Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:11

ТИМ: визага чектөө Кыргызстан-АКШ алакасына зыян тийгизди


Кыргызстан менен АКШнын туулары.
Кыргызстан менен АКШнын туулары.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы кыргыз жарандарына Кошмо Штаттарына иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга киргизген чектөө боюнча жооп берди.

Мекеме 1-февралда тараткан маалыматта Кыргызстан кабыл алынган чечимге өкүнүп жатканы жана бул Кыргызстан менен АКШнын алакасына сезилерлик зыян тийгизгени айтылат.

Ошондой эле кыргыз тарап чет өлкөгө чыгууну каалаган жарандарына биометрикалык документтерди мурда эле бере баштоону пландап жатканы АКШга белгилүү экени, бирок объективдүү себептерден улам ал кечигип жатканы белгиленген.

"Кыргызстан эл аралык коопсуздукту камсыз кылууга жигердүү катышкан мамлекет болуп саналат. Терроризм менен күрөшүү үчүн өз салымын кошту жана кошуп жатат. Азыркы тапта 80ден ашык мамлекетте биометрикалык паспорт ишке кире элек. Визалык чектөө тандалма түрдө айрым гана мамлекеттерге киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында министрлик визалык чектөөгө байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Тышкы иштер министрлигине чакыртылганын, элчиден виза боюнча маалымат алынарын билдирген.

31-январда Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык жана грин-карт визаларын алууга чектөө киргизди.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу бул чечим коопсуздук маселелерине байланыштуу кабыл алынганын айтты. (BTo)

XS
SM
MD
LG