Линктер

жекшемби, 22-июль, 2018 Бишкек убактысы 04:43

Кийинки жылдары Түркия кыргызстандык эмгек мигранттары көп каттаган өлкөлөрдүн катарына кирди. Бул өлкөгө иштегени агылган кыргызстандык кыз-келиндер кандай даярдык менен барат жана аларды кандай кооптуу жагдайлар күтөт?

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында ал жакка барып иштөөнү каалагандардын узун кезегин күндө көрүүгө болот. Тиешелүү документтерди консулдук кызматка өткөрүп, виза алганы тургандардын көпчүлүгүн кыз-келиндер түзөт. Алардын бири - бишкектик студент Тахмина:

- Мен Түркиянын Измир шаарына барам. Чет өлкөгө кетишиме үй-бүлөлүк шарт себеп болду. Өзүм жалгыз эле баратам. Чынын айтсам, тилин билбейм, шарттары менен да тааныш эмесмин. Мен документ тапшырган агенттик "анын баары зарыл эмес" деген. Бирок ушул жакка келип коопсуздук маселесин ойлоно баштадым. Анткени буга чейин барган эжелер "алдамчыларга кабылып калбагыла" деп эскертип жатышат.

21 жаштагы Тахмина Түркияга "жайында эле иштеп келсем" деп кетип баратат. Аны жарнамалардагы ыңгайлуу шарттар, салыштырмалуу жакшы маяна кызыктырып жаткан экен.

Ал эми 23 жаштагы Айгерим курбулары менен эки жылдан бери Түркияга жайкысын барып иштеп жүрөт. Буга чейин каттап калган Айгерим чет жерде коопсуздук маселесин эч убакта көңүл сыртында калтырбаш керектигин айтты:

Өзүңө сак болушуң керек. Чакырган жакка барбай, ар кайсы жакта жүрбөшүң керек.

- Жыл сайын эле жайкысын ушинтип жөнөйбүз. Курбуларыма ишенем, ошондуктан коркунуч жок. Бирок башында барганда коркуп жүрдүм. Түрктөр сөзмөр, амалкөй келет. Жаш кыздарды алдап кетиши мүмкүн. Өзүңө сак болушуң керек. Чакырган жакка барбай, ар кайсы жакта жүрбөшүң керек.

Беш жылдан бери Бодрум шаарында ашпозчу болуп иштеген Бегайым элчиликке визасын узартканы келген. Ал Түркияга бараткан кыз-келиндерди адегенде ал жактын маданияты, ички эрежелери, мыйзамы жөнүндө толук маалымат алып, документтерин туура даярдоого чакырат:

- Жаштар такыр эле чыкпай койсо жакшы болмок. Бирок чыгып жаткандан кийин жок дегенде мыйзамдары менен таанышканы оң. Эгер сенин документтериң даяр эмес же визаң жок болсо - укугуңду коргой албайсың.

Түркияга барып келген кыз-келиндердин айтымында, иш издеп баргандардын баары эле дароо жумушка орношуп, жакшы айлык алып иштешине кепилдик жок. Арасында документин алдырып же алдамчылардын торуна түшкөндөр четтен чыгат.

- Алданган кыздар абдан көп. Аларды кыргыз аялдар эле алдап коюшат. Бир келиндин документин алып сатып жиберген учурлар болгон. Муну кыргыз аял эле кылганы аныкталган. Бирок, соттолдубу же жокпу белгисиз, - деди Бегайым аттуу мигрант келин.

Түркиядагы "Кыргыз аялдар коомунун" мүчөлөрү.
Түркиядагы "Кыргыз аялдар коомунун" мүчөлөрү.

Бул өлкөгө барган кыргызстандык мигрант кыз-келиндер негизинен үй кызматын кылып, дүкөндөрдө сатуучу болуп орношуп, кичинекей балдарды, кары-картаңдарды, оорулуу адамдарды багып иштешет.

Туристтер арбын каттачу Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенгендердин арасында өз укугу менен милдеттерин, ооруп калса жардамы тийчү медициналык камсыздандыруу жаатындагы көйгөйлүү маселелерин чечүүнүн жолун билгендер сейрек.

Расмий эсеп боюнча, Түркияда 20 миңге жакын кыргызстандык жаран окуп, иштеп жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү - жашы 20дан 55ке чейинки кыз-келиндер.

Перизат Асаналиева Түркияда "Кыргыз аялдар коомун" түптөп, мигрант кыз-келиндерге кеп-кеңеш берип жүрөт:

Перизат Асаналиева.
Перизат Асаналиева.

- Кыргызстандан Түркияга келген агым абдан көп. Келген мигранттын 80-90% аял кишилер. Көбү деңизди элестетип, кыялданып эле келип алат. Алар "дароо эле жумушка орношобуз" деп ойлойт. Бирок бул жакка келгенде жумушка орношоруна эч кандай кепилдик жок. Биздин коом жумушка орноштурууну акысы жок эле мойнуна алды. Тагыраагы - жумуш берүүчүлөр менен мигранттардын ортосунда көпүрө болдук. Бул жумуш берүүчүгө да, жумушка орношкон адамга да кепилдик болот.

Асаналиева мигранттардын жүгүн жеңилдетиш үчүн дем алыш күндөрү иштей турган тил курстарын ачкан. Анткени тил билбегендер документ толтурууга келгенде кыйналат.

Кайда жүрбө укугуңду коргой бил

Көп жылдар бою Түркиянын жергиликтүү бийлик органдарында кызматкер болуп эмгектенген укук коргоочу Кенан Хикмет Йозгатлы "кыз-келиндерге өз алдынча укугун коргогонго үйрөтөбүз" деди.

Кенан Хикмет Йозгатлы.
Кенан Хикмет Йозгатлы.

- Эң көп запкы көргөн мигранттардын арасында менимче жаштар көп. Кыргызстандан же болбосо Түркиядан алданып келип, айлыгын албай калгандар миңдеп саналат. Мындан улам биздин коомдо маалымат берүү, тил үйрөтүү, дарыгерлер менен жолуктуруу жөрөлгөсүн баштап отурабыз. Мен өмүр бою мэрияда иштеп келгендиктен жергиликтүү расмий органдарга Анталиядагы кыз-келиндердин маселесин туура, так тил менен түшүндүрүүнү өзүмө милдет кылдым. Балким эки-үч кыргызга жардам берсем, башкалары да угуп, билип өздөрүнүн укуктарын коргоп калаар деген ой.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына караганда, ушул тапта чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын расмий саны 800 миңден ашат. 640 миңдей адам Орусияда, 35 миңден ашыгы Казакстанда жана отуз миңге чукул адам Түркия ж.б мамлекеттерде иштейт.

Мигранттардын дээрлик 48-50% аялдар. Мекеменин бөлүм башчысы Улан Шамшиев чет жерге чыгып жаткан жарандар бара турган өлкө тууралуу толук маалымат алууга жана мекенинде калып жаткан балдары тууралуу тийиштүү органдарга билдирип коюууга милдеттүү экенин белгиледи:

- Биздин агенттик жер-жерлерде маалымат берет. Ар бир жаран мыйзам, бараткан өлкө тууралуу кабардар болушу керек. Эгерде баласын же үй-бүлөсүн бул жакка таштап жатса - ал тууралуу биздин агенттикке кабар бериши керек.

Түркиядагы өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматына ылайык, бул өлкөдө зордук-зомбулуктан күн сайын бир аял каза болот. Көпчүлүгү күйөөсүнөн, баласынан же эркек туугандарынан запкы көрөт. Алардын арасындагы мигрант болуп келген кыз-келиндер да бар. Түрк өкмөтү аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюш үчүн бир канча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, социалдык долбоорлорду иштеп чыгууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG