Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:51

Шинжаңда мусулман бейиттер жоголууда


Шинжаң. Иллюстрациялык сүрөт.
Шинжаң. Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (2019-жылдын 30-декабры - 2020-жылдын 6-январы).

«The Independent» гезитинин журналисти Самуел Озборн Кытайда жүздөгөн мусулман бейиттери жоголуп жатканын жазып чыкты. CNN каналы жакында Шинжаң провинциясынын жандоочтон тартылган жүздөгөн сүрөттөрүн жарыялады. Анда уйгур улутундагылардын көрүстөндөрү акыркы эки жылда жер менен жексен болуп, ордуна парк, балдар ойноочу жайлар курулганын көрсө болот. Лондондо 20 жылдан бери бозгунда жүргөн уйгур акыны Азиз Иса Эркин «Google Earth» картасынын жардамы менен атасынын бейитин улам карап турчу. Бирок акыркы эки жылда бейит таптакыр жоголуп, орду талаа болуп калганын көрүп таң калганын гезитке билдирди.

«Human Rights Watch» уюмунун Кытай боюнча директору Софи Ричардсон: «Бээжин менен Үрүмчү бийлиги түрк тилдүү тирүү мусулмандарды эле эзип тим болбой, маркумдардын бейитине да акарат келтирип жатат. «Террорчулук менен күрөшөбүз» деген ураандын артында адам укуктарын бузуу, диний эркиндикти чектөө турат. Муну эл аралык коомчулук катуу көзөмөлдөшү керек», - деди. 2019-жылы «France-Presse» маалымат агенттиги да Кытайдагы талкаланган көрүстөндөр тууралуу жазып чыккан. Батыш өлкөлөрү менен укук коргоочу уюмдар Кытайдагы уйгур улутундагы адамдарга жана мусулман динин туткан аз улуттарга карата саясатты кескин сынга алууда. Көпчүлүк маалымат булактары «кайра тарбиялоо» деген лагерлерге жамынып, Кытай бийлиги аз улут өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүп жатканын жазып жатышат.

Алишер Усманов: мураскерлерим даяр

Британиядагы «Financial Times» гезитинин кабарчысы Генри Фой өзбек улутундагы орусиялык миллиардер Алишер Усманов менен эксклюзивдүү маек уюштурду.

Алишер Усманов.
Алишер Усманов.

Усманов анда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен байланышы, кайра куруу доорунда топтогон байлыгы, мураскерлери тууралуу айтып берип: «Мени дүйнө «акчасын чөнтөгүнө батыра албаган олигарх» деп атап алган. Бирок бул сыпатка татыктуумунбу, билбейм. Болгону жашоодо бардык нерсени кылып, дүйнөнүн бардык булуң-бурчуна барууну максат кылгамын. Жаштыгым өтө кызыктуу болду. Москвадагы эл аралык мамилелер институтунда окуп, түнкү клубдар, көргөзмөлөр, опера, балетти калтырчу эмесмин. Анан сулуу кыздардын артынан да чуркадык», - деп эскерет. Усманов маекте «Арсенал» баштаган футбол клубдарына кантип кызыкканын, Кытайдагы «Алибаба», АКШдагы «Фейсбук», Орусиядагы «Мегафон», «Металлоинвест» сыяктуу ири корпорациялардагы үлүшү тууралуу, 1990-жылдары Өзбекстанда түрмөгө отуруп чыкканын, андан соң кантип байыганын айтып берген. 1953-жылы Өзбекстандын Чуст аймагында төрөлгөн Усманов өзүн дүйнөнүн жараны деп эсептейт. «Караңызчы, азыр мен Германияда сиз менен сүйлөшүп жатам. Мен кайсы өлкөдө олтурсам, ошол өлкөнүн атуулу боло алам. Эми 66га чыгып, ардактуу куракка жеттим. Мураскерлер тууралуу ойлоно баштадым, 12 неберем бар. Тапкан байлыгымдын жарымын балдарым менен неберелериме калтырам, калганын менин бизнесимди башкарган менежерлерге өткөрүп берем. Канча көп тапсаң, ошончо көп бергенди, башкалар менен бөлүшкөндү да билишиң керек. Андыктан чогулткан байлыкта алардын көз акысы көп», - деди. Андан ары маекти жүргүзгөн журналист Фой Алишер Усманов менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин туугандык байланышына да кызыккан. Усмановдун айтымында, Мирзиёевдин бийлигин чыңдаш үчүн анын командасына миллиондогон инвестиция жумшады. Усманов менен өзбек ажосунун жакын ымаласы эки жыл мурун Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынына Мирзиёев Усмановдун менчик учагы менен барганда да элдин назарына түшкөн. Усмановдун айтымында, Мирзиёев учактын жол киресин толук төлөп берген. Бул интервью азыркы тапта орус тилиндеги басма сөздө кызуу талкууланып жатканы маалы.

Кыргызстан дүйнөдөгү туризмдин сабында

Кыргызстанды эл аралык маалымат каражаттары дүйнөлүк туризм боюнча мыкты өлкөлөрдүн рейтингине кирди. АКШнын CNN телеканалы Кыргызстанды турист катары эс алууга ыңгайлуу 20 мамлекеттин катарына кошсо, «Bloomberg» экономикалык жаңылыктар агенттиги 2020-жылкы туризмдин мекени болчу 24 өлкөнүн бири деп атады.

Жакынкы Чыгышта англис тилинде жарык көргөн «The National» басылмасы Кыргызстанды 2020-жылы кыдырууга ыңгайлуу 20 өлкөнүн катарына кошту. «Былтыр Борбор Азиядан Өзбекстанды бул тизмеге киргизген элек. Быйыл жайкысын ат оюндары, куш салуу, аңчылык менен атагы чыккан, бийик тоолуу, мөлтүр Ысык-Көлү бар Кыргызстанды кыдырууга чакырабыз. Боз үйдө жашап, жайкысын эс алууга абдан ыңгайлуу өлкө», деп жазган басылма. Туризмге ыңгайлуу 20 өлкөнүн катарында Словения, Египет, Мексика, Жапония, Руанда, Пакистан, Шри-Ланка, Доминикан Республикасы, Грузия, Бутан, Кытай, Парагвай, Монтенегро, Тунис, Сауд Арабиясы, Швеция бар. Араб басылмасы ал тургай космосту да бул туристтик 20 сапка киргизди.

Смартфонду таштай аласызбы?

Франциянын «Le Figaro» басылмасы «2020-жылы смартфонду таштоого мүмкүнбү?» деген суроого жооп издеген.

Макалада «франциялыктардын 60% смартфонду ар бир 10 мүнөт сайын карамайынча тура албай калганын, чөнтөк телефонсуз жашоосун элестетүү кыйындаганын «AXA Prévention» биримдигинин окумуштуулары аныктады. Смартфон азыр адамдын бир организминдей эле болуп калды. Адамзат секунд сайын өнүккөн технологияга байланууда. Бирок психологдор уюк телефонго байлануу, тынымсыз социалдык түйүндө отуруу адамды эбегейсиз стресске учуратарын эскертишүүдө. Андыктан аны колдонууну чектөөгө мезгил жетти. Психологдор 21 күн бою смартфонду тамак жегенде, чай ичкенде, адамдар менен жолугушууда, уйку алдында колдонбой, тажрыйба жүргүзүп көрсө натыйжалуу болору билинерин айтышат» деп баяндалат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG