Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Маалыматтын аздыгы Түркияда түйшүк жаратат


Анталиядагы мейманканалардын бири. Июнь, 2019-жыл.
Анталиядагы мейманканалардын бири. Июнь, 2019-жыл.

Түркиянын Мармарис шаарындагы мейманканалардын бирине жумушка келген кыргызстандыктар ишсиз калышты.

Эмгек мигранттары мунун себебин келишимде көрсөтүлгөндөн көп иштеп жатканы менен түшүндүрсө, иш берүүчү кыргызстандыктар атайылап жумушту таштап кеткенин айтууда.

Кыргызстандык Нуржан Түркиянын Мармарис аймагына быйыл 18-майда «Martı Resort» мейманканасына иштегени келген. Бишкектеги агенттик менен түзгөн келишиминдеги сегиз сааттык иш күнү Түркияга келгенде 13 саатка созулганы Нуржанга жаккан эмес. Анын айтымында, өз укугун коргоп чыккан кыргыз жигитти мейманкананын жетекчилери себепсиз иштен бошоткон.

«18-майда Кыргызстандан 13 киши бир мейманканага иштегени келдик, - деди ал. - Иштей баштадык. Келишимге ылайык сегиз саат иштешибиз керек эле, бирок 13 саат иштетишти. Мен мунун себебин сураганымда дароо билетимди карматып, ошол эле күнү иштен чыгарып коюшту».

Учурда Нуржан Анталия шаарында башка мейманканада официант болуп эмгектенип жүрөт. «Martı Resort» мейманканасына 4-июнда келген 14 кыргызстандык да иш шарттарына канааттанбай жумуштан кеткен. Бул тууралуу социалдык түйүндөргө маалымат тараткан эмгек мигранттары Мармаристен Анталияга кетишкен. Окуянын чоо-жайын Бегимай мындайча түшүндүрдү:

«Келгенде эле жумушубуз жаккан жок. Паспортторубузду алып калышты. «Расмий иштер бүткөндөн кийин беребиз» деп коюшту. Башкалардан сурасак «паспортту алганга укуктары жок» деп айтышты. Аны укканда нааразы болдук. Бизге жаткан жерибиз, анан жумуш убактысынын 12-13 саатка созулганы жаккан жок».

Түркиядагы туристтик жайлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Түркиядагы туристтик жайлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Жумушсуз калган 14 кыргызстандык Бишкектен «Амасса» агенттиги аркылуу келген. Келишимде жазылгандай, алар мейманканада тейлөө кызматын аркалашмак.

Мигранттардын маселеси боюнча «Амассанын» Түркиядагы өнөктөш агенттигинин өкүлү Селма Чифтчи менен байланышканыбызда, окуянын чоо-жайын башкача чечмеледи:

«Паспортторун алып бербей койгон жокпуз. Алар дем алыш күнү келгендиктен, «дүйшөмбүдө банкта эсеп ачылат, ага чейин мейманканада болуп турсун» деп айтылган. Жаңы келгендер ага көнбөй, бир күн иштеген соң «биз кетебиз» деп чыгышты. Мейманканаларда эч качан 12 же 13 саат тынымсыз иштешпейт. «Антракт» деген система менен иштетебиз. Башкача айтканда эртең менен официант сегизде келип, 11ге чейин иштейт. Анан бир саат дем алат. Түшкү он экиден эки жарымга чейин сервис кылып, анан кечки алтыга чейин эс алат. Анан бештен түнкү 11ге чейин иштеш керек болот. Ошону менен он саат иштеген болот. Учурда «Martı Resort» мейманканасында апрелде келип иштеп жаткан 20дан ашык кыргызстандык бар. Эмне үчүн алар нааразы болуп, кетип калышкан жок? Жаңы келгендердин негизи эле Мармаристе иштегенге ниети жок экенин түшүндүм. Бирок мен аларга «жумуштан кетпегиле, силер кетсеңер ордуңарга иштегенге эч ким жок» деп жалдырадым. Көнбөй кетип калышты».

Учурда Мармарис аймагында жайгашкан мейманканада 400дөн ашык жергиликтүү жана 49 чет өлкөлүк кызматкер эмгектенет. Ал чет өлкөлүктөрдүн арасында кыргызстандыктар да бар.

Ал эми Түркиянын туристтик аймактарындагы мейманканалар жумушка чакырып жатканда эмгек келишиминде көрсөтүлгөн «антракт» системасы Түркиянын Эмгек жөнүндө мыйзамынын 68-беренесинде бекитилген. Анда жети сааттан ашык иштеген жумушчулар бир нече жолу бир сааттан ашуун эс алууга укуктуу. Бирок бул эс алуу мөөнөтү жумуш саатына кошулбайт.

Биз Бишкектеги «Амасса» агенттиги менен байланышканыбызда өнөктөштөр ортосунда келишимге байланыштуу айрым түшүнбөстүктөр болгонун жана мейманкана кыргызстандык мигранттарды сегиз сааттан көп иштетип, орой мамиле кылганын, ошондон улам алар кетишкенин айтышты.

Мейманканадагы жумуштан чыгып калган кыргызстандыктардын абалы тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Эсенбек Эргешов да маалымат берди:

«Биз азыр 14 кыргызстандык менен байланыштык. Учурда алар жатаканада экен. Абалы менен да тааныштым. Алар Бишкектен ортомчу агенттик аркылуу кеткен. Бул агенттикке байланыштуу Мамлекеттик миграция кызматына арыз келип түштү. Биз дароо арыздын негизинде окуя боюнча чара көрөбүз».

Мейманканадан кеткен 14 кыргызстандык учурда Анталия шаарында баш калкалап турат. Алар келишим түзүп келген мейманканада иштебегендиктен, эмгек визасы 10 күн ичинде жараксыз болуп калат. Бул боюнча Анталиядагы «Айымдар коому» аларга кеңеш берип, көмөк көрсөткөн.

Коомдун жетекчиси Периза Асанаалиева мындай окуялар көбөйгөнүн белгиледи. Ал муну Кыргызстандагы агенттиктер мигранттарга туура эмес маалымат берип, жөнөтүп жатканы менен байланыштырды:

Периза Асанаалиева.
Периза Асанаалиева.

«Бишкектеги Ош базарынан деле «Түркияга ишке жиберебиз, тамагы, жаткан жери бекер» деп туура эмес маалыматтарды берип, ишенчээк мигранттарды жөнөтүп жатышат. Ишенгендер келип, чыныгы шарттар андай эмес экенин көрүп, анан ушундай жагдайларга туш болуп жатышат. Азыр бирок айрым мейманканалар эмгек визасын жасатпай деле иштетип калышыптыр. Бирок бул биздин мигранттардын кызыкчылыгын коргобойт. Анткени жумуш учурунда кандайдыр бир кырсыкка туш болсо эч ким мойнуна албай коёт. Башкача айтканда мыйзамсыз иштеп жаткан болот. Ортодо баягы кыргызстандык мигрант чайналып калат».

Анталия аймагында 400дөн ашуун беш жылдыздуу мейманкана бар. Алар 2019-жылы 50 миллионго жакын турист кабыл алууну пландашкан. Бул былтыркыдан эки эсе көп.

Түркияда расмий 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап эмгектенет. Расмий эмес маалыматтар боюнча жайкы туристтик сезондо 40 миңден ашык кыргызстандык Анталия аймагындагы мейманканаларда иштейт. Алар негизинен тейлөө кызматтарында иштешет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG