Линктер

шаршемби, 24-апрель, 2019 Бишкек убактысы 21:55

Түркияда жоголгон кыргыз жарандары


Түркияда жашаган кыргыздар уюштурган акциядан бир көрүнүш. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Кыргызстандагы Улуттук кызыл жарым ай коомунун маалыматына караганда, Түркияга иштегени кетип дайынсыз жоголгон кыргызстандыктар көбөйүүдө. Дайынсыз жоголгондорду издөө боюнча ыктыярчылар да демилге көтөрүп келишет.

Түркияга кетип, дайынсыз жоголгондорду ыктыярчылар да социалдык түйүндөр аркылуу издеп тапкан учурлар кездешет. Ошондой ыктыярчылардын бири – Эржан.

Ал төрт жылдан бери Стамбул шаарындагы текстил фабрикасынын экспорт бөлүмүндө Борбор Азиядан келген кардарлар менен иштешет. Азыр ал негизги ишинен тышкары өзү жакшы тааныган, дарексиз болуп жаткан кыргызстандык эки кыздын дайын-дарегин сүрүштүрүп жүрөт.

«Бул кыздар Түркияга жаңы келишкенде жакшы катышып жүрчүбүз. Өз карындаштарымдай көрүп, таламын талашып, колдоп турчумун. Жакшынакай жумуштары бар болчу. Стамбулдун чет-жакасында бир ашканада ашпоз болуп иштешчү. Анан эле телефондору өчүп, байланыш үзүлдү. Бир күнү ошолор иштеген кафеге барсам, «алар жумуштан чыгып кетти, кайда кеткенин билбейм» деп жооп берип коюшту. Эки айдан бери Орусиядан эжелери жазып, издебеген жери калбады. Ушундай дайынсыз кетип калган кыргыздар көбөйүп эле баратат», - деди Эржан.

Дайынсыз жоголгондорду издеген уюмдардын катарында Кызыл жарым ай коому бар. Салтанат Абдыжапарова Кыргызстандагы Улуттук кызыл жарым ай коомунун үй-бүлөлүк байланыштарды калыбына келтирүү долбоорун жетектейт. Ал Түркияда изделип жаткан кыргыздар көбөйүп жатканын баса белгиледи.

Негизинен миграцияга кеткен кыргыз кыз-келиндерди Кыргызстандагы туугандары Кызыл жарым ай коому аркылуу издешет.

Салтанат Абдыжапарова Түркиянын Кызыл жарым ай коомунун мүчөлөрү менен (ортодо).
Салтанат Абдыжапарова Түркиянын Кызыл жарым ай коомунун мүчөлөрү менен (ортодо).

Абдыжапарова бул өлкөгө келип, дайынсыз жоголгон кыргызстандыктарды Түркиянын Кызыл жарым ай коому менен бирге издеп табуу жаатында кызматташтык тууралуу меморандум даярдалып жатканын айтты:

«Түркияга миграцияга кетип үй-бүлөсү менен байланышка чыкпай калган кыргыздар бар. Биз Орусиядагы жана Казакстандагы мигранттар менен көп иш алып барабыз, бирок 2018-жылы Түркияга кеткен кыргызстандыктар боюнча көп арыз түштү. Мурун дайынсыз кеткендерди туугандары «Түркия аркылуу Сирияга өтүп кетишти» деп чочулап, ачык издегенден коркушчу. Азыр болсо Кызыл жарым ай коомунун кызматкерлери аркылуу ал жактагы лагерлерден да издеп тапканга мүмкүнчүлүк алдык».

Ошондой эле Түркияда ар түрдүү кырдаалда калган жарандарга колдоо көрсөткөн Кызыл жарым ай коому уюштурган коомдук борборлор бар. Түркиянын 16 ири шаарында жайгашкан бул борборлордон чет өлкөлүктөр да психологиялык, укуктук жана материалдык жардам ала алышат.

Түркиянын Кызыл жарым ай коомдук борборунун координатору Күбра Таштемир Дивлели ал жакта жоголгон айрым чет өлкөлүктөрдү издеп тапкан учурларга токтолду:

«Биз коомдук борборубузда негизинен төрт багытта иш алып барабыз: жардамга муктаж болгондорду коргоо, психологиялык колдоо, жашоо шартын жакшыртуу жана кайрадан үй-бүлөлөрү менен байланыштыруу. Биздин борборлорго чет өлкөлүктөр да келип колдоо ала алышат. Алар үчүн түрк тили курсу жана юридикалык колдоо да каралган. Айрым учурларда Түркияга миграцияга келип, бирок ар түрдүү жагдайлардан улам ишсиз, үйсүз калган жарандарга материалдык жардам да бергенбиз. Үй-бүлөлөрү менен байланыша албай, паспортторун жоготкондор же кулчулуктан жапа чеккендер да бизге кайрылган учурлар болгон».

Түркияда туруктуу жашоого уруксаты бар же эмгек визасы менен иштеген чет өлкөлүктөр кабарсыз кетсе өлкөнүн Ички иштер министрлигинин издөө бюросунун расмий сайтынан атайын жеке номер менен издесе болот. Кээде кокустан кырсыктап, ооруканада эс-учуна келбей жаткан же өлүкканада өздүгү аныкталбай, туугандары таба албай жаткан адамдар тууралуу социалдык тармактардан көрүүгө болот.

Түркияда 2018-жылы 787 миңден ашык чет өлкөлүк жаран расмий катталган. Алардын басымдуу бөлүгү - кара жумушта иштеген эмгек мигранттары. Түркияда дайынсыз кеткен чет өлкөлүктөрдүн саны боюнча так маалымат жок.

Расмий эсеп боюнча Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык бар. Алардын жети жарым миңдейи гана эмгек визасы менен иштейт. Көбү бир жылдык туристтик виза менен жүрөт. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG