Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:20

Түркия: Алинанын табышмактуу жоголушу


Түркияга иштегени кетип, дайыны чыкпай жаткан Алина Аскарбек кызы.
Түркияга иштегени кетип, дайыны чыкпай жаткан Алина Аскарбек кызы.

Түркияга иштегени кеткен Алина Аскарбек кызы дээрлик бир жылдан бери байланышка чыкпай жатат.

Кызды сатуу үчүн кимдир бирөө менен телефон аркылуу түрк тилинде жазышкан билдирүүлөр Алинанын туугандарынын колуна тийген. Ал ортодо милиция бул ишке байланышы бар деп шек саналган кызды кармап, эки сааттан кийин коё бергени белгилүү болду.

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу айылынын тургуну Алина Аскарбек кызы Түркияга 2016-жылы иштегени кеткен. Эки жыл бою Кыргызстанда калган апасы, туугандары менен байланышып Стамбул шаарында иштеп жатканын, жумушу жакшы экенин айтып турган. Бирок 2018-жылдын май айынан бери дайыны чыкпай жатканын апасы Жыпара Бекмуратова айтып берди:

"Кызым эки-үч жылдан бери иштеп, эл катары акча, посылка салып жүргөн. "Сиздей эле болгон аялдар иштеп жатат, келсеңиз болот" деген. Эки бөлмөлүү батир таап койдум, жумушка сүйлөштүм, 10 күндөн кийин билетке акча котором деп былтыр майдын аягында чалган. Ошол бойдон жоголуп жатпайбы".

Бир-эки ай Алинадан кабар албаган туугандары аны Интернеттен, социалдык тармактар аркылуу издей баштаган. "Фейсбуктагы" "Түркиядагы кыргыздар" тайпасына жайгаштырылган маалыматты окуган Мухаммед аттуу түркиялык адам Алинага байланыштуу маалыматы бар экенин айткан.

Ал жардам берүүгө даяр экенин, бирок Алинанын кайда, кимге сатылганын кыргызстандык Элнура аттуу кыз гана биле турганын туугандарына кабарлаган.

"Ал мага Элнураны таап, байланыштырсаңар баарын мойнуна коюп берем деп жатат. Адвокат болуп иштейм, Түркиядан Кыргызстанга бара албай жатам деп эки-үч кишиге айтты. Билбейм ал ошол жакта туруп алып эле "Элнураны тапсаңар эле бүт баары жайында болот" деп айтып келет. Туруп-туруп Элнура Мухаммедге карыз болуп же кандайдыр бир мамилеси бузулганы үчүн кызымды түртө салып качып кеткенби деп ойлоп жатам. Ал кызды биз аркылуу таптыргысы келип жатабы дейм. Бирок аны да ачык айтпай жатат".

Мухаммед аты аталбаган бир кызды сатуу үчүн кимдир бирөө менен телефон аркылуу түрк тилинде жазылган билдирүүлөрдүн көчүрмөсүн (скриншот) да Алинанын туугандарына жөнөткөн. Анда Элнура "23 жаштагы турмушка чыга элек кыз үчүн 5 миң доллар сурап жатканын" жазган. Мухаммед сатылып жаткан кыз Алина экенин айткан.

Мухаммед айткан телефондогу сүйлөшүүнүн көчүрмөсү
Мухаммед айткан телефондогу сүйлөшүүнүн көчүрмөсү

Ушундан кийин Жыпара Бекмуратова ортомчуну жазага тартуу өтүнүчү менен Каракол шаардык милициясына арыз жазган.

Көкүрөк күчүгүн издеген эне андан бери тергөө, иликтөө иштери жылбай жатканына нааразы.

"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова тиешелүү органдар "окуя Кыргызстанда болгон эмес" деген шылтоо менен буга кайдыгер мамиле жасап жатканын белгиледи.

"ИИМдин Тергөө башкармалыгына барып, начальниги менен эки-үч жолу жолугушуп, сүйлөштүм. Кыздын эжесине арыз жаздырганыбызга деле бир ай болуп калды. Ага деле эч ким чалып, байланышкан эмес. Кара баштуу эле адам жоголуп жатат да. Менин алдын ала маалыматым боюнча, саткан кыз дагы, сатылды делген кыз дагы Стамбулда чогуу иштеп жүргөн. Окуя ошол жакта болгон экен. Күч органдары "Түркияда болгон ишке кийлигише албайбыз" деп жатат. Түркияда деле полиция, күч органдары бар. Мухаммедди таап, билген маалыматтарын айттырганга неге болбосун?"

Абдирасулованын айтымында, милиция Алинаны сатууга шек саналган Элнура аттуу кызды Бишкекте жашаган жеринен таап, кайра эки сааттан кийин коё берген. Муну анын үстүнөн жазылган арыздын жоктугу, жаңы кабыл алынган кодекстер аны суракка алганга жол бербей турганы менен түшүндүрүшкөн.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулованын айтымында, министрликтин Түркияда өкүлчүлүгү жоктугуна байланыштуу Алина Аскарбек кызы Интерпол аркылуу изделет.

"Дайынсыз болуп жаткан Аскарбек кызы Алинанын апасы бул ишке катышы бар деп айтып жаткан 1990-жылы туулган кыздын жүргөн жери аныкталып, ал жагдайды териштирүү үчүн Тергөө кызматына алынып келинген. Ал окуя боюнча түшүндүрмө берди. Жыйынтыгында анын Аскарбек кызы Алинанын жоголушуна тиешеси жок болуп чыкты. Ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул Түркиянын аймагында болгондуктан издөө иштери Тышкы иштер министрлиги жана Интерпол аркылуу жүрөт. Ошондуктан узак процедура болуп жатат".

Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Консулдук кызмат департаментинин маалыматына караганда, Алинанын жүргөн жерин аныктоо, буга чейин айтылган маалыматты текшерүү үчүн тиешелүү тараптарга тапшырма берилген.

Департаменттин жетекчилиги Жыпара Бекмуратованын кайрылуусуна жооп берип, Түркиядагы элчиликтин кызматкерлери өзүн адвокатмын деп тааныштырган Мухаммед аттуу жаран менен сүйлөшкөнү, бирок анын Алинанын дареги тууралуу маалыматы жок экени белгиленген.

Министрликтин басма сөз кызматы Алинаны издөө боюнча кандай иштер жүрүп жатканы тууралуу кошумча маалымат бериле турганын айтты.

"Азаттык" өзүн Мухаммед деп тааныштырган адвокат менен телефондон байланышып, кыргызстандык Алина жана Элнура деген кыздар менен кайдан, кантип тааныш болуп калганын суроого аракет кылды. Тилекке каршы, ал өзүнүн фамилиясын атоодон баш тартып, жүзүн көрсөтүүнү да каалаган жок.

"Жардам бергим келип жатат, бирок Кыргызстанда эч ким, эч нерсе жасабайт экен. Ошондуктан ишенбей калдым. Мен Алинаны тааныбайм, бирок ага жамандык кылган кызды тааныйм. Алинага Элнура кыянаттык кылган. Стамбулда аны тааныгандардын баары ошентип айтышты. Алина ушул жерде болсо да, башка өлкөдө болсо да Элнура билет деп жатышат. Элнура Кыргызстанда, Бишкекте жүрөт. Милиция аны такып сураса, Алинанын кайда экенин айтмак. Ал кыз Түркияда уурулук дагы кылыптыр, айтор күнөөсү көп".

Биз Бишкекте Элнура аттуу кыз жашайт деп айтылган дарекке барып, аны таба алган жокпуз. Паспорт боюнча катталган даректе андай кыз жашабай турганын айтышты. Айтмакчы, Элнуранын паспортунун көчүрмөсүн Алинанын туугандарына Мухаммед аттуу жаран жөнөткөн. "Азаттык" мындан ары да Элнуранын пикирин укканга даяр экенин кыстара кетмекчибиз.

Миграцияда жүрүп жоголгондор арбын

Алина Аскарбек кызынын туугандары дайынсыз жоголгондорду табууга жардам берген эл аралык "Кызыл жарым ай" коомуна кайрылган. Аталган коом кызды издөө иши купуя болгондуктан маалымат берген жок. Коомдун "Үй-бүлөлүк байланыштарды жандандыруу" программасынын координатору Салтанат Абдыжапарова соңку кезде миграцияга кетип, дайыны чыкпай кеткен учурлар көбөйгөнүн айтууда.

"Көп кишилер укугун билбейт. Биз дайынсыз жоголгон 117ден 76 кишинин үй-бүлөсүнө барып муктаждыгын аныктадык. Алар кимге кайрылышты билбегендиктен көз ачыктарга же формалдуу эмес жактарга барып, акчасын ошолорго коротот же жооп таба албайт. Азыр чынында кайрылгандар көп болуп жатат".

Түркиядагы мигрант аялдардын укуктук жана психологиялык абалдарына байланыштуу бир канча макалалардын автору, Дүзже университетинин доценти Эмел Жошкун Түркияга келген кыз-келиндердин басымдуусу ортомчуларга алданып каларын белгиледи.

Эмел Жошкун.
Эмел Жошкун.

​"Түркияга келген чет өлкөлүк кыз-келиндердин басымдуу бөлүгү ортомчуларга алданып же коркутуп-үркүтүүгө кабылып, сексуалдык ыдык көргөнү байкалат. Көбүнчө түрк тилин жана түрк коомун жакшы билбегенинен улам ушул көйгөй келип чыгат. Өзгөчө жаш кыздар жумуш таба албай же жардамга муктаж болгондо шылуундардын торуна түшүп калат. Виза мөөнөтү бүтүп мыйзамсыз Түркияда жашап жаткан чет өлкөлүк кыз-келиндерди дал ушул шылуундар коркутуп, ар түрдүү ишке түрткөнүн кабарлардан байма-бай көрүп келебиз".

Ал арада Түркияда алты кыргызстандык жаран жыныстык кулчулуктан куткарылганы маалым болду. Бул тууралуу 17-апрелде "Habertürk" сайты кабарлады. Макалада Түркиянын баш калаасы Анкарада 16-апрелде полиция 11 үйдө тинтүү жүргүзүп, алты кыргызстандык, төрт өзбекстандык жана үч казакстандык жаран жыныстык кулчулуктан куткарылганын жазды. Кармалган чет өлкөлүк кыз-келиндер Анкара шаардык миграциялык департаментине жөнөтүлдү.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 2017-жылы жарандардын кулчулукка кабылганына байланышкан 8-10 кылмыш иши катталат. Бирок эл аралык уюмдар элдин баары эле укук коргоо органдарына кайрылбай турганын эске салып, адам сатуунун курмандыктары мындан бир нече эсе көп болушу мүмкүндүгүн белгилеп келет.

Миграция кызматынын маалыматына караганда, 2017-жылы 175 адам кулчулуктан куткарылган. Көз каранды эмес укук коргоо уюмдарынын иликтөөлөрү боюнча, кулчулукка кабылган кыргызстандык жарандардын 70 пайызын мигранттар түзөт.

2018-жылы Түркияда 30 миңден ашык кыргызстандык жаран катталган. Алардын 9 миңден ашыгы гана эмгек визасы менен иштейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG