Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:08

АКШ кыргыз жарандарына иммиграциялык, грин-карт визаларын берүүнү чектеди


Кыргызстан менен АКШнын туулары.
Кыргызстан менен АКШнын туулары.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизди. Мындай чечим 31-январда кабыл алынганын АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу кабарлады.

Элчилик виза боюнча киргизилген чектөө тууралуу Дональд Лунун видеокайрылуусун таратты. Анда АКШ кыргызстандыктарга иммиграциялык эмес визаларды, анын ичинде, туристтерге, ишкерлерге, студенттерге жана жумушчуларга визаларды берүүнү улантары айтылат. Элчи кайрылуусунда виза берүү боюнча чектөөнүн киргизилишине эки жагдай себеп болгонун билдирди.

- Кыргыз өкмөтү менен бир канча убакыттан бери кыргыз паспортунун коргоо деңгээлин жогорулатуу жана терроризм тууралуу өкмөт аралык кошумча маалымат алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келебиз. Бул чечим Кыргызстанды аталган маанилүү кадамдардын ишке ашырылышын тездетүүгө багыттайт деп үмүттөнөбүз. Вашингтон маал-маалы менен бул максаттарга жетишүүдөгү өнүгүүлөргө көз салып турат. Бул чектөөлөр тез арада алынып салынат деп үмүттөнөм, - деди Лу.

Элчинин сөзүнө караганда, кыргыз жарандарына буга чейин берилген визалар жокко чыгарылбайт. Чектөө киргизилгенге чейин алынган иммиграциялык жана грин-карт визалары менен АКШга барса болот.


Жума күнү "New York Times" басылмасы Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык виза алууга чектөө киргизгенин жазган.

АКШ өлкөгө кирүүгө чектөө салынган мамлекеттердин тизмеси узарышы ыктымал экендиги жөнүндө кабар 22-январда тараган. Трамп мындай чарага коопсуздук маселелеринен улам барып жатканын айткан.

Кыргыз бийлиги Вашингтон мындай кадамга Кыргызстан өз жарандарына чет өлкөгө чыкканга биометрикалык паспорт даярдап бере албай жаткандыктан барышы ыктымал деп боолгологон.

Трамп 2017-жылы Ирандын, Ливиянын, Сириянын, Сомалинин, Йемендин, Түндүк Корея жана Венесуэланын жарандарын АКШга киргизүүгө чектөө койгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG