Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Түркия: мигранттар акысыз дарылангысы келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар бул өлкө кыргыз жарандарын дарылоого бөлгөн 150 орундук квотанын 50 квотасын өздөрүнө ыйгаруу демилгесин көтөрүп жатышат. Муну мигранттар Түркияда эмгек визасын албай, мыйзамсыз иштегени үчүн ден соолуктан ажырадык деп негиздешүүдө.

27 жаштагы Мунара үстүбүздөгү жылдын апрель айында Түркиянын Анталия шаарында иштеп жүргөн кезде бел омурткасы чоюлуп, операция болгон.

Андан бери кыйла убакыт өтсө да Мунаранын саламаттыгы калыбына келе элек. Абалы начарлаган бейтапты Түркиянын Адана шаарында иштеген таежеси Алтын алып кеткен. Чет жерде мигрант болуп жүргөн Алтын ооруканада жаткан жээнинин абалы күндөн күнгө начарлап жатканын айтты.

"Мунара менчик ооруканада жатат. Белинен ылдый жагын сезбейт. Тили чулдурап, эми эле айтканын унутуп калат. Догдурлар алынын жетишинче карап жатат. Бир дарысы табылбай койду. "Анкарада гана бар" дешти. Ошол дарыны алдырсак, балким жакшы болуп кетет беле... Каражаттын аздыгынан Түркиядагы мекендештерден жардам суроого аргасыз болдум".

Түркияда иштеген кыргыз мигранттар.
Түркияда иштеген кыргыз мигранттар.

​Оору менен алышкан Мунаранын эмгек визасынын мөөнөтү бүткөндө мамлекеттик ооруканадагы дарылануусу да токтогон.

Таежеси Алтындын Түркияда туруктуу жашоого уруксат берген визасы жок болгондуктан шаарды кенен аралагандан коркот. Амалы түгөнүп, Кыргызстандагы туугандарынан келе турган материалдык жардам күтүп турган кези.

2014-жылы Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, жыл сайын Кыргызстандан 100 бейтап Түркияга келип акысыз дарыланып жүргөн. 2019-жылы май айында квотаны 150 кишиге көбөйтүү боюнча протоколго кол коюлган. Алардын элүүсүн Саламаттык сактоо министрлиги, калганын Түркия элчилиги тандап жиберет.

Жакында социалдык тармактарда ушул 150 кишилик акысыз квотанын элүүсү Түркияда эмгектенип жаткан мигранттарга берилсе деген демилге көтөрүлдү.

Гүлмира Бекмамбетова Анталия шаарында алты жылдан бери оорукчан кишилерди багып, иштейт​. Ал Мунаранын акыбалын көргөндөн кийин квота боюнча сунуш киргизгенин айтты.

"Ушул квотанын жок дегенде элүүсү Түркиядагы эмгек мигранттарына берилсе жакшы болмок. Ушул жылы эле Анталияда эки кыргызстандык келин оор абалда ооруканага түшүп, каза болуп калды. Убактыбыздын баары мекендештерден акча чогултуп, бейтаптарды ооруканага жеткиргенге чейин эле өтүп кетти. Сактап калганга жетишпедик. Бул кадам эмгек мигранттарына үмүт бермек. Сунушубузду мамлекеттик деңгээлде көтөрүп, жооп алсак чоң колдоо болмок".

Түркияда эмгек визасы менен иштеген чет өлкөлүк мигранттар жергиликтүү элдей эле мамлекеттик ооруканада акысыз дарылана алат. Ал үчүн расмий эмгек визасы менен катар мамлекеттик медициналык камсыздандыруу үчүн төлөмдү ай сайын кечиктирбей төгүшү шарт.

Кундуз Мамбетова.
Кундуз Мамбетова.

"Түркияда 150 кишинин акысыз дарыланганы аз деп ойлойм. Мигранттарга 20 орун деле жетмек. Кыргызстандан колунда жоктор ушул квота менен келип дарыланып жатканын көрүп турабыз. Эмгек визасы менен иштейбиз, акысыз дарыланабыз. Туруктуу жашоого уруксаты бар мигранттар квота менен дарыланса болот", - деди көп жылдан бери Стамбулда бала багып иштеген Кундуз Мамбетова.

2018-жылы Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык жаран катталган. Алардын 7 миңден ашууну эмгек визасы менен, дээрлик көбү бир жылга гана берилчү туристтик виза менен иштейт. Туристтик виза алуу жараянында мигранттардан талап кылынган медициналык камсыздандыруу белгилүү эле менчик ооруканаларда өтпөсө, көпчүлүк учурда жарабай калат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG