Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-август, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 06:49

Апта: күмөндүү миллиондор, чектелген виза


Иллюстрациялык сүрөт.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (27-январь - 2-февраль, 2020-жыл).

Журналисттик иликтөөнү депутаттар териштирди

«Азаттык» радиосунун, OCCRP уюмунун жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» порталынын биргелешкен журналисттик иликтөөсү боюнча талкуу узаган аптанын башкы саясий окуяларынын бири болду. Буга чейин президент баш болуп позициясын билдирген иликтөө бул ирет парламентте талкууга түштү. Тагыраагы, журналисттик иликтөөнүн башкы каармандарынын бири, уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын 31-январдагы жыйынында маанилүү билдирүүлөр айтылды. Маселен, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстандан күмөндүү жолдор менен чыгарылган миллиондогон каражаттын ичинде чет өлкөдө кыймылсыз мүлк, жер алууга да которулган акча бар экенин биринчи жолу ырастады.

Комиссия мүчөсү, депутат Мирлан Жээнчороевдин бул боюнча суроосуна атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу мындай жооп кайтарды:

- Акча которуу боюнча документтерде жер, кыймылсыз мүлк алуу үчүн которулган акча каражаттары бар. Канча акча экенин, кимдин атына которулганын тактап жатабыз. Биз кошумча маалымат беребиз.

Ал мүлк алууга каражат кимдин атына жана кайсы өлкөгө которулганын тактап бере алган жок.

«Азаттык» радиосу өнөктөштөрү менен биргелешип жүргүзгөн «Дубайдагы өнөктөштүк» аттуу иликтөөсүндө Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова Бириккен Араб Эмираттарынан жер тилкесин 2015 жана 2017-жылы кеминде 12,5 миллион долларга сатып алганы ачыкка чыккан. Атайын кызмат Уулкан Тургунованын мүлкү боюнча маалымат алыш үчүн Дубайга кат жөнөтүлгөнүн, ага жооп келе элек экенин билдирди. Ошондой эле иликтөөдө Кыргызстандан которулган миллиондордун басымдуу бөлүгү Матраимовдордун бизнес өнөктөшү Хабибулла Абдукадырга, жакындарына жана алардын компанияларына которулганы белгиленген. Анын ичинде кеминде 50 млн. доллар жер жана кымбат баалуу батир алыш үчүн Дубайга жиберилгени да айтылган болчу. Ошентип кыргыз укук коргоо органдары «өлкөдөн товар үчүн которулду» деп айтып келген каражатка кимдир-бирөөлөр четтен мүлк алганын расмий ырастады.

Ал эми Матраимовдордун үй-бүлөсү иликтөөдө айтылган маалыматтарды четке кагып келет.

Депутаттык комиссиянын жыйынына укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен катар иликтөөнү жарыялаган «Азаттык» радиосунун жана анда аты аталган Матраимовдордун өкүлдөрү да катышты.

Эксперттер бул иликтөөгө укуктук баа берүү боюнча аракеттер кечеңдегенин эске алышса да, коомчулукту кызыктырган маселе боюнча ачык талкуунун жүрүшү маанилүү экенин белгилешет. Анткени буга чейин бул маселенин айланасында бийлик өкүлдөрү маалымат сурагандан башка так позициясын билдирүүдөн карманып келишкен.

Эми депутаттык комиссия кандай жыйынтык чыгарары белгисиз. Бирок байкоочулар журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтар өлкөдөгү саясий талкуулардын сап башында кала берерин айтышууда.

АКШ кыргызстандыктарга иммиграциялык виза бербейт

31-январда АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы алты мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүүнү чектеди.

Трамптын 21-февралда күчүнө кирчү жаңы буйругуна ылайык, эми АКШга барып туруктуу жашоону көздөгөн кыргызстандыктарга виза берилбейт. Бирок саякаттоо, ишкерлик, дарылануу, окуу максаттары менен барууну каалагандарга чектөө коюлбайт.

Тизмеде ошондой эле Мьянма, Эритрея, Судан жана Нигерия мамлекеттери да бар. Мурдагы советтик өлкөлөрдүн арасынан жалгыз Кыргызстандын гана жарандарына ушундай чектөө киргизилди.

Мунун себеби Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилигинин сайтында кеңири жазылган. Ага ылайык, электрондук биометрикалык паспорттордун киргизилбегени, жоголгон жана уурдалган паспорттор, террочулук үчүн шек саналгандар тууралуу маалыматтардын Интерпол сыяктуу тиешелүү эл аралык мекемелерге убагында берилбегени үчүн Вашингтон ушундай кадамга барган.

- Кыргыз өкмөтү менен бир канча убакыттан бери кыргыз паспортунун коргоо деңгээлин жогорулатуу жана терроризм тууралуу өкмөт аралык кошумча маалымат алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келебиз. Бул чечим Кыргызстанды аты аталган маанилүү кадамдардын ишке ашырылышын тездетүүгө багыттайт деп үмүттөнөбүз. Вашингтон маал-маалы менен бул максаттарга жетишүүдөгү жылышка көз салып турат. Бул чектөөлөр тез арада алынып салынат деп үмүттөнөм, - деди АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу да 1-февралда жарыялаган видеокайрылуусунда.

Эмне үчүн Кыргызстан?

АКШнын Ички коопсуздук боюнча министрлигинин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, кеңейтилген тизме атайын мекеме аралык комиссиянын бир жылдык иликтөөсүнөн кийин түзүлгөн. Ал комиссиянын курамына Пентагондун, Мамдепартаменттин, Чалгын кызматынын өкүлдөрү кирген.

Сайтта жазылгандай, АКШга иммиграциялык виза менен кирип, жайгашып алган жарандын террорчулукка, кылмышка тиешеси бар экени кийин аныкталса аны өлкөдөн чыгаруу дээрлик мүмкүн эмес. Ал эми тизмеге кирген мамлекеттерде террорчулук, кылмыш үчүн шек саналгандар тууралуу маалымат алмашууда алешемдиктер көп болгондуктан, виза берип жатканда ал жарандын андай байланыштары билинбей калышы мүмкүн. Мына ушундай жүйө менен Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүүгө чектөө киргизилген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Вашингтон кабыл алган чечим расмий Бишкекти өкүнткөнүн жана бул кадам эки мамлекет ортосундагы алакага сезилерлик зыян тийгизгенин билдирди. 1-февралда тараткан маалыматта кыргыз тарап чет өлкөгө чыгууну каалаган жарандарына биометрикалык документтерди берүүнү мурда эле пландаса да ал объективдүү себептерден улам кечеңдеп келгени жана бул тууралуу АКШ билгени жазылган.

Саясат илимдеринин профессору Эмилбек Жороев бул ириде Кыргызстандын эл аралык аброюна шек келтирерин эске салды:

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

- 2017-жылы жарандарына АКШ өз кирүүгө тыюу салган мамлекеттердин алгачкы тизмеси жарыяланганда эле Кыргызстан алдыңкы алты өлкөнүн ичинде жок болсо да АКШнын коопсуздугуна коркунуч келтирет дегендердин арасында болгон экен. Мындай чечим кабыл алууга бардык жагын эске алганда да эч кандай негиз жок болчу жана муну катачылык деп гана эсептейм. Кантсе да Кыргызстандын аброюна, дүйнөлүк аренадагы ролуна сокку болду десек болот. Кыргыз-америка байланыштарына эч кандай жакшы таасир эте албайт.

Жарандарына АКШга кирүүгө чектөө киргизилген мамлекеттердин тизмеси кеңейтилери тууралуу маалыматты алгач 22-январда «Политико» басылмасы жазган. Трамп өзү бул маалыматты Давостогу экономикалык форумда жүргөн жеринен ырастап, мындай чарага коопсуздук маселелеринен улам барып жатканын айткан.

Би-Би-Си Кыргызстандын Ички иштер министрлигиндеги өз булактарына таянып, кыргыз дипломаттары бул кабарды эл менен кошо эле «Политикодон» окушканын жазды. Анда жарыяланган болжолдуу тизмеде Кыргызстан менен кошо Евразия Экономикалык Биримдигинин мүчөсү болгон Беларус да бар эле. Ошондой эле айрым саясат таануучулар Минск менен Вашингтондун алакасы кийинки жылдары оңолуп баратканын айтып, бул катачылык болушу мүмкүн деп боолголошкон. Бул сөздөрдү ырастагандай эле, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 1-февралда Беларуска барып, президент Александр Лукашенко менен жолукту.

Кол коюлбаган келишимдин кесепети

АКШнын ички коопсуздук боюнча министринин милдетин аткаруучу Чад Вульфтун айтымында, Трамптын администрациясы бул тизмени маал-маалы менен карап турат. Ал кайсы бир мамлекет өз коопсуздугун бекемдеш үчүн тийиштүү чара көрүп, АКШ менен кызматташуусун оңдосо анын тизмеден чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин белгиледи.

Кызматташтык демекчи, 2015-жылы расмий Бишкек Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимди бир тараптуу денонсациялган эле. Андан бери беш жылга аяк басса да жаңы келишимге кол коюла элек. Былтыр Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев жаңы келишимдин долбоору даярдалып бүткөнү калганын билдирген болчу.

Андан бери бир жылдан ашык убакыт өтсө да кыргыз-америка алакасы боюнча келишим боюнча жылыш жөнүндө кабар жок. Ал эми айрымдар иммиграциялык визаны чектеген АКШ бийлигинин акыркы чечимин эки өлкөнүн мамилесинин солгундашынын кесепети катары да сыпаттап жатышат. Эмилбек Жороев да ушундай эле пикирде.

- 2015-жылкы келишимди калыбына келтирүү боюнча талкуу өтө узарып кетти, - деди ал. - Менин укканым боюнча жана элчиликтин айтымында, АКШ тарап буга даяр жана чыдамсыздык менен күтүп жаткан. Эмне себептен кыргыз өкмөтү жаңы келишимге кол коюуну кечеңдетип жатканын мен түшүнбөйм. Бирок албетте, эки тараптын мамилесинин жакшы болбой жатышынын бул жерде ролу бар.

Трамп 2017-жылы, президенттик кызматка расмий киришкенден көп өтпөй алты мамлекеттин - Иран, Ливия, Сомали, Сирия, Йемен жана Чад өлкөлөрүнүн жарандарына Кошмо Штаттарга кирүүгө тыюу салган. 2018-жылдын апрель айында Чад паспорттор маселесин жөнгө салып, террорчулук боюнча маалымат алмашууну тереңдеткенден кийин бул тизмеден чыгарылган.

Ал эми кыргыз паспортторуна байланыштуу элчиликтин сайтында мындай маалымат жайгаштырылган:

«Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, 2015-2017-жылдары кыргыз паспортунун мыйзамсыз берилишине байланыштуу 64 кылмыш иши козголгон. Ички иштер министрлиги билдиргендей, бир эле 2019-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы 36 паспортту мыйзамсыз берген. 2019-жылдын соңунда Мамлекеттик каттоо кызматы жасалма кыргыз паспорттору Германиядагы олуттуу кылмыштарга аралашкан адамдардан табылганын билдирген».

Коронавирус күч алды

Ал арада коронавирус жалпы дүйнөнү бушайманга салып турган кези. Учурда бул дартты жугузуп алган жарандар 25 мамлекетте катталды. Кытайдан башкасында бул илдеттен эч ким көз жума элек. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрүн коронавирустун өз аймактарында жайылышына даяр болууга чакырды. Бул тууралуу уюмдун Кытайдагы өкүлү Гауден Галеа билдирди:

- Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Өзгөчө кырдаалдар комитети коронавирустун белгилерин эртерээк аныктап, анын өлкөдө жайылышына каршы күрөшкө даяр болушу керек.

Соңку бир апта ичинде бул ооруну жугузуп алгандар, каза тапкандар да көбөйдү. 1-февралга карата Кытайда коронавирустан көз жумгандардын саны 260 кишиге чукулдады. Ал эми аны жугузуп алгандардын саны 12 миңдин тегерегинде.

2-февралда Ухань шаарынан 18 кыргыз жараны Бишкекке келип түшкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алар казак тараптын жардамы аркасында атайын борт менен Нур-Султан шаары аркылуу жеткирилди.

Келгендердин ден соолугу аэропорттон текшерилип, Бишкектин четиндеги атайын жабдылган ооруканага жаткырылды. Ухандан келгендер карантинде болуп, алар менен дарыгерлер гана иштешет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 1-февралга карата өлкөдө коронавирусту жугузгандар катталган жок. Кытайдан 28-январдан бери 200дөн ашуун киши келген. Алардын бардыгы тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөрүлгөнү, вирустун белгилери табылбаганы кабарланды. Министрлик ушу тапта вирустун белгилери бар деген шек менен жети киши медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө жатканын билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (21)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG