Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

NYT: АКШ кыргыз жарандарына иммиграциялык виза берүүнү чектейт


Кыргызстан менен АКШнын туулары.
Кыргызстан менен АКШнын туулары.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына иммиграциялык виза алууга чектөө киргизди. Бул тууралуу "New York Times" басылмасы жазды. Жума күнү жарыяланган тизмеге Кыргызстандан тышкары Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттери кирген.

Азырынча Ак үй бул тууралуу расмий маалымат тарата элек.

Басылма жазгандай, аталган мамлекеттердин жарандарынын АКШга кирип-чыгуусуна чектөө киргизилбейт. Болгону иммиграцияга жол жабылат. АКШ өлкөгө кирүүгө чектөө салынган мамлекеттердин тизмеси узарышы ыктымал экендиги жөнүндө кабар 22-январда тараган. Трамп бул маалыматты ырастап, мындай чарага коопсуздук маселелеринен улам барып жатканын айткан. Бирок анда тизмеге кайсы мамлекеттер кирерин ачыктаган эмес.

Кыргыз бийлиги Вашингтон мындай кадамга Кыргызстан өз жарандарына чет өлкөгө чыкканга биометрикалык паспорт даярдап бере албай жаткандыктан барышы ыктымал деп боолгологон.

Трамп 2017-жылы Ирандын, Ливиянын, Сириянын, Сомалинин, Йемендин, Түндүк Корея жана Венесуэланын жарандарын АКШга киргизүүгө чектөө койгон.

XS
SM
MD
LG