандагы сөз эркиндигине кандай баа берет элеңиз? Кыргызстандыктар бул баалуулукту жалгыз дебейин, бирок бирден бир жетишкендиги катары көрүп, сыймыктанышат.

Кыргыз Республикасындагы сөз эркиндиги толук бойдон эркин, Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн арасынан да биринчи орунда турат, бул талашсыз факт. Бирок өткөн жылдын декабрында болгон окуяларга – журналисттин сабалышына, журналисттердин камалышына, медиа мекемелерге каршы киберчабуулдарга биз тынчсызданып жатабыз.


Дональд Лу: Биринчиден, “Азаттыкка” келип отурганыма сыймыктанам. Себеби, “Азаттык” 20 жылдан ашуун убакыт ичинде эр жүрөк журналистиканын гана үлгүсү болбостон, сөз эркиндиги үчүн да төшүн тосуп келди. Биз Вашингтондобу же Бишкектеги элчиликте болобу дайыма айтып келебиз – Кыргыз Республикасындагы сөз эркиндиги толук бойдон эркин, Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн арасынан да биринчи орунда турат, бул талашсыз факт. Бирок өткөн жылдын декабрында болгон окуяларга – журналисттин сабалышына, журналисттердин камалышына, медиа мекемелерге каршы киберчабуулдарга биз тынчсызданып жатабыз. Бул көрүнүштөргө кыргыз эли олуттуу карап, кайдыгер болбошу керек.

FactCkeck.kg сайтынын редактору Болот Темиров сабалгандан көп өтпөй президенттин администрациясы бул окуяга реакция жасап, аны “кабыл алынгыс” деп сындады. Биз президенттик аппараттын бул позициясын колдойбуз.

Биздин көз карашыбызда, журналисттер куугунтукка алынып жана басмырланып турган өлкөдө сөз эркиндиги толук орнобойт. Ошондуктан биз “Азаттык” жана башка медиа мекемелер менен бирге кыргыз эли барктаган сөз эркиндигин коргойбуз.

"Азаттык": Сиздин Кыргызстанга элчи болуп келгениңизге бир жарым жыл болуп калды. Бул аралыкта пландаган ой-тилектериңизге жете алдыңызбы? Жаңы башталган жылга кандай үмүттөрдү артып турасыз?

Дональд Лу: Менин талапкерлигим Конгрессте каралып жатканда эле биздин кызматташуунун үч негизги максатын аныктагам. Биринчиден, эки өлкөдө тең терроризм жана экстремизм тууралуу тынчсыздануу бар. Бул маселе жалпы аймакка, анын ичинде Кыргызстанга да маанилүү. Экинчиден, эки өлкө тең өздөрүнүн экономикасынын өсүшүн каалайт.

Ал эми экономиканы көтөрүүнүн бирден бир жолу - бул инвестиция тартуу. Биз азыр инвестиция тартуу менен алекпиз. Кыргыз өкмөтүнө да бизнес чөйрөсүн жакшырткыла деп айтар элек. Кыргызстанга Америкадан, Европадан, Түштүк Кореядан, Жапониядан инвестиция тартылса жакшы болмок.

Үчүнчүдөн, биз демократиялык өлкөбүз. Ошого жараша иш кылышыбыз керек. Биз демократияга тоскоолдук жараткан комплекстүү көйгөйлөрдү бирге чечүүгө аракет кылышыбыз керек. Мисалы, сөз эркиндиги тууралуу кеп кылдык, ал эми шайлоого болгон укук тууралуу кеп кылсакчы? Же адам укуктарын коргоо жаатында абал кандай? Биз ушул үч багытта бирдей иш алып барышыбыз керек.

"Азаттык": Мектеп окуучуларына тамак берүү боюнча да бир долбооруңар бар эле...

Дональд Лу: Ооба, биз окуучуларды түшкү тамак (ланч) менен камсыз кылуу боюнча долбоорубузду 20 жылдан бери орундатып келебиз. Мисалы, өткөн жылы биз 10 миллиондон ашуун ланч тараткан экенбиз. Биз, чоң өлкөлөр Кыргызстанда ар кандай кээде конструктивдүү, кээде конструктивдүү эмес түрдө атаандашабыз. Орусия да Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы аркылуу окуучуларга тамак берип келет. Бул конструктивдүү атаандаштык. Бирок анын үзүрүн окуучулар, кичинекей балдар-кыздар көрөт. Дал ошол себептен биздин келечектеги атаандаштыгыбыз конструктивдүү формада гана жүрсө деп үмүттөнөм.

"Азаттык": Бизге маек куруп бергениңиз үчүн алкыш.

Дональд Лу: Мен бул жерге келип маек курганыма сыймыктанам. Силердин кылып жаткан ишиңерди терең урматтайм. Жаңы келген жылга да зор үмүттөрдү артып турабыз. Рахмат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (22)

XS
SM
MD
LG