Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Түркия: сойкулук торуна чалынган кыз-келиндер


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиялык серепчилердин айтымында, өлкөдө акыркы он жылда миңдеген кыз-келиндер сойкулукка мажбурланган. Булардын дээрлик баары Борбор Азиядан келгендер экени айтылат.

Түркиянын Миграция департаментинин маалыматы боюнча 2005-2017-жылдары Түркияда 1 222 чет өлкөлүк жаран кулчулуктан куткарылган.

Өлкөдөгү мамлекеттик эмес уюмдардын статистикасына ылайык, күн сайын аз дегенде бир аял кордук көрүп көз жумат.

Түркиядагы Дүзже университетинин социология бөлүмүнүн доценти Эмел Жошкун өлкөдөгү чет өлкөлүк аялдар туш болгон зордук-зомбулук темасын изилдеп келет. Ал негиздеген «Чек тааныбаган аялдар» платформасы Түркияда жыныстык кулчулукка кабылган кыз-келиндердин мүшкүлү тууралуу коомчулукту кабардар кылууну көздөйт.

Эмел Жошкун акыркы жылдары Түркияда чет өлкөлүк аялдарга карата агрессиянын себептерине токтолду:

Эмел Жошкун.
Эмел Жошкун.

- Бул өтө орчундуу маселенин себептерин бир жооп менен айтуу мен үчүн өтө оор. Анткени Түркиядагы миграция саясаты бул мүшкүлдүн эң маанилүү фактору деп ойлойм. Ар бир мигрант Түркияда эмгек визасы менен иштеши керек, бирок эмгек визасын алуу шарттарынын оордугу өзгөчө аял мигранттарды мыйзамсыз иштөөгө мажбур кылат. Алар тейлөө тармагы, жеңил өнөр жайы сыяктуу тармактарда аз маянага кайыл болуп иштешет. Мен илимий изилдөөлөрүмдө дал ушундай жерлерде иштеген мигрант аялдар менен сүйлөшүп, алардын көйгөйүн көрдүм. Дээрлик баары зордук-зомбулук көргөнүн айтышты. Буга коомдогу калыптанып калган стереотиптер эң башкы себеп. Анткени чет өлкөлүк аял Түркияда «даяр сойку» же «жеңил ойлуу аял» сыяктуу кабыл алынган туура эмес түшүнүк бар. Бул Борбор Азиядан келген кыз-келиндерге гана эмес, ар бир чет өлкөлүк кыз-келинге тийиштүү нерсе экенин сурамжылоодо көрө алдык.

Түркиянын Миграция департаментинин маалыматы боюнча 2005-2017-жылдары Түркияда 1 222 чет өлкөлүк жаран жыныстык кулчулуктан куткарылган.

Анталияда алданган Айсана куткарылды

Анталияда алданган Айсана куткарылды

Түркиянын Анталия шаарында мажбурлап сойкулук менен иштетип жаткан жерден качып чыккан. Ал мындай кырдаалга иш издеп барып, алданып калган.

12-февралда Стамбул шаардык ички иштер бөлүмү 35 чет өлкөлүк аялды сойкулуктан куткарганы жана алардын дээрлик баары Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары экени жазылган. Алар полицияга берген көрсөтмөлөрүндө социалдык медиадан таанышкан ортомчулардын «иш таап берем» деген куру сөзүнө ишенип келип, шылуундардын торуна түшүп калганын айтышкан.

Доцент Эмел Жошкун Түркиядагы жыныстык кулчулук жана киши сатуу маселелери боюнча мыйзамдын күчү чабал болуп жатканын баса белгиледи:

- Зордук-зомбулук көргөн чет өлкөлүк аялдар Түркияда кайсы жерге барып арызданарын билишпейт. Алардын мыйзамсыз, визасыз жүргөн абалы ошондо алардын көйгөйүнө кошул-ташыл болот. Буга мисал катары бир жыл мурун полиция кызматынын машинесинде зордукталган өзбек келиндин окуясын айтсак болот. Полиция өзү мыйзамды бузуп жатса, чет өлкөлүктөр кимге барып кайрылсын? Болбосо Түркия убагында аялдардын укуктары, мигранттардын укуктары боюнча бир канча эл аралык конвенциялар менен протоколдорго кол койгон. Бирок булардын баары кагаз жүзүндө гана калып кетип жатат.

Бир жыл мурун «Азаттык» Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында сот адилеттигин күтүп жаткан Мээрим аттуу келиндин окуясын жазган. Ал 2016-жылы таанышынын «жумуш таап берем» деген сөзүнө ишенип, Түркияга келгенден кийин зордукталган. Мээрим oшoл замат Анкаранын полициясына арыз жазып, зордук-зомбулук көргөнүн ырастаган дарыгерлeрдин бүтүмүн алган. Айыпталуучу түрк жараны камакта, бирок сот чечими чыкпагандыктан кыргыз келин Түркиядан чыга албай жүрөт. Мээрим чет өлкөдө калыстык издеп аргасыз Кыргызстандын президентине кайрылганы жатат.

- Түркияга келген же «келем» деген кыз-келиндерге айта турган бир канча ой-толгоолорум бар эле, - деди ал. - Өз башыман өткөн тагдырларды айткым келет. Чет жерде жергиликтүүлөргө үнүмдү жеткире албасам да Кыргызстандын президентине кайрылсамбы дегем. Анткени Түркияда калыстык издеп каккылабаган эшигим калбай калды. Балким менин жашоом кыргыз кыздарга сабак болобу дегеним.

Түркиянын Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренесине ылайык сойкулукка мажбурлаган жана ага колдоо көрсөткөн адамдар эки жылдан төрт жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок зордук-зомбулукка кабылган чет өлкөлүк кыз-келиндердин дээрлик баары полицияга арыз жазуудан коркот.

2017-жылы кыргызстандык Малика Ноотиеванын окуясы Түркияда чоң резонанс жараткан. Анталия шаарына бала багуучу болуп иштегени келген Малика 2016-жылы тааныш кызынын тилине кирип, каргашалуу окуяга кабылган. Түрк жараны М.Й. кызга зомбулук көрсөтүп, башка темир менен бир канча жолу чаап, жолдун жээгине таштап кеткен. Айыпталуучу М.Й. сотто күнөөсүн мойнуна албай жатат. Малика Ноотиева үч жолу башына оор операция жасалып, учурда Кыргызстанда соттун чечимин күтүп келет.

Адвокат Энис Зияли сотто Малика Ноотиеванын кызыкчылыгын коргойт. Ал Анталиядагы чет өлкөлүк кыз-келиндердин арасында алдамчылардын торуна түшкөндөр көбөйүп жатканын айтты:

Энис Зияли.
Энис Зияли.

- Анталия - Түркиянын мигранттар эң көп келген аймагы. Ушундан улам Анталияда чет өлкөлүктөрдүн кыйынчылыктары ого бетер көбөйдү. Негизинен сойкулук жана баңгизат мафияларынын торуна түшүп, ошолорго жем болуп жатышат. Өзгөчө Борбор Азиядан, Орусиядан келген кыз-келиндердин абалы өтө оор. Өз укуктарын, милдеттерин билишпейт. Андыктан алар дароо жергиликтүү кылмыштуу топтордун илмегине илинишет. Паспортун алып коюп коркутушат. Аз айлыкка иштетип, сойкулукка мажбурлашат. Айтаарым, бир чет өлкөлүк жаран тил билбесе да, паспортун алдырып койсо да, кыйноого кабылса, дароо коркпостон полиция кызматына же күч органдарына кайрылсын. Чет жерде кордолуп жүргөндөн көрө мыйзам чегинде аны бул жолго түрткөндөрдү жазалатсын демекчимин.

Түркияда 2018-жылы 787 миңден ашык чет өлкөлүк жаран расмий катталган. Алардын 383 миңи кыска мөөнөттүк туристтик виза менен иштеп калат. Алардын басымдуу бөлүгүн Борбор Азия өлкөлөрүнөн иштегени келген мигрант кыз-келиндер түзөт. 2018-жылы Түркияда 30 миңден ашык кыргызстандык жаран катталган. Алардын 9 миңден ашыгы гана эмгек визасы менен иштейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG