Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 18:44

Кыргызстандан кооптонгон АКШ


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (27-январь - 3-февраль, 2020-жыл).

«Wall Street Journal», «New York TImes», «Washington Post», «Daily Wire» жана «Eurasianet» баштаган басылмалар, ошондой эле «Reuters», BBC маалымат кызматтары АКШ бийлигинин Кыргызстанды визалык «кара тизмеге» киргизгенин талдаган макалаларды жарыялашты. Алар «Чын эле Кыргызстандын жарандары АКШ үчүн кооптуубу?» деген суроого жооп издешкен.

«Daily Wire» гезити конгрессмен Илхан Омар Дональд Трамптын визалык чектөө боюнча чечимин кайра өз максатына пайдаланып, «мусулмандарга каршы акция» катары сындап чыкканын жазат. Бирок басылма «кара тизмедеги» Мьянманын, Эритреянын, Кыргызстандын жана Нигериянын калкын талдап, алардын жарымы ислам эмес, башка диндерди тутунганын белгилеп, Илхан Омардын билдирүүсүн сындап жазды. Гезит ар бир мамлекет эмне себептен бул тизмеге киргенине байланыштуу расмий билдирүүнү да жарыялады. Кыргызстан анда бул тизмеге «жарандардын тек-жайын аныктоочу документтеринде маалыматты так бербегендиктен» улам киргени белгиленген.

Ал эми «Wall Street Journal»​ басылмасы «кара тизмеге» киргендердин дээрлик баары африкалык жакыр мамлекеттер экенин, Трамптын администрациясы бул чечимден улам «мусулмандарды кысымга алды» деген сынга кабылганын жазды.

Кыргызстан менен АКШнын туулары.
Кыргызстан менен АКШнын туулары.

«Eurasianet» онлайн-журналы «Кыргызстандыктар чын эле коркунучтуубу?» деген тема менен макала жарыялап, 2019-жылкы УКМКнын маалыматы боюнча Сирияга жалпысынан 800 кыргызстандык кеткенин, алардын жарымынан азы каза тапса, калганы мекенге кайтып келүүгө жана Жакынкы Чыгыштагы дагы башка согуштук операцияларга даярданып жатканын, Кыргызстандын ичиндеги диний-экстремисттик уюшмалар тууралуу так маалымат жок экенин жазды. «Кыргызстанда терроризм мүшкүлү болгону менен өлкөнүн өзүндө кандайдыр бир калаба катталган эмес. 2016-жылы Кытай элчилигине кол салуу болгон. Андан бери абал тынч. Террорго байланыштуу ачык маалымат берилбей келет. 2017-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти «кыргыз бийлиги улуттук коопсуздукка шек келет деген жүйө менен контртеррордук аракеттер, ага байланышкан коркунучтар тууралуу так маалымат бербей жатат» деген билдирүү жасаган. Буга кошумча Кыргызстанда жасалма паспорт маселеси чоң. Буга 2019-жылы өлкөдө чуу жаратып, Стамбулда киши колдуу болгон уйгур улутундагы кытайлык Айеркен Саймаитини мисал келтирсе болот. Аны өлүмү үчүн шектүүлөрдөн да кыргыз паспорту табылган. Паспортко байланыштуу коррупциялык маселени кыргыз бийлиги четке кагып келет», деп жазат басылма. Журнал 1993-жылдары АКШ-Кыргызстан ымаласы жакшы болуп келгенин, 2005-жылдан тартып мамиле бузулганын талдап, Жорж Буштун учурунда Борбор Азия өлкөлөрү боюнча катчынын жардамчысы болуп турган Эван Фейгенбаумдун «Твиттерге» жазган: «Президенттин администрациясы Борбор Азиядагы саясатын күчөтөт деп жатканда Кыргызстан эмнеге тизмеге кирди?» деп таң калган постун да кошкон.

Кытай бийлиги дарыгерлер аркылуу медианын «оозун жабууда»

«New York Times» гезити Кытайда жайылган коронавирустун айынан бийлик дарыгерлер менен массалык маалымат каражаттарына маалыматтык чектөө киргизип, ал тургай дарыгерлердин өз ара онлайн-чаттарын да көзөмөлгө алып жатканын жазды.

«2019-жылдын 30-декабрында Ухандагы оорукананын дарыгери Ли Уенлиан кесиптештеринин онлайн-чатына «Жети адамда сырдуу оору катталып, тез жардам бөлүмү карантинге алынды. Абдан коркунучтуу оору экен» деп жазган. Кесиптештери ага «SARS вирусу кайтып келген окшойт» деп жооп беришкен. Бул сүйлөшүүдөн көп өтпөй полиция дарыгерди кармап кетип, түшүнүк кат жаздырып, мындан кийин мыйзамга туура келбеген маалымат таркатпашы керек экенин эскерткен», деп жазат автор. Басылма андан бир ай өтпөй эле 11 миллион калкы бар Ухань шаарында карантин киргизилгенин баяндайт: «Оору башталганына 7 жумадай болду, жүздөгөн адам өлүп, он миңден ашык кишиге илдет жукту. Кытай полициясы дарыгерлерге кандайдыр бир маалымат берүүгө тыюу салып, өлкөдө массалык маалымат каражаттарынын ишмердигин вирустун күчү кайткыча токтото турууну чечти.

Ухандын бийлиги элге оптимисттик маанайдагы билдирүүлөрдү жасоодо. Жоржтаун университетинин микробиология жана иммунология боюнча профессору Александра Фелан: «Кандайдыр бир маалыматка ээ эмес адамдарга оптимизм менен ишенимди таңуулоо - өтө коркунучтуу стратегия. Коомдук саламаттык элдин ишенимине көз каранды. Бийликтин маалыматты чектөөсү ишенимди жоготот» деген ойдо. Бул маалда Кытайдын Элдик Жыйыны чогулуп, кытай бийлиги Уханда эң мыкты медициналык окуу жайлар жайгашкандыктан, глобалдык саламаттык сактоонун көргөзмөсүн өткөрүү пландалып, заманбап мыкты медициналык өндүрүш паркы куруларына убада берген. Ошол эле учурда коронавирус улам жайылып, Таиландга чейин жетип калган эле». Басылма оору тууралуу маалыматтын аздыгынан улам дүйнөдө ага байланышкан ушак-айыңдар өтө көп таркап жатканын белгилейт.

Дүйнөдөгү алгачкы жоолукчан балерина

«Global Citizen» журналы 15 жаштагы австралиялык балет бийчиси Стефани Курлоу тууралуу макала жарыялады. Ал эки жашынан бери бийлеп, Сиднейде жашайт.

Стефани - хижаб кийип, балетке кадам таштаган биринчи кыз. 2010-жылы балет мектебине киргенде да жоолугун чечкен эмес. 2016-жылы Стефаниге швециялык жарашык агенттиги 8400 долларлык стипендия бөлгөн. Басылма «кыялын ээрчиген кыз азыр Австралиядагы мусулман коомчулугуна дем берип жатканын» жазат. «Адамдар эмне кылсак да баары бир жагымсыз сөздөрдү айта берет экен, менин жоолугумду жаңылык кылуу туура эмес. Башкалардан айырмаланып турсам да, өз кыялымды ишке ашырып, белгилүү балет бийчиси болуудан баш тартпайм», - деген Курлоу журналдагы маегинде.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (44)

XS
SM
MD
LG