Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:15

Жибек жолун чочуткан вирус


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (20-27-январь, 2020-жыл).

«Foreign Policy» журналы Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирустун экономикалык таасирин жана бул шаардын Си Циньпиңдин «Бир алкак - бир жол» деген дымактуу долбоорунда ээлеген ордун иликтеди. Макаланын автору, Пулитцер сыйлыгынын ээси Лоури Гаррет: «Азырынча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Ухань пандемиясы боюнча өзгөчө кырдаал жарыялай элек. Уханда козголгон вирус менен 2003-жылдагы SARS вирусунун ортосунда эбегейсиз чоң экономикалык айырмачылыктар бар. 2019-жылы Кытайдын экономикасы өспөй, кайра артка кетип жатканда Ухандын өнүгүшү башкалардан 7,8% жогору болгон. Миллиондогон ишкер дүйнөнүн булуң-бурчунан поезд, учак менен бул шаарга каттачу. Дүйнөдөгү эң ири 500 корпорациянын кеңсеси орун алып, машине чыгаруучулар, «Microsoft» баштаган ири ишканалардын филиалдары бар эле. Ухань аба майданынан былтыр эл аралык аба каттамдарында 27 миллион жүргүнчү учкан. «Economic Intelligence Unit» уюму Ухань жайгашкан Хубэй провинциясы Кытайдын жалпы ички дүң өнүмүнө 2020-жылы 1% киреше алып келерин аныктаган. Кытайдын «Бир алкак - бир жол» долбоорун Түштүк-Чыгыш Азия, Гималай, Борбор Азия менен туташтырган темир, кара жол дал ушул шаардан башталчу. 11 миллион калктуу, экономикасы өтө тез өнүккөн шаарда карантин жарыяланганы Бээжиндин экономикалык саясатын солгундатары шексиз. Коронавирус глобалдык деңгээлдеги коркунучка айланса анын кесепетин элестетүү өтө оор. Гонконг университетинин ардактуу вирусологу Йи Гуан Ухань пандемиясы мурдагы куш, чочко тумоосу сыяктуу вирустардан таптакыр айырмаланып, өтө опурталдуу экенин, Сибирге, Гималайдагы өлкөлөргө, анан калса Африкага чейин жетип, ал жактагы ачарчылыктан улам иммунитети алсыз элди кыйнайт деген оюн айтты», - деп жазды.

Кытайдын насыя капканы

Си Цзиньпиң бийликке келгенден тартып Кытайдын булуң-бурчунда жашаган элине социалдык насыялар берилүүдө.

Кытай карызы боюнча иллюстрациялык карта.
Кытай карызы боюнча иллюстрациялык карта.

Иликтөөчү Яцзы Ян «The Diplomat» журналына Кытайда элге турак жайын оңдоого, жаңы үй сатып алууга же саякатка чыгууга мамлекеттик колдоо катары берилген насыя системасы, аны алыш үчүн элдин бардык маалыматы электрондоштурулуп жатканын жазды. Ал тиешелүү маалымат санариптик базага топтолуп, мамлекет аны өз пайдасына колдонуп жатканын, эми мындай саясатты Кытай бийлиги коңшу өлкөлөргө да жайылтууга аракеттенгенин ачыкка чыгарды. 2018-жылы Бээжин «Бир алкак - бир жол» стратегиясынын алкагында Сауд Арабиясы, Монголия, Таиланд жана Мьянма менен насыя алгандардын маалыматын алмашуу плафтормасын түзгөн.

Орусиянын Тышкы саясат жана коргонуу кеңшинин мүчөсү, эксперт Владимир Овчинский «Комсомольская правда» гезитиндеги маегинде «2020-жылдан тартып Кытай Казакстанда, Кыргызстанда жана Монголияда социалдык насыя берүүнүн техника-экономикалык негиздемесин баштай турганын» белгилеген. Эксперт Кытай бул системаны санарипти жакшы билген IT адистери менен ишке ашырарына токтолот.

Автор ансыз да Кытайдан алган карыз менен ички экономикасын кармап турган казак, кыргыз бийлигинин саясатына социалдык насыя кошулса анда Бээжиндин болгон талабын аткарары шексиз деген ойдо.

2018-жылы казак өкмөтү Кытайдын каржылык колдоосуна таянган Түркия, Лаос, Орусия, Малайзия менен кошо «Азия насыясы» аттуу демилгени сунуш кылган эле. Анын негизинде элге турак жай сатып алуу багытында жеңилдетилген насыя берилет. Кытай акчасын берип, насыя системасын ачкан өлкөлөрдөн маалыматты чогултууну колго алды. Бул үчүн ал «дүйнөнүн санариптешүүсүнүн өнүгүү индикатору катары көрсөтүүдө», деген автор Кытайдын насыясына туйтунган тажик бийлиги өз элинин бардык маалыматын Бээжинге ачык эле берип жатканын мисал келтирди.

Швед гезити: Бишкек - дүйнөдөгү абасы эң кир шаар

Швецияда чыккан «Svenska Dagbladet» басылмасы Бишкектеги булганыч аба тууралуу макала жарыялады. Андагы маалыматка ишенсек, 1980-жылдан бери Бишкектеги бак-дарак улам азайып баратат.

Бишкек, аянттагы аба.
Бишкек, аянттагы аба.

Мындан тышкары шаардагы элди ташыган коомдук транспорт абдан эле эски. Кыргыз баш калаасы 2019-жылдын ноябрында дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын сап башына чыкты. Бишкек Индиянын, Кытайдын жана Монголиянын шаарларынан ашып, абанын сапатынын начардыгы жагынан биринчи орунга чыкты. «Бирок кыргыз бийлигинде шаардагы абага кабатырлангандар өтө эле аз өңдөнөт» деген басылма Кыргызстандагы климатты изилдеген «Move Green» кыймылы тууралуу маалымат берген. Автор «Кыргызстан Швециянын жарымындай эле. Экономикасы сырттагы мигранттар менен «Кумтөр» алтын кенине көз каранды. Саясатында кландык, аймактык бөлүнүү өкүм сүрөт», деп кошумчалап, өлкө тарыхында акыркы 10 жылдагы саясий өзгөрүүлөргө да кеңири токтолгон. Басылма дүйнөдөгү абасы эң эле булганыч баш калаанын эли да, бийлиги да азырынча климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кабатыр болбой жатканына таң калган.

Европалыктар туристтерден тажашты

Британияда чыккан «The Guardian» гезити дүйнө элинин Европанын шаарларын кыдырууга болгон кызыгуусу арткан сайын массалык туризмди жектегендер чыгып жатканын жазды. Амстердам, Барселона сыяктуу шаарларда эл мэриядан ашыкча туризмге каршы чара көрүүнү талап кылып, акцияларга чыгууда.

Амстердамдагы падышалык ордо.
Амстердамдагы падышалык ордо.

Амстердамды 2018-жылы 19 миллион адам кыдырган. Ушундан улам коопсуздук маселеси да өтө курч болгон. Кошумча 60 миң киши жумушка алынып, туристтер шаарга жылына алты миллиард евро киреше берген. 2030-жылга чейин туризм секторунан 10 миллиард евро киреше кирери божомолдонот. Бирок жергиликтүү тургундар тарыхый жайлар ашыкча туризмден жабыркап жатканына капа. Барселонада, Римде, Лондондо да ушундай көрүнүш өкүм сүрүп жатат. Туристтердин көбөйүшүнөн улам ири шаарларда батир акысы 50% көтөрүлдү. Гезит ушундан улам европалык 16 жаштан 30 жашка чейинки жаштардын 80% ата-энеси менен жашоого мажбур экенин баяндайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG