Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 22:20

«Визалык чектөө өлкөнүн баркына таасир этет»


Руслан Казакбаев.

31-январда Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык жана грин-карт визаларын алууга чектөө киргизди.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу бул чечим коопсуздук маселелерине байланыштуу кабыл алынганын айтты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 1-февралда тараткан маалыматта Кыргызстан кабыл алынган чечимге өкүнүп жатканы жана бул Кыргызстан менен АКШнын алакасына сезилерлик зыян тийгизгени айтылат.

Буга байланыштуу мурдагы тышкы иштер министри, Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

Руслан Казакбаев: - Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык жана грин-карт визаларын берүү боюнча чектөө киргизип жатканын медиа каражаттарынан окудум.

Биричиден, муну өзгөчө бир коркунуч катары кабыл албаш керек. Бул эми өкүнүчтүү, биздин жарандарга толук жарамдуу виза берилип, АКШга кирип-чыкканы эркин болсо жакшы болмок жана ошого бардык аракетибизди кылышыбыз керек.

АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле эки тараптуу да, көп тараптуу да өнүгүп келе жатат. Жаңы технологияларды колдонууда, алып келүүдө, өзгөчө билим берүү тармагында, демократияны өнүктүрүү жана коопсуздук маселелери боюнча көп жылдар бою мөөнөт-мөөнөтү менен тыгыз кызматташып келдик.

Мен билгенден, Америка менен көп тараптуу багыттарды камтыган, мурда денонсация болгон келишим азыр жаңы деңгээлге чыгарылып, аны кайрадан түзүү боюнча Тышкы иштер министрлиги иштеп жатат. ​

«Азаттык»: - АКШнын Кыргызстандагы элчилиги визалык чектөө тууралуу түшүндүрмө берди. Анда буга кыргыз өкмөтү ушул күнгө чейин биометрикалык паспортторду киргизе албай жатканы себеп болгону да айтылды. Тышкы иштер министрлиги да биометрикалык паспортторду киргизүү мөөнөтү кандайдыр бир себептерден улам артка жылып калганын моюнга алып жатат. Ушул жагдайды эске алганда жарандарга АКШга виза алууда чектөө киргизилип калышы көбүрөөк кыргыз өкмөтүнүн күнөөсү жана кемчилиги эмеспи?

Руслан Казакбаев: - АКШнын элчиси Дональд Лунун билдирүүсүндө мыйзамсыз мигранттар кайра Кыргызстанга кетпей, калып калышы, биометрикалык паспортторду киргизүүнүн кечеңдеши, ошондой эле эл аралык терроризмге каршы толук чара көрүлбөй жатышы сыяктуу үч багыт сөз болуп жатат. Эми мунун баары ойлондура турган маселе. Эгер бул тууралуу чектөө киргизилгенден кийин гана айтылып жатса - анда АКШ өкмөтү, Мамлекеттик департамент тарабынан эмне үчүн мындай чектөө киргизилгени мен үчүн түшүнүксүз. Бирок мунун баары мурунтан сүйлөшүлүп, ал эми биздин өкмөт ишке ашырбай койгон болсо - анда бул өкмөттүн кемчилиги. Эми анын баарын билиш үчүн көп маалыматтар ачыкка чыгышы керек.

«Азаттык»: - 2019-жылы АКШга виза алууну сурап кайрылган кыргызстандыктардын 67,75% четке кагылган. Ал эми 2013-жыл АКШга виза алыш үчүн кайрылгандардын 75% канааттандырылган экен. Беш-алты жылдын ичинде эмнеге мындай чоң өзгөрүү болуп кетти?

Казакбаев: - Мунун баары жалаң эле Кыргызстанга байланыштуу деп айта албайт элем. Дүйнөдө 2013-жылдан бери көп процесстер болду да. Улам жаңы чакырыктар пайда болуп жатат. Андай чакырыктарга байланыштуу ар бир мамлекет, чоң мамлекеттер аракеттенип жатат. Анын ичинде дүйнөнүн биринчи экономикасы Америка Кошмо Штаттары өз коопсуздугуна, эл аралык коопсуздукка өзгөчө көңүл бурган мамлекет экени белгилүү. Алар 2013-жылдан бери бизге гана эмес, көп мамлекеттерге, көптөгөн чакырыктарга каршы ар түрдүү чектөө киргизип, кайра ачып келе жатат.

«Азаттык»: - Америкалык бюрократияны эске алганда, Кыргызстандын жарандарына киргизилген визалык чектөө кайра качан алынышы мүмкүн? Азыр кайра сүйлөшүүлөр башталса, жакынкы убакта кайра алынат деп күтсө болобу?

Руслан Казакбаев: - Тышкы саясат - кылдаттык менен мамиле кыла турган маселе. Биринчиден, мындай болуп калганы жарандарга албетте, таасирин тийгизет. Бирок коркунучтуу эч нерсе жок, анткени туристтик, студенттик, ишкерлердин визалары токтотулбаптыр. Токтотулганы иммиграциялык виза жана грин-карт деп жатат.

Эң негизгиси - бийликтин бардык бутактары – президенттик администрация, өкмөт жана парламент биргелешип иш жүргүзүшү керек. Ошондо бир жыйынтык болот. Бул чектөө тез эле артка чакыртылып алынат деп ойлобойм. Анткени бюрократиялык система бизде да бар, ал эми өзгөчө Америка Кошмо Штаттарында татаал.

Экинчиден, бул окуя Кыргызстандын кадыр-баркына таасирин тийгизе турган маселе болуп калды. Себеби Кыргызстанды Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин катарына кошуп киргизгени - кандайдыр бир сигнал. Муну биз өзүбүз ойлонушубуз керек. Эки тараптуу мамиленин бардык тарабын кайрадан карап чыгышыбыз керек. Президентибиз былтыр тышкы саясат боюнча жаңы концепцияга кол койгон. Өзүбүздүн кызыкчылыгыбызга туура келген, тең салмактуу, көп тараптуу саясат жүргүзөбүз деп киргизгенбиз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (41)

XS
SM
MD
LG