Линктер

жума, 20-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:30

Мигранттар мамлекеттин ишенимдүү инвестору


Мигранттар мекендин жүгүн көтөрүп турат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:35 0:00

Мигранттар мекендин жүгүн көтөрүп турат

Акыркы он жылда чет жакта эмгек мигранты болуп жүргөн кыргыз жарандары мекенине 19 миллиард доллардан ашык каражат жөнөттү.

Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин алгачкы жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Өкмөт өкүлдөрү жана чет мамлекеттерден келген кыргызстандыктар катышкан иш-чара 2-августта Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өттү. Ага президент өзү төрагалык кылды.

"Акыркы он жылда Кыргыз Республикасына эмгек мигранттары жана мекендештер тарабынан 19 миллиард АКШ долларынан ашык каражат жөнөтүлгөн. Салыштыра кетсем, ошол эле он жылдык мезгилде жалпы өлкөбүздүн экспортунун көлөмү 18 миллиард АКШ долларын түзгөн. Ал эми өлкөбүзгө келип түшкөн түз чет элдик инвестициялардын көлөмү болгону 8,3 миллиард АКШ долларын түздү. Башкача айтканда, сыртта эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин кошкон салымы биздин экспорт жана түз инвестициялар тармагынан да жогору. Ар бир мигранттын акчалай которуулары курулуш, финансы, тигүү өндүрүшү, транспорт, байланыш, соода жана кызмат көрсөтүүлөр, айыл чарбасы жана башка тармактардын өнүгүшүнө импульс болууда", - деди Жээнбеков.

​Кыргыз бийлиги өлкө сыртындагы мекендештер менен байланышты жандантып, мамлекетти өнүктүрүүнү көздөй турганы талкуунун өзөгүн түздү.

Бирок экономика жаатындагы эксперттер көтөрүп келаткан маселе - мигранттардын акчасы той-ашка жана башка ыксыз чыгымдарга көп сарпталып жатканы жөнүндө дээрлик сөз болбоду.

Жыйынга катышкандардын көбү виза алууну жеңилдетүү, консулдук ачуу, маданий-иш-чараларды уюштуруу өңдүү көйгөйлөрдү гана көтөрүп, мамлекеттен аны чечүүнү суранышты.

Екатеринбургда көп жылдан бери медицина тармагында иштеп жүргөн Гүлжан Долонбаева талкууда миграциядагы карапайым калктын маселесине азыраак көңүл бурулганын белгилеп, аялдар жана балдар темасына токтолду:

"Бүгүн айтылган маселелердин баары эле бизнеске тиешелүү болуп, миграциядагы энелер менен балдардын орду аныкталбай калгандай. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстандагы энелердин өлүмүнүн 12 пайызын мигрант келиндер түзөт экен. Бул маселе бизди ойлондурат".

​Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева миграциядагы аялдар жана балдар темасы орчундуу экенине кошулуп, парламент бул маселеде мыйзамдарды даярдап жатканын билдирди.

АКШнын Огайо штатында жашап жүргөн Бакай Оморов сөздөн ишке өтүүнү сунуш кылды:

Бакай Оморов.
Бакай Оморов.

"Бул маселелерди талкуулай берсек, бүтпөйт. Аны чечүү үчүн мамлекетке салым кошуу керек. Биз ошону эске алып, билим берүү тармагына АКШдан жардам кылалы дедик. Мисалы, IT тармагын өнүктүрүү үчүн бул жактагы мугалимдерди Америкага алып барып, тажрыйба топтоп келишине көмөктөшүүгө даярбыз".

Британия, Малайзия, Австриядан келген мекендештер чет жактагы кыргызстандыктарды өлкөгө кайра алып келүүгө өкмөт кызыкдар болушу керектигин билдирип, сыртта окуган улан-кыздарды өз мамлекетинде иш менен камсыздап берүүнү өтүнүштү.

Буга чейин журтташтардын башын бириктирип, алар менен ымаланы жандантуу, мигранттарга колдоо көрсөтүүнү көздөгөн ушул өңдүү жыйындар төрт жолу өткөн. Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш түзүү демилгеси 2018-жылдагы “Мекендештер” форумунда сунушталган. Курамына Кыргызстанда жана чет жакта түрдүү багытта иштеген 42 адам кирген.

Сырткы миграциядагы кыргызстандыктардын саны миллиондон ашат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун билдиришинче, ушул тапта бул өлкөдөгү кыргызстандыктардын жалпы саны 1 миллион 200 миң экенин, анын 500 миңи орус жарандыгын алган.

Орусияда мигранттардын укугунун тез-тез бузулуп, мыйзамдардагы айрым чектөөлөр түйшүк жаратып жатканы айтылып жүрөт. Президент Жээнбеков Орусиядагы кыргыз мигранттарынын абалы бир топ жакшырды деп эсептейт. Бул үчүн Бишкектеги жыйында ал Орусиянын президентине рахмат айтып, эки өлкө ортосунда ишенимдүү саясий диалог бар экенин белгиледи.

Түркия, АКШ, Европа, Түштүк Корея жана башка мамлекеттерде да миңдеген кыргызстандыктан окуп, иштешет. Айрымдары биротоло ошол жакты байырлап калышкан.

Кыргызстан эгемендик алган отуз жылга чукул убакыттан бери өлкөдөгү жумушсуздуктан улам эмгекке жарамдуу жарандардын сырткы миграцияга агылуусу негизги көйгөй бойдон кала берүүдө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (9)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG