Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 25-февраль, 2020 Бишкек убактысы 09:38

Виза маселеси, АКШ-Кыргызстан алакасы


Кыргызстан менен АКШнын туулары.

АКШга барууга чектөө киргизилиши мүмкүн экени айтылган мамлекеттердин арасында Кыргызстандын да аты аталып жатышына өкмөттүн чет өлкөгө чыгуучу биометрикалык паспортту даярдап бере албай жатканы себеп болушу ыктымал. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги ушундай билдирүү жасады.

ТИМдин божомолу

23-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу «Кошмо Штаттар кыргыз жарандарына визалык чектөө киргизгени жатканы жөнүндөгү маалыматты тастыктаган жок» деп билдирди. Айдарбеков элчини 22-январда министрликке чакырып, бул маселени талкуулаган. Тышкы саясий мекеменин башчысы Айдарбеков жарандары АКШга киришине чектөө коюлушу мүмкүн болгон мамлекеттердин тизмесине Кыргызстандын кирип калышын биометрикалык паспорт менен байланыштырды:

Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

- Биздеги маалымат боюнча бул сунушту АКШнын укук коргоо органдары киргизген. 2017-жылы Кошмо Штаттардын президенти биометрикалык паспорт бербеген өлкөлөрдүн жарандарын киргизүүнү 2020-жылдан тартып чектөө тууралуу мыйзам кабыл алган. КМШ мамлекеттеринен биометрикалык паспорт бербеген өлкөлөрдүн бири - Кыргызстан.

Паспорт маселеси

Министр кыргыз өкмөтү чет өлкөгө чыгууну каалаган жарандарына биометрикалык паспорт жасап бере албай жатканынын объективдүү себептери бар экенин кошумчалап, визалык чектөө тууралуу чечим кабыл алганда АКШ ушул жагдайга көңүл бурарына үмүттөнөрүн айтты.

2019-жылы Кыргызстанда биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендер боюнча чыр чыгып, жогорку кызмат адамдарына кылмыш иши козголгон. Азырынча биометриялык паспорт берүү качан башталары белгисиз.

Кыргыз эксперттери АКШ Кыргызстандын жарандарына чектөө киргизиши мүмкүн болгон жагдайдын бир нече себептерин айтып жатышат. Башкача айтканда бул маселе жасалма кыргыз паспортунун жайылышы, мыйзамсыз миграция, эки өлкөнүн алакасы сыяктуу маселелерди күн тартибине чыгарды. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов абалга мындай баа берди:

- Бул ишенич артпаган өлкөлөрдүн арасына киргенибиздин фактысы. Эми буга эки себеп бар. Биринчиси - өзүбүздүн ички маселебизде, паспорт чыгарууда. Азыр аны ким гана колдонбойт? Кайсы мамлекет биздин паспортко ишенет? Эми виза боюнча чектөөнү жалаң эле АКШ колдонгон жок. Азыр Кытайга барыш да тозок болуп калды. Экинчи маселе - 2015-жылы АКШ менен бир тараптуу келишимди бузганбыз. Азыр Борбор Азиядан Кыргызстандын президенти гана АКШга иш сапары менен барган жок. Европа өлкөлөрү менен да ошондой эле салкын мамилени байкасак болот.

Дегеле АКШ соңку жылдары кыргыз жарандарына виза берүүдөн баш тарткан учурлар көбөйдү. Мамлекеттик департамент КМШ өлкөлөрүндөгү иммиграциялык эмес виза берүү четке кагылган учурлардын соңку көрсөткүчүндө Кыргызстанда экинчи орунда турат. 2019-жылы Өзбекстанда элчиликке кайрылгандардын 68,06% виза ала албай калган. Ал эми Кыргызстанда арыздардын 67,75% четке кагылган. Маселен, мындан жети жыл мурун (2013-жыл) АКШга виза алыш үчүн кайрылгандардын 75% канааттандырылган.

AКШнын бийлиги виза эмне үчүн берилбегенин түшүндүрбөйт. Активист Мирсулжан Намазаалы мунун бир себеби катары мыйзамсыз жүргөн кишилердин көбөйүп жатканы менен байланыштырды:

Мирсулжан Намазаалы.
Мирсулжан Намазаалы.

- Виза берүүдөн баш тартуунун пайыздык үлүшү көбөйүп кетти. Кыргызстандан ар кандай делегациялар менен барып, АКШда калып калгандар абдан көп. Андан тышкары паспортубуз жайылып кетти. Кылмышкерлер колдонуп жүрөт.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү окуялар боюнча аналитика жазган «Eurasianet» сайты Кыргызстанда АКШнын «кара тизмесине» түшүп калуунун коркунучтарынын себептерин талдаган. Анда «Кыргыздар АКШда чын эле коркунуч жаратабы?» деген суроого Кыргызстандын Сирияда жүргөн жарандары боюнча статистиканы, расмий органдардын маалыматын келтирген. Ошондой эле оңду-солду тараган кыргыз паспорту жөнүндө жазып, Түркияда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү катары кармалгандардын жанынан Кыргызстандын паспорту табылганын мисалга тарткан. Басылма эки өлкөнүн алакасындагы жагдайга токтолуп, АКШнын аскер базасынын чыгарылышын, бир тараптуу кызматташтыкты токтотуудагы Орусиянын таасирин белгилеген.

АКШ-Кыргызстан алакасы

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган. Жаңы келишим даярдалып жатканы бир жылдан бери айтылууда, бирок ага кол коюла элек.

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Абдывахап Нурбаев бийлик кызматташтык боюнча жаңы келишимдерди эртелеп иштеп чыгышы керек экенин белгиледи. Ал Кыргызстан АКШ менен алакасын бекемдөөгө ынтызарлыгын көрсөтүшү керек деп эсептейт.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

- Эң башкысы - биздин жөнөкөй элге зыяны тийбеши керек, - деди ал. - Алдын-ала сүйлөшүү жүргүзүп, Тышкы иштер министрлиги себептерин аныктап диалогго барышы зарыл. Анткени АКШда мүмкүнчүлүк көп, күчтүү окуу жайлары бар. Балдардын ал жакка барышына тоскоол болуп калат.

Кыргызстанда АКШга иштеш үчүн кандай гана жол менен болбосун барууга аракет кылган жаштардын катары калыңдап барат. Муну Интернеттеги АКШга виза ачып берүүнү сунуш кылган жарнамалардан байкаса болот. Буга байланыштуу Кыргызстанда виза алмакчы болуп ири акчасын алдатып калгандар көп кездешет.

21-январда the «Wall Street Journal», «the New York Times» жана «Politico» басылмалары Ак үйдөгү өз булактарына таянып, Кыргызстан менен Беларустун жарандарына Кошмо Штаттарга барууга чектөө киргизилиши мүмкүн экенин жазышты. Маалыматка ылайык, жаңы тизмеге ошондой эле Бирма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания кириши ыктымал. Жарыяланган макалаларда «бирок бул мамлекеттердин бардык жарандарына Америкага кирүүгө тыюу салынат дегенди билдирбейт» деп жазылган. «Politico» белгилегендей, чектөөлөр балким жогорку даражалуу расмий өкүлдөргө же айрым бир визалардын түрүнө киргизилет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Пикирлерди көрүңүз (15)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG