Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:33

Түркиядагы мигранттар элчи менен жолугушту


Түркиядагы кыргызстандык мигранттар.
Түркиядагы кыргызстандык мигранттар.

Түркиянын Стамбул шаарында окуп жана эмгектенип жаткан кыргызстандыктар 19-июнда Кыргызстандын бул өлкөдөгү жаңы дайындалган элчиси жана консулдуктун кызматкерлери менен жолугушту.

Эки ай мурун Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп жаңы дайындалган Кубанычбек Өмүралиев Стамбул шаарындагы кыргызстандыктар менен жолукканда түрк жергесиндеги мигранттардын маселелерин талкуулады. Өзгөчө акыркы жылдары Түркияга мигрант аялдардын агылып келип жатканын баса белгилеген элчи бул багытта атайын изилдөөлөр жүргүзүлүп жатканын айтты:

«Элчилик акыркы эки айдын ичинде атайын изилдөө жүргүздү. Өзгөчө Түркияга эмгектенгени келген кыз-келиндердин дээрлик көпчүлүгү оор турмуштун айынан келет экен. Материалдык карыздын айынан иштеп жүргөн кыз-келиндерди жолуктурдум. Социалдык кыйынчылыктан улам балдарын таштап иштеп жүргөндөр да бар. Баары кордук көрүп оор шарттарда иштейт дегенден алысмын, анткени 10-15 жылдан бери мыйзамдуу иштеген мигрант аялдар менен да жолуктук».

Элчи Кубанычбек Өмүралиев кыргызстандык жарандар менен.
Элчи Кубанычбек Өмүралиев кыргызстандык жарандар менен.

​Элчи Өмүралиев кийинки убакта өзгөчө социалдык тармактарда Түркиядагы элчиликтин кызматкерлеринин орой мамилеси тууралуу сын-пикирлерге да токтолду:

«Мен элчиликте же башкы консулдукта кынтыксыз кызматкерлер иштейт деп айта албайм. Бизде да күнөө бар. Кызматкерлер да адам болгондон кийин балким кээде катуу сүйлөп алышы мүмкүн. Бирок мен ар бир кызматкерден биздин жарандарга мыйзамдын чегинде сылык мамиле кылууну өтүнөм».

Түркиянын Ички иштер министрлигинин 2018-жылга берген статистикасына ылайык өлкөдө 25 миңден ашык кыргызстандык жаран катталган. Алардын жети жарым миңдейи гана эмгек визасы менен иштейт. Басымдуу көпчүлүгү бир жылдык туруктуу жашоого уруксат алган виза менен келет. Мыйзамсыз иштеп жүргөн кыргызстандыктар да арбын. Стамбулда өтүп жаткан чогулушта мигранттар дал ушул мыйзамсыз иштеп жүргөн жарандардын консулдук кызматтан пайдалана албай жатканына жана көрсөтүлгөн кызмат үчүн акы кымбат болуп жатканына нааразылыгын билдиришти. Мигранттардын бул боюнча суроолоруна Стамбулдагы башкы консулдуктун вице-консулу Бакыт Уметов түшүндүрмө берди:

«Негизги шарт - эгер жарандардын Түркияда мыйзамдуу туруктуу жашаганга урксаты болбосо консулдук кызматтан пайдалана албайт. Анткени консулдук уставга ылайык, консулдук каттоого турбаган жарандарга мен мыйзам боюнча кызмат көрсөтө албайм. Ал эми консулдук каттоого туруш үчүн Түркияда туруктуу документ болуш керек же Кыргызстандан каттоодон расмий чыгып келип бизге катталышы керек. Консулдуктардын талабы ушундай. Ал эми консулдук төлөмдөр быйылкы жылдын аягына чейин арзандайт деген божомолдор бар».

Түркияда эки миңден ашык кыргызстандык студент билим алат. Элчи менен кездешүүгө студенттердин жоон тобу келип, өз маселелерин айтышты. Алар Түркияга мамлекеттик стипендия менен негизинен гуманитардык факультеттерге окууга келгендер басымдуулук кылып жатканын белгилешти. Элчи Өмүралиев кыргыз студенттеринин билим алышын караган тийиштүү расмий органдар менен бул маселени сүйлөшкөнүн билдирди:

«Түркияда негизинен теология факультетинде окуган студенттер арбын экен. Мен жакын арада Түркиянын Чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) менен жолукканымда алардын өкүлү «биз стоматология жана медицина факультеттерине гана орундарды көбөйтө албайбыз, ал эми башка факультеттерге мамлекеттик стипендия боюнча орундарды карап берем» деп сөз берди. Негизги маселе биздин мамлекет тараптан кетип жатат. Анткени абитуриенттер боюнча Түркияга керектүү факультеттерди тандап билдирсек, алар ошого жараша квота бөлүп беришет экен. Элчилик бул боюнча Кыргызстандагы тийиштүү билим берүү органдарына расмий кат жөнөттү».

​Түркиядагы студенттер билим алуу менен катар бул өлкөгө келип жаткан кыргызстандык бейтаптарга котормочулук кылып жардамдашат. Бирок жыл сайын Кыргызстандан келген бейтаптар көбөйгөндүктөн айрым учурларда студенттер да котормочу болуп жетишпей жатканын студент Чолпонай Ташиева айтып чыкты:

«Түркияга бейтаптар котормочусуз келишет. Эгер бул жактагы студенттер билип, маалымат алып калсак сөзсүз барып котормочу болуп жүрөбүз. Стамбул чоң шаар болгондуктан бир ооруканадан экинчи ооруканага же университетибизге жетише албай калат экенбиз. Негизинен онкология жана орган алмаштыруу сыяктуу оорулар менен келишет. Биздин Саламаттык сактоо министрлиги да ушул жагдайды эске алып, келе жаткан бейтаптарга котормочулук жаатындагы кыйынчылыктарды да түшүндүрүп койсо деген оюбуз бар».

Түркиядагы кыргызстандыктар.
Түркиядагы кыргызстандыктар.

​Стамбул шаарында мигранттар менен чогулушта ошондой эле виза жана туруктуу каттоого турууга байланыштуу маселелер, маданий иш-чаралар жана коомдук уюмдардын алака-катышын кеңейтүүнүн жолдору тууралуу кеп болду.

Расмий эсеп боюнча Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык бар. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат. Кыз-келиндер негизинен балдарды же кары кишилерди карап жана тейлөө тармагында иштешет. Эркек мигранттар курулуштарда кара жумушта эмгектенишет. Ошону менен катар Түркияда жогорку окуу жайларында мугалим, ооруканаларда дарыгер жана ири мекемелерде жетекчи болуп иштеген кыргызстандыктар да кездешет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG