Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:22

Түндүк Кипрде кыргыздар көбөйдү


Кипрдеги кыргызстандык жаштар.
Кипрдеги кыргызстандык жаштар.

Акыркы жылдары Түндүк Кипрге барган кыргызстандык студенттер менен мигранттар көбөйүп жатат. Жогорку окуу жайларында билим алган студенттер менен катар тейлөө тармагында иштеген кыргызстандыктар да арбын.

Түндүк Кипрди Кыргызстан өз алдынча өлкө катары тааныбаганы менен кийинки убакта кыргызстандыктардын агылып келип жатканы айрым маселерди жаратууда.

Кипр аралынын түрк тарабында жайгашкан Гирне жана Лефкоша шаарларында 1,5 миңге жакын кыргызстандык билим алып же эмгектенет. Беш жылдыздуу мейманканалары жана кумарканалары менен таанылган бул шаарларда түмөндөгөн чет өлкөлүк мигранттар жан багат.

Аралдагы кыргызстандыктардын турмушу тууралуу «Кипр эл аралык студенттер ассоциациясынын» жетекчиси Исламбек Кылычбек уулу айтып берди:

Исламбек Кылычбек уулу.
Исламбек Кылычбек уулу.

«Кипрге мигранттар эки багытта келишет - Бишкектеги жеке менчик агенттиктер аркылуу келген жумушчулар жана өз жолу менен келгендер. Агенттик аркылуу келгендердин жумушу даяр жана эмгек келишимин түзүп келип иштешет. Ал эми өз күчү менен келгендер Кипрдин аба майданынан иш берүүчүнүн чакыруусун көрсөтүп, виза алып кирет. Түндүк Кипрде кыргызстандыктар 15 күн турист катары жүрө алышат. Ал эми Түркиядагы мигранттарга салыштырмалуу Кипрдеги кыргыз мигранттарынын айлык акысы кыйла жогору. Бирок өлкө аралдын бир бөлүгү болгондуктан жашоо кымбат десек болот. Биздин мигранттар казинолордо, ресторандарда жана мейманканаларда тейлөө тармагында иштешет. Иш берүүчү эмгек келишимин түзүп жатканда англис, орус жана түрк тилин билген жаштарды тандагандыктан айлыгы да ошого жараша көп болот».

Кипр туризм тармагы менен дүйнөгө таанымал. Жер Ортолук деңизиндеги бул эң чоң арал Түндүк жана Түштүк Кипр деп экиге бөлүнөт. Түндүк жагы Түркиянын юрисдикциясына кирсе, түштүк жагы гректерге баш ийип, Евробиримдиктин аймагына карайт.

Исламбек Кылычбек уулу акыркы жылдары мигранттар менен катар Кыргызстандан келген студенттер да көбөйүп жатканын белгиледи:

«Учурда Кипрдин университеттеринде 300гө жакын кыргызстандык студент билим алып жатат. Алар негизинен инженердик, гуманитардык жана медициналык факультеттерде окушат. Бишкектеги агенттиктер аркылуу өтүп келген студенттер жана өз күчү менен окууга тапшыргандар да бар. Жылына орточо 1,500-7000 доллар төлөп билим алышат. Дээрлик бардык студенттер университеттердин кампустарында жашашат. Ал эми окуудан кийин студенттер туристтик жайларда иштешет. Анткени биздин студенттер орус, англис жана түрк тилдерин мыкты билгендиктен аларга суроо-талап да көп».

Түндүк Кипрдеги кыргызстандык студенттер.
Түндүк Кипрдеги кыргызстандык студенттер.

Түндүк Кипрди Кыргызстан өз алдынча өлкө деп тааныбайт. Андыктан бул өлкөдө иштеп же окуп жаткан кыргызстандыктардын маселелери чыкса, Кыргызстандын Анкарадагы элчилигине кайрылышат экен. Исламбек Кылычбек уулу бул маселе дипломатиялык жол менен чечилсе Кипрдеги мигранттар менен студенттердин жашоосун кыйла жеңилдетмек деген оюн айтты:

«2017-жылы кыргызстандык жигит каза болгон. Ошондо бир топ кыйынчылык жаралган. Биздин бир расмий өкүлүбүз болушун каалайбыз. Айрым маселелер чыгып калганда кайрыла турган өкүлчүлүк сыяктуу кызмат болсо жакшы болор эле. Анткени Кипрдеги чет өлкөлүк мигранттардын арасында кыргызстандыктар да көбөйүүдө».

Түндүк Кипрдин калкынын саны 326 миңден ашат. Аралдын бул бөлүгү негизинен туризм тармагы менен жан багат. Кипрдеги чет өлкөлүк мигранттардын арасында Пакистандан, Филиппинден жана Түркмөнстандан келгендер басымдуулук кылат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG