Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 27-февраль, 2020 Бишкек убактысы 12:01

Санаага салган визалык чектөө


АКШнын кыргызстандыктарга иммиграциялык жана грин-кард визаларын алууга чектөө киргизиши Кыргызстанда кызуу талкууланууда.

3-февралда Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдына АКШнын грин-карт лотереясын утуп алып, бирок бул өлкөгө кете элек бир нече адам чогулду. Алар министрликке бул кара тизмеден чыгуу үчүн аракет көрүүгө чакырган кайрылуу тапшырышты. Министрликтин алдына чыккандардын бири Марлис Чоронов буларды айтты:

- Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун дарегине жазылган катты тапшырып чыктык. Биз жыл сайын АКШнын визалык лотереясын уткан 1500ге жакын адамдын атынан кайрылып жатабыз. Дональд Трамптын буйругу 21-февралда күчүнө кирет экен. Министрликтин бул кара тизмеден Кыргызстанды чыгаруу боюнча ыкчам аракеттерди көрүшүнө эки эле апта убакыт калды.

Тышкы иштер министрлиги АКШнын визалык кара тизмесинен чыгуу боюнча кандай аракеттер көрүлөрүн жарыялай элек. Бирок тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Ташкент шаарында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолукканы белгилүү болду. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жолугушууда визалык чектөөлөрдү жокко чыгаруу боюнча биргелешкен кадамдар талкууланганын кабарлады.

"Бул багытта тыгыз өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана түзүлгөн абалды чечүүнүн жолдорун издөө жөнүндө сүйлөшүү болду. Америкалык тарап өзүнүн өкүнүчүн жана бул маселенин тегерегиндеги абалды чечүүгө даярдыгын билдирди. Ошондой эле тараптардын укук коргоо органдарынын деңгээлинде өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү зарылдыгын белгиледи".


Ал ортодо АКШнын Бишкектеги элчилиги Интернетте онлайн-чат уюштуруп, бул чектөөнү жокко чыгаруунун жол-жобосун түшүндүрдү. Элчиликтин консулу Алисса Бибдин айтымында, Кошмо Штаттардын тиешелүү органдарды ар жарым жылда бул тизмени карап, талапка жооп берген өлкөлөрдү чыгарып турат:

- Албетте, биз Кыргызстан болушунча эртерээк биометрикалык паспортторду берип, башка критерийлер боюнча канааттандырылышын каалайбыз. Анткени АКШда ар бир ал алты айда бул тизме каралып турат.

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы алты мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүүнү чектөө чечими 31-январда жарыяланган. 21-февралдан тарта күчүнө кирчү буйрукка ылайык, эми АКШга барып туруктуу жашоону көздөгөн кыргызстандыктарга виза берилбейт. Бирок саякаттоо, ишкерлик, дарылануу, окуу максаттары менен барууну каалагандарга чек коюлбайт.

Тизмеде ошондой эле Мьянма, Эритрея, Судан жана Нигерия мамлекеттери да бар. Мурдагы советтик өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстандын гана жарандарына ушундай чектөө киргизилди. Мунун себеби катары электрондук биометрикалык паспорттордун киргизилбегени, террочулук үчүн шек саналгандар тууралуу маалыматтарды Интерпол сыяктуу тиешелүү эл аралык мекемелерге убагында берилбегени аталган.

Вашингтондун бул чечими белгилүү болгондон кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жооп кайтарган. Анда расмий Бишкек кабыл алынган чечимге өкүнүп жатканы жана бул Кыргызстан менен АКШнын алакасына сезилерлик зыян тийгизгени айтылган болчу. Эми мындай кырдаалда Кыргызстандын тиешелүү органдары ар кандай актанууларды коюп, тезинен конкреттүү чаралар көрүлүшү керек деген пикирлер айтылууда. Депутат, Жогорку Кеңештеги Кыргызстан-АКШ достук тобунун жетекчиси Дастан Бекешев кыргыз бийлиги туура жыйынтык чыгарышы керек деген пикирде:

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

- Биз азыр АКШга таарынып, алардын жарандарына каршы визасыз режимди жокко чыгарабыз же башка жооп кайтарабыз дебей, туура тыянак чыгарышыбыз керек. Мисалы, биометрикалык паспортторду тезирээк берип, 1994-жылы берилген бланктарды толугу менен жокко чыгарыш керек. Үчүнчүдөн, АКШ менен сүйлөшүп, террорчулук жана башкалар боюнча ыкчам түрдө маалымат берүү абзел. Болбосо, АКШнын мындай аракетинен соң Кыргызстандын кадыр-баркына шек туулуп, башка өлкөлөр да этият мамиле кылып калышы мүмкүн.

Эгемендик алган алгачкы жылдары “Борбор Азиядагы демократиялык аралча” катары таанылган Кыргызстан АКШ жана Европа Биримдиги менен демократиялык боюнча өнөктөш катары жигердүү кызматташтык жүргүзүп келген.

2001-жылы Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода уюмунун эгиз мунарасына террордук сокку урулган соң расмий Бишкек Вашингтондун терроризмге каршы аракетин колдогон. Бул үчүн “Манас” аэропортуна АКШ баштаган антитеррордук коалициянын базасын жайгаштырган. 13 жылдан ашык иш алып барган аскердик база ал кездеги кыргыз бийлигинин чечими менен 2014-жылы чыгарылган. Ал учурдагы президент Алмазбек Атамбаев жарандык аэропортто аскердик база жайгашпашы керек деп түшүндүргөн.

Мындан бир жыл өтпөй 2015-жылы кыргыз өкмөтү "Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу" келишимди бир тараптуу денонсациялган эле. Андан бери беш жылга аяк басса да, жаңы келишимге кол коюлбай келет.

Былтыр Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев жаңы келишимдин долбоору даярдалып бүткөнү калганын билдирген эле. Элчи жаңы келишим менен эки өлкөнүн кызматташтыгынын жаңы барагы ачылат деп ишендирген болчу. Андан бери бир жылдан ашык убакыт өтсө да кыргыз-америка алакасы боюнча келишимден алдыга жылганы жөнүндө кабар жок. Кыргызстандыктарга иммиграциялык визаны чектөө боюнча АКШ бийлигинин акыркы чечимин эки өлкөнүн мамилесинин солгундашынын кесепети катары сыпаттагандар бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (33)

XS
SM
MD
LG